Ыңкылапчылар өздөрү эскергендей, ар райондон көтөрүлгөн козголоңчулар 2005-жылдын 21-мартында, Нооруз күнү Ош облустук бийлигин кайрадан басып алып, аймакта элдик бийлик орногондугун жарыя кылышкан.
Ыңкылапчылардын эскерүүсүнө караганда, 2005-жылдын 21-мартында Ош облустук жана шаардык бийлигинин жетекчилеринин катышуусунда Нооруз майрамы борбордук аянтта белгиленип жаткан.
Навои сейил багынан чубап, аларга жолдон кошулган 10 миңге чукул кишинин алды саат 11.00 ченде борбордук аянтка жетип, майрамды таңыркаган элди тарап кетүүгө чакырык таштаган. Ошол маалда, ыңкылапчылардын жолбашчыларынын баамында, губернатор Кубанычек Жолдошев жана мэр Сатыбалды Чырмашев байкатпай качканга үлгүрүшкөн.
Жаалданган жарандар дароо облустук акимчиликти карай чабуул жасаганда, имаратты курчаган жоокерлер, милиция кызматкерлери өз бетинче качып жоголушкан. Мурда макулдашылгандай, аларды эч ким артынан кууп, кармаганга аракеттенген эмес.
Аз өтпөй ыңкылап башчысы Дүйшөн Чотонов Ош облустук ички иштер башкармалыгы көтөрүлүшчүлөр тарапка өткөндүгүн жарыялаган:
-УВД бизге өттү деп айтты. Эгерде шаардын милициялары бизге өтсө элге баш ийсин. Жетекчилерин кууп чыксын. Телевизорго келип айтсын, биз бийликтин саясий заказдарын аткарбайбыз. Элге ок атпайбыз. Элди камабайбыз деп айтып Эл тарапка өтсө анда биз тийбейбиз.
Бир нече мүнөттөн кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы, полковник Эрмек Көчөров борбордук аянттагы трибунага көтөрүлүп, шаардын тартип сакчылары ыңкылапчылардын аракетин колдой тургандыгын билдирген:
-Ош шаарынын ички иштер башкармалыгындагы кесиптештердин атынан сиздеге жеткизип коёюн. Биз сиздер менен биргебиз. Кечээ Жалал-Абада дагы биздин Оштук балдар барганда дагы эч кимиси сиздерге кол тийгизген жок, ок аткан жок.
21- март күнү түшкө маал Ош облусундагы жана шаарындагы бардык бийлик ыңкылапчылардын колуна өткөн. Анвар Артыков элдик кеңештин төрагасы-губернатор, Кушбак Тезекбаев, Мирадил Бакашев орунбасарлык милдетин аткарууга киришкен. Ош шаарынын мэри вазийпасын аткаруу Мамасадык Бакировго жүктөлгөн.
Ошентип, аймак эли 2005-жылдын 24-мартына дейре Акаевсиз жаңы бийлик менен жашаган. Оштогу ыңкылаптын штаб башчысы Мырзабек Акматов "Ош облусунда бир адамдын мурду канаган эмес. Бир магазин тонолгон эмес",-дейт.
Ыңкылап жолбашчыларынын бири, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев санаалаштарынын мээнети кайтпай калгандыгына ичи ачышты.
-Жөн гана революция аты болду. Аны бир патхалимдер пайдаланып баягы эле Акаевдин убагындагы ичип-жеген, ойногон-күлгөндөр дагы эле жүрөт. Революция ишке ашты, бирок талаптар ишке ашкан жок.
Бирок айрым жарандар ыңкылап мүдөөлөрү жүзөгө ашпай калганына ишенбейт. Мисалы, Ош мамлекеттик университетине караштуу «Нур» гезитинин баш редактору Керим Калыкулов өлкөдө өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына токтолду.
-Россия менен алаканын бир топ жакшырганы, биздин мигранттарга жакшы таасирин тийгизип жатат. Андан сырткары мектептер курулуп атат. Эң негизги өсүш катары, эң негизги ийгилигибиз катары өндүрүштун жанданганы эмес, кичине тирилтип бутуна туруп келатканын ошол чоң өзгөрүү болду деп айтса болот.
Ойду улаган Ош облус губернатору Аалы Карашев Кыргызстан дүйнөлүк каржы кризисинен аман чыгаарына үмүттөнөт.
-Эми облуска финансылык дүйнөлүк кризис таасирин тийгизип атат деп айтуу бүгүнкү күндө эртерээк. Экинчиден, мына кредиттерин берип атат. Былтыркы жылкыга караганда көлөмү көбөйүп жатат. Антикризистик программа боюнча, биздин облустук мамлекеттик администрация, экономика жана соода министринин өкүлчүлүгү менен биргеликте сунуштарыбызды даярдап жатабыз, -дейт маектешибиз Аалы Карашев.