Т.Тургуналиев: “Жетекчини кызматтан алсам жакпайм да”

Сүрөттө: Топчубек Тургуналиев Элдик курултайда сөз сүйлөп жатат. 17-март, 2010-жыл

5-июлда Жогорку Кеңештин алдына алтымышка жакын адам чогулуп, нааразылык билдиришти. Алара Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Топчубек Тургуналиевди кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолорунго Топчубек Тургуналиев жооп узатты.
- Кечээ алтымышка чукул адам чогулуп, Жогорку Кеңештин алдына чыгышып, сизди кызматтан кетирүү талабын коюшту. Буга эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Топчубек Тургуналиев: Биринчиден, апрелдеги элдик ыңкылаптан кийин Кыргызстандын эң жогорку тепкичиндеги бийлик башчылары гана кызматтан кетишти. Ал эми орто жана төмөнкү чөйрөдөгү мурдагы Акаев, Бакиевдердин бийлигине түздөн түз жардам берип көмөктөшүп жүргөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү али тунжурап жатат.

Биз ушул күнгө чейин талкаланып келген табиятты коргоо, асыроо саясатын баштадык. Мына ушуга байланыштуу Ысык-Көл тараптагы коруктарды, улуттук парктарды, токой чарбаларын текшердик. Текшергенде кеткен кемчиликтердин баары чыкты.

Өткөн жумада коллегия бул маселени карап, күнөөлүү жетекчилердин бардыгын кызматтан алдык. Эң биринчи бул жерде Балыкчыга кирип бараткандагы биосфералык корук, ал жерде көз көрүнөө 34 чекти бурмалап, атайын өздөрү колу менен жасап алган. Андан башка өтүп аткан арабалардан он миң сом мамлекеттин казынасына түшө турган болсо, алар 7-8 миң деп 2-3 миңди биздин текшерүүчүлөр турганда да чөнтөктөрүнө салып кетип атпайбы.

- Демек сиздин агенттикти реформалоого болгон аракеттериңиз айрым адамдарга, сиздин кызматкерлерге же болбосо кызматтан бошогондорго жакпай калып, анын натыйжасында ушундай митинг уюштурушту деп ойлойсузбу?

Топчубек Тургуналиев: Туура айтасыз, аларды биз коллегиядан кызматтан алса анан Тургуналиев аларга жакпайт да. Мына Ак-Суу токой чарбасында элге таандык клубдун отурган конторасын бүт бардыгын жеке менчикке айландырган. Ал эми Түптө Күчүков деген жетекчиде ондогон техниканын дайыны жок. Ал эми бүтүндөй Ысык-Көл боюнча бардык чарбаларда ондогон, жүздөгөн заңгыраган карагайлар кыйылып кеткен.

Мурда Абдылдаев баш болгон башкармалыкта биримдик жок жамааттар эки үчкө бөлүнүп бири-бири менен чабышып деги эле Ысык-Көл боюнча 2-3 адам, анын ичинде Абдылдаев, Күчүков, ары жактан Ак-Суунун башчылары бири-бирине баш ийбестен өздөрүнчө хан катары жүргөн.

Бул жерде Бакиевдердин дасторконуна ондогон аркар, кулжа, кекиликтердин жана башка кереметтүү жаныбарларды алып келишкен. Андан башка Максим Бакиев Караколдун жанына лыжа базасын, мейманкана курган. Ушулардын бүт бардыгы түздөн түз Кыргызстандын Токой кодексине, демек мыйзамга каршы экендигин билип туруп ошолорго жардам, ал түгүл уруксат берген.

- Сиз буга чейин 1-майдан тарта агенттиктин кызматкерлеринин бардыгы кыргыз тилинде сүйлөйт, иш кагаздарынын баары кыргыз тилине өтөт деп оюңузду билдирдиңиз эле. Балким ушул да нааразычылыктын пайда болгонуна негиз болуп жаткандыр?

Топчубек Тургуналиев: Жок, ал жөнүндө сөз жок. Биз кыргыз тилине аз аздан өтө баштадык. Кыргыз тилин толук билбегендер үчүн кыргыз тили семинарларды, курстарды уюштура баштадык. Ошондуктан бул өзү аз аздан боло турган нерсе. Бул багыттан мен жетекчи катары эч качан тайбайм. Себеби эгерде Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө, улуттун улуу символу жөнүндө сиз менен биз, кыргыздар, өзүбүз ойлонбосок анда Айдан бирөө келип биздин мамлекеттик тилибизди өстүрүп береби? Ошондуктан бул өтө олуттуу маселе.