“Азаттыктын” Бишкек кеңсесине радионун угармандары 28-апрелде келип, соңку мезгилде “Азаттыктын” берүүлөрүн угууга дээрлик мүмкүн болбой калганына тынчсыздануусун билдиришти. Алар бийликтен “Азаттыктын” берүүлөрүн УТРК аркылуу обого чыгарууда тоскоолдук кылбоону талап кылаарын билдиришти.
“Азаттыктын угармандары” деген кыймыл түзүлгөнүнө эки гана жума болуптур. Анын негиздөөчүсү Өндүрүш Токтоназаров өлкөнүн ар аймагынан бул кыймылга мүчө болуу ниетин билдирип, кайрылып жаткандардын саны күн сайын өсүп жатканын айтты:
“Кыймыл түзүлгөндөн бери баш аягы 600 жакын адам мүчө катары катталды. Алтурсун алар менден радикалдуу кадамдарды талап кылып жатышат. Биз сизди колдойбуз. Массалык иш аракет болсо, массалык иш аракетке, ачкачылык болсо ачкачылыкка катышабыз деп жатышат. Мына ушундай демилгелер “Азаттык” үналгысы элдик радио болуп калганынан кабар берет”.
“Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине келгендер жалпы республикага УТРКнын 2-каналы, “Алмаз”, “Парламент” радиолору аркылуу Бишкекте берилип келген уктуруулар токтоп калганына тынчсыздануусун билдиришти.
Алардын бири - Бишкектик бейтапкананын дарыгери Нургүл Океева:
“Мен дайыма “Азаттыкты” укчумун. Менимче “Азатыктын” уктурулбай калышына бийлик күнөлүү. Бул бийликтегилер “Азаттыкты” уккандар таш көтөрүп алып, Ак үйдү көздөй жүгүрүп барат деп ойлошот окшойт. Андай кишилер укпайт. “Азаттыкты” баарын байкап жана талдап турган адамдар угушат”.
"Телегей" коомдук корунун жетекчиси Урийпа Сулайманова чындык кандай болгон күндө да элге жетип туруш керек деген оюн ортого салды.
“Эртең мененки саат жетиден тогузга чейин биз “Азаттыкты” угуп, биздин республикада, дүйнөдө болуп жаткан соңку окуяларды угуп турчубуз. Азыр болсо элдин баары эмне үчүн ачык маалымат тараткан радионун үнүн басып салат деп бийликке кыжыры келип жатат”.
Угармандар менен “Азаттык-Медиа” мекемесинин жетекчиси Кубат Оторбаев жолугуп, уктуруулардын токтоп калган себебин түшүндүрдү жана алдыга белгиленген айрым пландар менен бөлүштү.
“Азыр биз УТРКга тиешеси жок Бишкектеги жеке радио компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, 1-майдан тартып обого кайра үзгүлтүксүз чыгып турабыз деген үмүтүбүз бар”, - деди К.Оторбаев.
“Азаттыктын угармандары” кыймылынын башчысы Өндүрүш Токтоназаров кыймыл Бишкекте пикет өткөрүүнү көздөп жатканын, бул максатта 29-апрель күнү шаардык бийликке кайрыларын маалымдады.
Радио уктуруулардын УТРК аркылуу обого чыкпай калышына тынчсызданган угармандар “Азаттыкка” оозеки жана кат жүзүндө үзгүлтүксүз кайрылып келишет.
Улуттук телеканал (УТРК) 2008-жылдын октябрынан тарта бир тараптуу чечими менен “Азаттык үналгысынын” радио жана теле берүүлөрүн обого чыгарууну токтоткон. Былтыр декабрда гана УТРК жетекчилиги бул бир тараптуу кадамдын себеби тууралуу өзүнүн расмий түшүндүрмөсүн айта баштаган жана "Азаттыкты" оппозицияга көбүрөөк ыктады деп сынга алган.
Оппозиция өкүлдөрү болсо "Азаттыктын" УТРКдан чыкпай калышын өлкөдөгү эркин маалымат каражаттарына карата чабуулдун бир көрүнүшү катары баалап, былтыркы "Де Факто" жана "Алиби" эркин гезиттеринин чыкпай калышын эске салып келишет.
Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү болсо УТРК жетекчилигинин "Азаттыктын" берүүлөрүн токтоткон кадамында эч саясат жок жана бул - тек гана шериктердин келишим түзүү жана келишимди токтотуу укуктарына байланыштуу иш деп билдиришкен.
1953-жылы март айында пайдубалы түптөлгөн "Азаттык үналгысы" 1992-жылдан бери Кыргызстандын ичинде уктурулуп келет.
2005-жылдын 24-мартындагы Элдик ыңкылапка туптуура бир ай калганда, 24-февралда, Кыргыз өкмөтүнө таандык өндүрүштүк бирикме "Азаттыктын" орто толкун жана ультра кыска толкун аркылуу бүткүл өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн токтоткон.
Ыңкылаптан соң, КТР (азыркы УТРК) жетекчилиги "Азаттыктын" берүүлөрүн бүт өлкөгө уктура баштаган жана эки тараптуу үзүрдүү кызматташтыктын алкагында КТРдын бир катар кызматкерлери Прагада жана Бишкекте тажрыйба алмашып кайтышкан. "Азаттыкта" мурда иштеген айрым журналисттер УТРКга да чакырылган.
"Азаттык үналгысынын" жетекчилигинин айтымында, УТРК менен кызматташуу үчүн каалга дайыма ачык жана "Азаттык" мурдагы калыбынан жазбай, калыс, бейтарап мултимедиялык маалымат каражаты катары Кыргызстандагы кеңири аудиторияга кызмат кыла бермекчи.
Ушул тапта "Азаттыктын" берүүлөрүн "Алмаз", "Мост", "LW", "Салам" радиолору (соңку апталарда гана бул радио "Азаттыктын" берүүлөрүн техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу убактылуу токтотуп турат), сателлит (HotBird-8, AsiaSat) жана интернет аркылуу Кыргызстан аймагында угууга болот.