Ош облустук соту Ноокаттагы тополоң боюнча айыпталгандардын арызын канааттандырган жок. Былтыр Орозо айтта райондук борбордо тополоң чыгаргандыгы үчүн 32 адамды алдын 20, артын 9 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө райондук соттун өкүмү күчүндө калды.
Ноокат райондук соту 32 жаранды Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык тополоң уюштурган, конституциялык түзүлүшкө коркунуч туудуруп, төңкөрүш жасоого аракеттенген, жаш өспүрүмдөрду кылмышка аралаштырган, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана бийлик өкүлдөрүнө кол салган деп таап, айыпталуучулардын бирөөн 9, дагы бирөөн – 15, үчөөн – 18, төртөөнү – 16, алтоону – 19, жетөөнү – 17, онун 20 жылга эркинен ажыраткан эле.
17-январда түшкү маал Ош облустук сотунун төрагасы Каныбек Бөкөев Ноокат райондук сотунун жогорудагы өкүмү негизинен күчүндө калтыргандыгын жарыялады. Облустук сот 19 жаштагы Сардор Нуралиевдин кылмыш жасап жаткан маалда жашы жете элек болгондугуна негиздеп, анын жаза мөөнөтүн 18 жылдан 10 жылга түшүрдү,
Айыпталгандардын жактоочусу Нурдин Чыдыев райондук жана облустук соттордун өкүмүн талашып, эми Жогорку сотко кайрылышаарын маалымдады.
Камалгандардын бири Алмазбек Асановдун апасы Жибек бийликтен эми анык түңүлгөнүн белгилеп, соттолгондордун энелери мындан ары мөөнөтсүз нааразычылык акциясын башташаарын ачыктады.
Ош облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Карим Абдурашитов сот чечимин туура деп билдирди:
-Айыптоочу тарап соттун өкүмүнө канаттандык. Жаза эч кандай катаал эмес. Жасаган жоруктарына жараша мөөнөт чектелди. Себеби соттолгондор мамлекетке жана коомчулукка каршы өтө оор кылмышка барышкан.