Москва сапарынын жыйынтыгы кандай болду?

Убактылуу өкмөт төрайымы Москвада бир канча мамлектеттердин башчылары менен жолугушту.

Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаеванын Москвадагы сапары тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев кеп салып берди.
- Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева Москвадагы сапары учурунда бир катар өлкө башчылары менен жолугушуптур. Ошол жолугушууларда кандай маселелер козголду?

- Белгилүү болгондой, Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева баштаган топ Москвада Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган салтанаттарга катышып кайттык. Мунун алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушуулар болду. Атап айтсак, Орусиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын, Монголиянын башчылары менен жолугушту.

-Роза Отунбаева ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын бейрасмий саммитине катыштыбы?

- Ал жыйынга Кыргызстандын ошол уюмдагы туруктуу өкүлү катышты. Бул бейрасмий саммитке уюмга мүчө бир канча өлкөлөрдүн башчылары да катышкан жок.

- Беларустун президенти А. Лукашенко катыштыбы бул жыйынга?

- Беларус президенти Александр Лукашенко Москвада Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган салтанатка гана катышып, ошол эле күнү кайтып кетти.

- ЖККУ жыйынында Кыргызстандагы апрель окуясында курман болгондорго көңүл айтылып, Убактылуу өкмөт тез арада легитимдүү болуш керектиги тууралуу сөз болгону айтылууда.

- Бейрасмий саммиттин жыйынтыгы азырынча расмий түрдө билдириле элек. Бирок жыйынга катышкан биздин туруктуу өкүлдүн айтымында, анда Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал боюнча да пикир алышуулар болгон. Мамлекет башчыларынын ортосунда апрель окуясынан кийинки Кыргызстанга кандай жардам берүү, өлкөнүн кайсы тармактарына колдоо көрсөтүү керектиги тууралуу да сөз болгон.

- Буга чейин Орусия тарап Кыргызстанга күйүүчү май жагынан жана акчалай жардамдарды беребиз дешти эле. Бул боюнча маселе козголдубу?

- Ооба, жолугушууларда бул маселе да козголду. Убактылуу өкмөт төрайымы менен Орусия президенти Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда Кыргызстанга 25 миң тонна күйүүчү май жана 2,5 мин тонна дан азык үрөнү кыска убакытта бериле турганы айтылды.

- Москвадагы кыргыз диаспорасы менен да жолугушуу болгон экен. Ал жактагы улутташтарыбыз Кыргызстандагы бийлик алмашууга кандай карап атышат?


- Москвадагы кыргыз диаспорасы менен кеңири жолугушуу болду. Орусиянын ар кайсы аймактарындагы кыргыздардын өкүлдөрү Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева баштаган топ менен жолугушуп, суроо-жооптор болду. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдер, эмгек мигранттарын каттоого, ишке орношуусуна байланышкан маселелер козголду. Ошондой эле Кыргызстандагы абал, Орусиядагы кыргыздардын Мекенине жардам көрсөтүүсү тууралуу да сөз болду.

- Маегиңизге рахмат.