Баш прокуратура алдына пикетке чыккан укук коргоочулар июнь окуясы боюнча сот иштеринде жактоочулар коопсуздугун камсыздоону талап кылышты.
Акция жана талаптар
20-октябрда Бишкектеги бир катар укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жана жактоочулар түштүктөгү июнь коогалаңы боюнча соттук териштирүүлөрдүн учурунда кесиптештеринин коопсуздугун туруктуу камсыз кылууну мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү башкы органдан талап кылышты.
Акцияга катышкан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдырасулованын пикиринче, Базар-Коргондогу 13-июндагы окуя боюнча жергиликтүү укук коргоочу Азимжан Аскаров айыбы далилденбесе дагы үй-мүлкү мамлекет пайдасына чегерилип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми соттолуучунун кандуу калабага таптакыр тиешиси жоктугун тастыктачу күбөлөрдүн, айрыкча укук коргоочулардын коопсуздугу камсыз этилбегендиктен, алар сот жараяндарына бара алышкан эмес.
- Базар-Коргон окуясы, анын ичинде милиция майору Мыктыбек Сулаймановдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча соттун өкүмүн бүгүн дүйнөлүк коомчулук туура чечим катары кабылдабай жатат. Себеби мен күбөгө өтүп, көрсөтмө берейин десем, “Азиза Абдырасулованы көрсөк соо койбойбуз. Бул жерден тирүү кетпейт” деп айтышыптыр. Мен барсам, дагы жиндери кайнап, жаңжал ырбап кетпесин деген ниетте жараянга катышкан жокмун. Бирок менин жана ошо кездеги Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү өкүлү Исмаил Исаковдун көрсөтмөлөрүнөн кийин Азимжан Аскаровго карата калыс чечим кабыл алынышына өбөлгө жаралмак.
Иш-чарага катышкандарга Баш прокурордун орун басары Сумар Насиза жолугуп, алардын талабы жалпы жонунан туура экендигин белгилөө менен соттун жүрүшүндө айыпталуучулардын жана жактоочулардын коопсуздугу мындан ары толук камсыз кылына тургандыгын билдирди.
Бирок Баш прокурордун орун басарынын кебинен Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шек санап жаткандыгын жашырган жок.
- Ар бир жактоочуну кайтарабыз деп жатышат. Менин коргоомдогу жарандын кийинки соту 25-октябрда Таш-Көмүрдө уланат. Ошондо мунун чын-бышыгына ишенебиз го, - деп кепке аралашты Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов. - Анткени Ноокендеги мурунку сотто жактоочуларды кадимкидей коркутуп-үркүтүштү. Ошондуктан райсоттун өкүмүнөн кийин дароо Жогорку Сотко жана Баш прокуратурага кайрылдык. Алардын эшигин жыртып атып кезектеги жараянды Таш-Көмүргө жылдырттык. Бул ирет кандай болоорун билбейм. Канткен күндө да бардык тоскоолдуктарга чыдап, вазийпабызды аткарабыз.
Үзүлбөгөн үмүттөр
Ушул эле күнү Ошко белгиленген жактоочулардын нааразычылык акциясы болбой калды. Мунун себебин “Түштүк юристтери” бирикмесинин мүчөсү, карасуулук эки милициянын көзүн тазалоого катышкан деп айыпталып жаткан Мырзахит Салиевдин жактоочусу Таир Асанов алардын эл аралык уюмдарга кайрылуусунан кийин тартип нугуна түшкөндүгү менен байланыштырды:
- Пикетке чыкканыбыз жок. Анткени бизди милиция кызматкерлери жана аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери мурдагыга караганда катуу коргоп жатышат. Ошентип мындан ары дагы бийлик, айрыкча өкмөттүн өкүлү Азимбек Бекназаров түштүккө жасаган сапарында айткан убадаларын так аткарат го деген ишеничтемин.
Анткен менен кандуу калаба учурунда Нариман кыштагында барымтада калган кишилерди куткарам деп барып туткундалып, денеси өрттөлгөн Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Адылбек Султановдун жесири – жабырлануучу Гүлзада Султанова 13-14-октябрдагы соттук териштирүүлөрдүн маалында бир катар соттолуучулар жана алардын жактоочулары жабырлануучулар тарабынан токмоктолгон деген маалыматты четке какты:
- Догуруунун дагы чеги бар. Милициянын өзгөчө багыттагы отряды менен ички иштер кызматкерлери аларды эки-үч катар тизилип ороп отурушса, жактоочуларды ким урат? Эми алыстан тигилерди каргап-шилеген сөздөр айтылгандыр. Ачуу жана күйүт үстүндө мындай кептер чыкпай койбойт экен. Анын үстүнө айыпкерлердин жактоочулары чагымчыл мүнөздөгү жанды кашайткан суроолорду узатып жатышат. Ошон үчүн да залда отургандардын кыжыры кайнап, каны дүрбөп, темир тордогуларга жана алардын тарапкерлерине кичине опурулса опурулгандыр...
Президенттин атайын тапшырмасы менен түштүктө жүргөн вице-премьер-министр Азаимбек Бекназаров соттолуучулардын жана алардын жактоочуларынын коопсуздугуна байланышкан бардык маселелер жеринде чечилгендигин билдирди.
- Биз ошол соттук жараяндын бардык катышуучулары менен Жалал-Абадда да, Ошто да жолуктук. Орчундуу маселелер негизинен чечилди. Маселен, өмүрүнө коркунуч туулганын жактоочулар сот төрагаларына айтышпаптыр. Же болбосо милиция органдарына кайрылышпаптыр. Биз булардын бардыгын жөнгө салдык. Ушундай улам кандайдыр бир күчтөр жүрүп жаткан сот жараяндарын үзгүлтүккө учуратып, аны атайылап саясатташтырып, коомчулук арасында дагы саботаж жана чагымчылык уюштурабыз деген максаттары, мына бүгүн айкындалып отурат. Мындай арам ойлууларды аныктоо жана токтоосуз жазалоо үчүн укук коргоо органдарына катуу тапшырма бердик.
Буга чейин маалымдалгандай, июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жактоочуларына жабырлануучулар жана алардын туугандары соттун жүрүшүндө капысынан кол салышкан. Мисалы, 13-14-октябрда Ош шаарында соттук териштирүү маалында беш жактоочу, алардын айдоочусу жана үч айыпталуучу сабалып ооруканага жеткирилген. Бул жоруктарга карата жергиликтүү укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар, ошондой эле АКШ элчилиги кабатырлануусун билдирип, кыргыз бийлигинен чукул чара көрүүнү талап кылышкан.
Ушул эле күнү Ош шаардык прокуратурасы июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттарына кол көтөрүү факты боюнча эки кылмыш ишин козгогону кабарланды.