"Ата Мекен" партиясына Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда бийлик митинг өткөрүүгө уруксат бербей, ар түрдүү тоскоолдуктарды жасашууда.
«Ата Мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев облустун үч аймагында болжолдонгон нааразылык акциясын өткөрбөө аракеттери соңку күндөрү күчөгөндүгүн билдирди. Анын айтымында Ноокен жана Базар-Коргон райбийликтеринин көрсөтмөсү менен Кочкор-Ата шаар жана Акман айыл өкмөтү митингге уруксат берген жок.
Күтүлгөндөй прокурордук эскертүүлөр, соттун чечимдери болсо да, ал жерлерде нааразылык акциялары белгиленген күнү уюштурулат жана анда үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, президентти отстакага кетирүү, "Бакиевсиз шайлоо" деген талаптар коюлат. Сузак районунда митинг уюштурмак болгон партиянын өкүлүнө жергиликтүү милиционер куралы болушу мүмкүн деген шылтоо менен психологиялык-моралдык кысым жасаган.
- Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондорунун акимдери, Кочкор-Ата шаарынын мэри өзүлөрү баш болуп митинг уюштурууга катышып жаткан мүчөлөрүбүздү кайра-кайра чакырышып, ушул митингди өткөрбөй эле койбойсуңарбы деп, себепсиз негиздер менен мектепке жакын болуп калганына байланыштуу ал жерге өткөрүүгө уруксат бере албайбыз деп туура эмес аракеттерди жасап жатышат, -деди Асылбек Текебаев.
Уюмдун Кочкор-Атадагы координатору Канат Эрбаевдин белгилешинче шаар өкмөтүнө «Плаза» кафесинде акция өткөрүү маалымдамасы берилген. Бирок кызматка жаңы дайындалган шаар башчы «жогору жактан кысым болуп жатат» деп митингге макулдук берүүдөн баш тарткан.
Аталган шаардын башчысы Мисир Бердикулов акцияга уруксат бербеген жөнүн кафе «Ош-Бишкек» жолунун боюнда экендиги менен түшүндүрдү. Бердикуловдун белгилешинче маалымдамага мыйзамга ылайык жооп кайтарылды.
Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтү партиянын маалымдамасына 27-мартта спорттук мелдештерди өткөрөбүз деген жообу менен райондук стадиондо элдин чогулушуна каршы болгон. Партиянын облустагы теңтөрагасы Советалы Сеитбековдун ушундай кеби боюнча жергиликтүү бийлик президенттин «эл көйгөйүн уккула» деген талабына көңүл бурбай жатышат.
Район жетекчилиги «кайра-кайра мага адам жиберип, митинг өткөрбөө үчүн түрдүү амалдарды колдонууда. Аким менен бир нече жолу сүйлөшүүгө туура келди,- деп айтты Советалы Сеитбеков:
Райондун акими Турдумамат Сагындыков айыл-шаар бийликтерине «митинг өткөрүлбөсүн» деп көрсөтмө-буйрук берилгенин четке какты. Анын жообу боюнча митинг үчүн башка жай сунушталды. Ага өзү да катышаарын айткан акимдин пикири боюнча президентти алмаштыруу, Бакиевсиз шайлоо өткөрүү маселеси оппозицияга байланыштуу эмес:
- Ноокенде эки жерге өткөргөнгө кандай укугу бар, алар дагы ойлонуш керек. Маданият үйүнө өткөрүүгө уруксат берип атабыз. Бул боюнча жобо, мыйзам бар. Конституциянын негизинде иш болот. Мыйзам чегинде сүйлөшөбүз.