Орусиядагы мигранттар кошумча тизме талап кылышты

Орусияда иштеген кыргызстандыктар да 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык көрүүдө. 3-октябрда Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги алдында мигранттар чогулуп, көпчүлүгү шайлоого катыша албай калышы мүмкүн экендиктерин айтышкан.
Москвадагы ири дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген Эльнура Кадырова шайлоо тууралуу көп деле маалыматка ээ болбогонун айтты.

- Паспортум азырынча жок. Паспортумду Пермь шаарына салып жибергем. Орусиянын атуулдугун алуу үчүн арызымды ошол шаарда карашат.

“Азаттык”: 10-октябрда парламенттик шайлоо болорун сиз тааныган мигранттар билишеби?

- Көбү билишет. Айтып эле жүрүшөт.

“Азаттык”: Жогорку Кеңешке кайсы партиялар ат салышып жатканын билесизби?

- Билбейм. Ким шайланат? Үгүт деле болгон жок.

Өзүн Бегайым деп тааныштырган сатуучу кыз паспорту болбогонун айтат.

- Москвада менин каттоом жок.

“Азаттык”: Сиз менен канча кыргызстандык иштейт?

- Кыргыздардан бул жерде 6-7 киши иштейбиз.

“Азаттык”: Шайлоо кайсы жерде өтөрүн билесизби?

- Добуш берүү үчүн паспорт керек. Менин паспортум жок. Бул жерде орустун фамилиясы менен иштеп жүрөм. Менин каттоом Кыргызстанда да, бул жакта да жок. Паспортум башка шаарда.

Мигранттардын саны так эмес

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев 3-октябрда элчиликтин алдына 150гө жакын мигрант чогулган деген маалыматты четке какты:

- Калп сөз. 20-30дай киши келип, кайра тарап кетти. Алар “Замандаш” партиясынын мүчөлөрү экен. Келгендер кошумча тизмеге уруксат берүү талабын коюшту. Бирок кечээ дем алыш күн эле, элчиликте эч ким жок болчу. Алар 5-10 мүнөт туруп, анан тарап кетишти.

“Азаттык”: Бул жакта жүргөн мигранттарга жетерлик бюллетень болобу?

- Бизде негизги тизме бекиген. Ошол тизмеге жараша бюллетень келди. Азыр жер-жерлерге таратылып атат. Түштүк Сахалинге дейре алып кетишүүдө. Хабаровск, Казанга алып кетишти. Шайлоо бекеттери Самара, Санкт-Петербург, кыскасы Орусиянын 15тей шаарында бар. Алдын ала бекиген негизги тизмеге ылайыктуу бюллетень келди. Борбордук шайлоо комиссиясы чектөө койгондон кийин кошумча тизме түзүү кыйын болууда. Бир чети мигранттардын нааразылыгына мен кошулам. Себеби бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк болбой атат.

“Азаттык”: Жакында эле Кыргызстандын Орусиядагы элчиси менен маектешкенде, ал Орусияда 600 миңдей мигрант бар экендигин айткан. Ошолордун бардыгы тизмеге кирдиби?

- Бизде миграциялык расмий тизме бар. Анда биздин элчиликке келип, катталгандар тизмеси менен иш кылабыз. Себеби ар кайсы жерде иштешет, өздөрүнүн жолу менен келет. Келип, кетип жаткандарды көзөмөлдөп турчу орган жок. Канча киши келип, кайра кетип атканын билбейбиз. Орусиянын миграциялык кызматынын 350 миңге жакын кыргызстандык бар деген маалыматы так эмес. Алар чек арадан бери өткөндөрдүн баарын эле тизмеге ала беришет. Балким ал кыргызстандыктар Москвадан ары Корея, же Түркияга учуп кетти. Миграция кызматы ичке кирген гана кишилерди тизмеге алат. Ал эми биз консулдук бөлүмдөрдүн алдында турган кыргызстандык жарандардын тизмесин билебиз. Чет элге чыкчу паспорттордо катталуу мөөрү басылбайт да. Анын үстүнө азыр бир жерге катталып коюп, бирок Орусиянын бардык жеринде жашап жүрө берсе болот. Каттоого турган жеринде жашашы керек деген беренени алып койбодубу.

“Азаттык”: Кайсы жерде катталбасын каалаган шаарда иштей берсе болобу?

- Мисалы, Москванын бир көчөсүндө катталып, бирок башка жеринде иштей берсе болот. Бул мыйзам бузууга жатпайт.

“Азаттык”: Орусиянын атуулдугун алгандар добуш бере алабы?

- Жок, бере албайт.