Президент Курманбек Бакиев 25-августта башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Президент Курманбек Бакиев ийгиликтүү түрдө экинчи мөөнөткө шайланып алгандан бери олуттуу кадрдык реформалар болору, ал гана эмес күздүн келиши менен “Ак жол” партиясынын катары тазаланып, Жогорку Кеңеш да жаңыланып калышы мүмкүн экендиги айтыла баштаган.
Жогорку Кеңешке келсек, “Ак жол” партиясынын катарында кан жолдо мерт болгон белгилүү саясатчы, президенттин мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун адамдары бир топ экендиги, анын үстүнө булардын өз миссиясын аткарып бүткөнү, андыктан аны жаңыртуу пландалып жатканы айтылып келген.
Саясат талдоочулардын айтымында, “Ак жол” аттуу долбоорду так ошол Медет Садыркулов өзү катышып түзгөн. Андыктан, кырсыкка кабылгандан мурдараак М.Садыркуловдун оппозиция менен байланышканын, өзүнчө күч топтой баштаганын эске алып, шектүү жерлердин бардыгын жаңы реформанын негизинде тазалашат дешет.
Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, даярдалып жаткан реформалар, кадрдык алмашуулар тууралуу президентке өтө жакын гана адамдар билишет. “Президенттин администрациясынан тарта, министрлерге чейин мындан кабарлары жок”,- дейт ал:
- Президенттин аябай эле жакын кишилери ушунун бардыгын чечип атат. Кадрдык саясат, жана башкаларды. Анын администрация жетекчиси, андан башка бийлик бутактары, министрлер, И.Чудинов деле бул жакты көп билбейт. Бирок менин оюмча азыр мындан башка вариант жок.
Ошондой эле М.Сариевдин айтымында, азырынча кайсы чиновник кетип, кимиси каларын айтуу эртелик кылат. Бирок белгилүү нерсе, президент бийликке, жаш, билимдүү, жаңы кадрларды алып келүүгө мажбур. “Анткени батыш, дүйнөлүк уюмдардан каражат алуу үчүн айрым реформаларды жасоо керек болот”,- дейт ал:
- Падышаларды карап көргүлөчү. Сталин, Мао Цзедун сыяктуу авторитардык лидерлердин жанынан санаалаштары алыстап, башка жаштар келген. Ошол сыяктуу Бакиевдин жанына Нариман Түлеев, Өмүрбек Бабанов сыяктуу жаштар, менежерлер келе берсе, Бакиев өзүнчө эле чоң ата болуп калат. Жаңы келген жаштар өзүнүн кадрлары болуп калат. Ал эми аны менен бийликке келген революциячыл жолдоштору, санаалаштары жылыш керек. Антпесе туруктуу бийлик болбойт. Менин оюмча ушул вариант менен башкаруу аппаратын алмаштырат.
Божомолдорго ылайык, Бакиевдин бул жолку реформасында бир топ министр кызматынан кол жууп, бир тобу башка жумуштарга которулат. Саясий айдыңда жаңы фигуралардын пайда болушу да күтүлөт. Оппозицияда жүргөн Темир Сариевдин да чоң кызматка барары бышып калганы айтылууда. Андан тышкары премьер-министр баш болуп, Өзгөчө кырдаалдар министри, Билим берүү министри, Социалдык фонддун жетекчиси, УТРКнын башчысы сыяктуу бир катар жетекчилер алмашып калуусу ыктымал.
Ошондой эле бул жолку реформанын негизги өзөгүн, премьер-министрдин аппараты жоюлуп, К.Бакиевдин экономикалык блокту да толук өз колуна алуу аракети түзүп калышышы мүмкүн дешет. Мындай болгондо, мурдагы А.Акаевдин тушундагыдай кыйын-кезеңде премьер-министрди садага чаап кете берүү салты бузулуп, президент баарына жооп берип калат.
Ошентсе да саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиев бийлик олуттуу реформаларга бара аларына ишенбейт. Анын пикиринде, бүгүнкү бийликте өлкөнүн өнүгүшүн шарттай турган, олуттуу реформаларды жасай турган мыкты кадрлар жокко эсе:
- Ушул өзгөрүү дегендин эки жагын карап атам. Жанагы компьютерде айтып коет эмеспи, hardware жана software депчи. Hardware деген бул – анын темир-тезектери, структурасы да. Software деген бул – анын ичиндеги программалары да.
Анын сыңары менин оюмча, бийликтин структурасын өзгөртүп койсо болот. Ал оңой эле. Бир структурасын жоюп жиберип, башкаларын түзүп... Ал эми анын ичиндеги программа бөлүгүн жасаганга азыркы мамлекеттин кудурети жетпейт. Анткени ал жерде андай күчтүү кадрлар жок. Президенттин алдындагы катчылыкка ишенип атышат кээ бирлери. Ал катчылык толугу менен башкаларга көз каранды. Алар бизге кызмат кылбай турган эмелер.
Структуралык өзгөрүү боло берет. “Ак жолду” айдаш деле оңой. Парламентти толук айдап жиберсе болот. Ак үйдөгү кызматтардын жарымын кыскарт керек болсо. Бир системаны өзгөртүп, башкача, кооз аттарды коюп ал. Бирок андан эмне өзгөрөт эле? Эч нерсе өзгөрбөйт. Структуралык өзгөрүүнү элдер айтышы мүмкүн, “ой өзгөртүп атат” деп. А бирок анын ичиндеги программасы, “жаны” калып атпайбы. Аны өзгөртүш үчүн чыныгы адистер керек. Андайлар бизде тилекке каршы жок.
Президент Курманбек Бакиевдин 25-август күнү айткандары кантсе да көпчүлүк саясатчылардын шаштысын алып койду. Айрым саясатчылар “башкаруу системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү” деген сөздүн өзү азырынча табышмактуу болуп турганын айтышса, башкалары ири кадрдык алмашуулардан кеп козгошот. Ошентсе да алдыдагы өзгөрүүлөр бийликтин сырткы көрүнүшүнө гана таасирин тийгизип, табиятын өзгөртпөйт дешет.

Президенттин аябай эле жакын кишилери ушунун бардыгын чечип атат. Кадрдык саясат, жана башкаларды. Марс Сариев

Структуралык өзгөрүү боло берет. “Ак жолду” айдаш деле оңой. Бирок андан эмне өзгөрөт эле? Аскарбек Мамбеталиев