Бишкекте качкын макамын сурап жүргөн өзбекстандык жаран Санжар Худайбергенов уулу Сарварбек Эркинзода менен 30-июлдан бери дайынсыз жок.
HRW уюмунун билдиришинче, Худайбергеновдордун беш кишиден турган үй-бүлөсү БУУнун качкындар комиссарлыгынын Бишкек бөлүмүнө качкын макамын сурап 2008-жылдын 19-июлунда кайрылышкан. 30-июлда Санжар Худайбергенов уулу менен каттоо документин узартуу үчүн миграция боюнча комитетинде болгон. Ошол күндөн тарта алар дайынсыз жоголушкан:
- Биздин уюм Санжар Худайбергеновдун уулу менен жоголуп жатышына кабатырланууда. Аларды зордук менен Өзбекстанга алып кеткен болушу мүмкүн. Бизди ошол тынчсыздандырат,-деп билдирди HRW уюмунун Евразия жана Борбор Азия боюнча директору Хезер Конли.
Санжар Худайбергеновдун карындашы Дилобар 2005-жылы Өзбекстандан качып чыккан, учурда Европада баш паанекте жашап жүрөт. Санжар Худайбергенов соңку убактарда өзүнө карата белгисиз адамдар тарабынан коркутуп үркүтүүлөр болуп жаткандыгын карындашы Дилобарга телефон аркылуу билдирген. Дилобар аңдуу жана коркунуч тууралуу агасы БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын Бишкектеги кеңсесине жолдогон арызында жазганын тастыктады:
- Байкемдин артынан белгисиз адамдар үйүнө чейин аңдып жүрүшкөн. Алар анын үйүнө да барган. Артынан машина менен аңдыган күндөр да болгон. Байкем жазган арыздарында ал адамдардын кебете кешпиринен бери сүрөттөп берген. Ал гана эмес, ал бул боюнча кошуналардан да көрсөтмө алган болчу. Ага телефон аркылуу чалган адамдар кыргыз, өзбек жарандары экенин да айткан эле.
Худайбергенов боюнча маалымат алуу үчүн БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын Бишкектеги кеңсесине кайрылганыбызда, алар бул туурасында эч кандай маалымат бере албастыгын жана жеке иштер боюнча маалымат менен бөлүшүүгө укуктары жок экендигин айтышты. Ошондой эле миграция комитети да бул туурасында эч кандай маалымат жоктугун тастыктады.
Кыргызстандын ички иштер министрлиги буга чейин бул адамдын жоголушу боюнча аларга эч кандай арыз түшпөгөндүгүн билдирди:
- Бизде маалымат жок. Муну силерден угуп жатабыз. Интернет сайттарында жазылып жүрөт. Бирок бизде арыз жок. Бизге эч ким кайрылбаса, расмий маалымат жок болсо, биз кандай маалымат бермек элек, - деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү.
Акыйкатчы Турсунбек Акун жоголгон качкын тууралуу ага анын туугандары кайрылбагандыгын билдирип, бирок акыркы убактарда өзбек кызматтары тарабынан Кыргызстандын түштүк аймагында өз жарандарын кармап кеткен фактылар болгонун белгиледи:
- Алар бул жерде жүргөндөрдү кармап кетишет. Акыркы үч жылда 6-7 кишини кармап кетишкен. Мындай көрүнүштөр негизинен түштүктө болуп келген.
HRW уюмунун Евразия жана Борбор Азия боюнча директору Хезер Конлинин айтымында, мындай окуялар Кыргызстанда көп кайталанып жатат, уюм кыргыз өкмөтүн эл аралык нормаларды сактоого чакырууда:
- Биз өзбек качкындарынын күч менен Өзбекстанга кайтаруу тенденциясын байкоодобуз. Кыргызстанда бир нече мындай окуя болгон. Биз Кыргыз өкмөтүнө кайрылганы жатабыз. Кыргызстандан адам укуктары боюнча мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерди аткаруусун талап кылабыз.
БУУнун кыйноолор боюнча атайы баяндамачысынын отчетундагы маалыматка караганда, 1999-жылы Санжар Худайбергенов Ташкентте кармалып, өзбек атайы кызматтары андан бир тууганы Искендер Худайбергеновдун кайда экендигин билүүгө аракет кылышкан. Катуу кыйноолордон кийин ал ооруканага түшкөн. 2002-жылы Санжар Худайбергеновдун бир туууганы Искендер Худайбергенов Тажикистандан Өзбекстанга чыгарылып, катуу кыйноолорго тушугуп, ошол эле жылы ага терроризм жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө шек келтирди деген айып менен өлүм жазасына тартылган.