Сотторго жаңыча иштеген мезгил келдиби?

Соттор чыгарган чечим баарын эле канааттандыра бербейт.

12-ноябрда Бишкекте судьялар кезексиз курултайга чогулду. Анда Судьялар кеңешинин мүчөлөрү дайындалып, жаңы Баш мыйзамга ылайык соттор тууралуу мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы бекиди.
Судьялардын VIII курултайына президент Роза Отунбаева катышып, сөз сүйлөп, өлкөнүн сот системасындагы бир топ орчундуу маселелерди белгилеп өттү.

Буга чейин Судьялар кеңешинин сегиз мүчөсү бошоп кетип, жетөө эле калгандыктан аталган кеңеш иштебей келген. Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун маалымдашынча, бул кеңештин иши Убактылуу өкмөткө чейин эле, андан кийин да алты ай бою үзгүлтүккө учурап турду. Эми ишке киргени жатат:

- Мурдагы Соттордун кеңешине караганда азыркы Конституцияда буларга көбүрөк ыйгарым укуктар берилди. Эми бюджеттин түзүлүшүн, аткарышылын булар көзөмөлдөйт. Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттун судьялары булардын гана сунушу менен бошойт.
Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров Судьялар кеңеши эми соттордун жоопкерчилигин да көзөмөлгө аларын белгиледи:

- Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрү гана эмес, постсоветтик мамлекеттердин ичинде сотторду ушунчалык көз карандысыз кылып салганбыз. Жоопкерчилиги аз. Бирок бардык укукту берип, Конституцияга “Мыйзамга, Конституцияга, анан өзүнүн абийирине баш иет”, деп жазып койгонбуз. Соттор дайындаган жана бошоткон кишиге гана баш ийип калган. Ал – Ак үй. Бирок биз азыр Ак үйгө баш ийгенин тыйдык. Парламентке, Соттор кеңешине баш ийе турган кылып жатабыз. Парламенттик көзөмөл болот. Андан сырткары “Соттордун макамы тууралуу” мыйзамга булардын жоопкерчилигин конкреттүү түрдө көрсөтүп коелу деп жатабыз.

Соттордун жоопкерчилигине президент Роза Отунбаева да токтолду. Мамлекет башчы өлкөдөгү азыркыдай кырдаалга бийликтин баардык бутактары, анын ичинде соттор до жоопкерчиликти алышы керектигин белгиледи:

- Биз 7-апрелден кийин соттордун иши боюнча арыздарга көмүлүп калдык. Силер дайымкысындай эле “сот бирөөнү ыраазы, бирөөнү нааразы кылган система”, деп айтып, баарын ушул формула чечет деп кутулуп келесиңер. Бул баарын чечпейт. Судьялар адилеттүү, жоопкерчиликтүү болуш керек. Ушундан улам биз силерге олуттуу талаптарды коюп, олуттуу жоопкерчилик артып жатабыз.

Убактылуу өкмөт сотторго байланыштуу арыздардын негизинде атайын комиссия түзгөн. Ага Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген. Президент Р. Отунбаева бул комиссиянын иши соттор үчүн да, коом үчүн да татаал шартта иштегенин айтты. Натыйжада акыйкатсыз чечимди көп чыгарып, ишинен калпыстыктарды кетирген жергиликтүү сот органдарынан 35, ал эми Жогорку Соттун 10 судьясы кызматынан четтетилгенин эске салды:
Соттор дайындаган жана бошоткон кишиге гана баш ийип калган. Ал – Ак үй. Бирок биз азыр Ак үйгө баш ийгенин тыйдык.
Азимбек Бекназаров.


- Көптөгөн сот чечимдер ушунчалык акыйкатсыз, акылга сыйбагандай болгон. Эгер маңзат менен кармалса, судья аны шарттуу түрдө кескен. Адам өлтүргөндү актап жиберген. Зордуктоо үчүн айып пул төлөөнү чегерген. Кызматынан четтетилген судьялардын баарына бизде справкалар бар.

Кызматынан четтетилген судьялар өз кезегинде комиссиянын чечимине нааразылыктардын билдирген. Эми алардын кийинки кызматтык тагдыры биротоло жаңы куралган Жогорку Кеңеште чечилет.

Соттордун курултайында президент Роза Отунбаева июнь окуяларынан кийинки соттук териштирүүлөрдү өзгөчө жагдай катары белилеп өттү. Бул сот процесстерине өлкө ичинде эле эмес, сыртында да кылдаттык менен карап байкоо жүрүп жатканын, судьялар үчүн эң жоопкерчиликтүү, оор мезгил болуп жатканын айтты.

Бул сот процесстеринде коопсуздукту камсыз кылууда башында мүчүлүштүктөр болгонун, азыр тартип коргоо органдары бул жаатта күчөтүлгөн тартипте өткөнүн белгиледи. Улутуна карап соттолуп жатат деген дооматты четке какты.

Сотко бирөө ыраазы, башкасы нааразы

Президенттин маалымдашынча, Ош облусунда 143 адамдын үстүнөн 80 кылмыш иши козголду. 48 кылмыш иш боюнча айыптаган чечим чыкты, эки иш боюнча соттолуучулар акталды. Азыр дагы 30 иш каралып жатат.

Жалал-Абадда 113 кишинин үстүнөн 27 кылмыш иши ачылып, 12 иш боюнча соттун өкүмү чыкты.

Азимжан Аскаров
Бул өкүм облустагы укук коргоочу Азимжан Аскаровго да угузулду. Облусттук соттун А. Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечимди күчүндө калтырылышын айрым жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар айыптап чыгышты. Жалал-Абад облустук соттун төрагасы Рысбек Шүкүралиев “Азаттыкка” А. Аскаровдун күнөсү толук далилденгенин билдирди:

- Азимжан Аскаров боюнча укук коргоочулар саясий чечим чыкты деп айтып жатышат. Алар А. Аскаровдун сөзүнө гана ишенип жатышат. Өзбек күбөлөр деле "А. Аскаров катышкан" деп айтып жатат. Андан сырткары жабырлануучулардын баары анын күнөөсүн айтып жатышат. А. Аскаровдун оозунан чыккан сөздөргө милициялар күбө болгон. Эгер анын күнөөсү жок болсо сот мындай чечим чыгарбайт эле.

Азыр Кыргызстанда бирөөнү нааразы, бирөөнү ыраазы кылган сот процесстери тынбай жүрүп жатат. Эми 17-ноябрда апрель окуялары боюнча ири соттук териштирүү да башталат.