Жакшылыкка жанаш

Кыргыз гезиттеринин наркы орус гезиттериникинен эмне үчүн төмөн? Парламенттик башкаруу гана башаламандыкты токтотуп, өнүгүүгө жол салабы?..
“Пресс.Kg” гезити Бакыт Молдалиевдин “бийликти тааныгысы келбеген Мадумаров. Коалиция. Кыргызстан эркиндиги” деген макала менен бүгүнкү санын ачты.

Саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиевдин маеги “Тышкы саясатты парламент жүргүзбөйт” деген ат менен жарык көрдү. Орозбек мырза Жогорку Кеңештин саналуу күндөн кийин башталганы турган жыйыны тууралуу сөз кылды. Коалиция маселесине токтолду. Ал “Ата Журт” менен “Ар-Намыс” партиясынын биригүүсү убактылуу болушу мүмкүндүгүн, ал эми ортодо турган “Ата Мекен” кайсы тарабына кошулса да иштеп кетерин, эгер 4 партия бир коалицияга бириксе да эч кандай тоскоолдуктар болбой тургандыгын айтты.

-“Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” президенттик башкарууну алып келгенге мүмкүндүктөрү барбы?-деген суроого,

Орозбек Молдалиев: - Парламентке 60 пайыздан ашуун элдин добушун алган партия келсе анда башка кеп эле. Президенттик башкаруу деген бизге ылайык келбейт. “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” эки жолу тең кан төгүлүүгө, эки жолу тең башкаруудагы башаламандыкка салган президенттик башкарууну кайра алып келебиз деген – ишке ашпай турган маселе, - деп жооп берди.

Аналитик андан ары Куловдун президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтөм дегени да туура эместигин, 2020-жылга чейин Башмыйзамды өзгөртүүгө болбостугун баса белгилеп, парламенттик башкаруунун жакшы жактарына токтолгон. Бул багытта азчылыктардын да кызыкчылыгы эске алынарын, демек оппозиция болгон тарап бюджетти караганга, укуктук жөнгө салуу жагына, эсеп палатасы менен эсептешкенге укугу болорун, баягы Бакиевдин тушунда Адахан Мадумаров аз добушу бар партияларга микрофон бербей, галстугу жокторду сүйлөтпөй койгондой учурлар эми болбостугун, баарыдан мурда дүйнө артты көздөй эмес, алдыны көздөй өнүгүп атканын эстетти, СССР курамынан чыккан, Балтик боюндагы үч өлкө, жер шарындагы Индия, Пакистан, Монголия, Жапония, дүр өнүккөн Европа өлкөлөрү мына ушул парламенттик жолду бекеринен тандап албаганын мисалга тартып, буюрса бизде да бара-бара “түндүк-түштүк” деген дарт жоюлуп олтуруп, жок болуп кетерин түшүндүрдү.

“Айат” гезити “Кыргыз журналистикасы бүгүнкү күндө милдетин так аткарып жатабы?-деп суроо салды.

Журналист Жаныбек Жанызак: - Кыргыз журналисттери болгонун болгондой жазып калды. Ошону менен бирге биздикилер фактынын өзүн берүүдөн мурда өз оюн таңуулап: “Ташиев минтип айтты. Ал эмнеге минтип айтты?” деп жазып жибермейлери бар. Элге деген биринчи иретте “бул мындай болду, тигил жерде бул болду” деген так маалымат керек. Орустар бекеринен “Карышкырды тойгузган эки буту” деп айтпайт. Журналист деген факт үчүн чуркаш керек. “Дело №...” гезити 30 сомдон сатылат. Кыргыз гезиттеринин баасы андан эки эсе төмөн. Кыргыз журналисттеринин фактынын артынан чуркап, аны изилдеп, текшерип жазууга умтулбаган жалкоолугунун айынан орус гезиттеринен кыйла төмөн, - деп,

Саясат иликтөөчү Марс Сариев:
- Кыргыз тилдүү гезиттердеги аналитика өз милдетин толук аткара албайт. Себеби кыргыз аналитиктери жок. Бирок 10 жыл мурдагага караганда журналисттердин деңгээли өстү,-деп жооп берди.

“Аалам” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Бүтүндөр” бүк түштү” деген макаласын тартуулады.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы коомчулукта гана эмес, идеялык түгөйлөштөрү болгон “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” партияларынан да көзгө көрүнөрлүк колдоо таппаганын, анткени партия мыкчыгерлеринин бири, Курманбек Бакиевдин юстиция министри Марат Кайыпов “Бүтүндөр” парламентке өтпөй калса “бийликти алмаштырабыз” дегенге чейин барып, юрист Кайыпов мындай билдирүүсү менен Конституцияга каршы иш жасап, өз тарапкерлерин мыйзамга каршы мамлекеттик төңкөрүш жасоого үндөп, Мадумаровдун тынч митинг өткөрүү, шайлоодон утулуп калса уткандарды куттуктап колун сунуп, элди бүтүндүккө чакырмакчы болгон сөздөрүнүн кайырын чайыр кылганын белгилеген.

Автор: “Адахан Мадумаровдун күчүнүн баары тилине чыгып, сыртынан желпинген менен олуттуу социалдык-экономикалык проблемаларды тереңден талкууга алууга жарамсыз саясатчы экени эртеби-кечпи, акыры элге билинбей коймок эмес”, - деп жазды.

Бахтияр Шаматовдун маеги Россияда шайлоо өнөктүгү кандай өткөнүн өз көзү менен көрүп келген журналист Абдыжапар Нурдинов менен болду.

“Замандаш” партиясынан байкоочу болуп барган журналист Түштүк Сахалиндеги кыргыздардын арасында шайлоо качан болору тууралуу маалымат жоктугуна, ошондуктанбы, шайлоого 10-15 пайыздан ашпаган гана шайлоочу келгенине, бир эле мисал, чет жерде иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын айди картындагы “Кара-Суу” деген жазуу ортосуна сызыкча коюлуп жазылса, чет өлкөлүк паспортунда “Карасуу” деп чогуу жазылган фактылар болгонун, кагазга так орустар мындай документти көрөрү менен эле жини кайнап, ыргытып салып атканын, бул жактан документ берген кыргыз аткаминерлеринин сабатсыздыгына жаны кейигенин баяндап берген. Аны бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезитинен окуп алсаңыздар болот.

“Учур” гезити баяндамачы Сабыр Муканбетовдун “Үйүгүшмөй” деген макаласына окурман назарын бурду. Ал коалиция маселесине саресеп салып, кандай деген күндө дагы жаңы түзүлгөн өкмөт эң татаал сыноого кабыларын, алдыдагы көктөмдө айдап-себүү иштерин 26 млрд. сом бюджет тартыштыгы менен жүзөгө ашыруу оңойго турбастыгын, жаз алды менен коалиция ыдырап түшүшү мүмкүндүгүн божомолго алат. Муканбетов: “Азыр апрель төңкөрүшүнөн кийинки эйфория басаңдап, ишеним күн санап өчүп бараткандай. Бакиевдин көзүн тазалап, админстративдик ресурсту колдонбой, калыс, таза шайлоо өткөзөбүз деген Убактылуу өкмөт акча менен криминалитеттин ресурсуна кабылтып, баягы сатыла жүргөн элибиз дагы сатылып, бийлик суу жүрөктөнүп олтуруп, эми баарыбыз “эшегине жараша тушагы” абалга келип жеттик” деп жаны кашайды.

Автор муну менен бирге эле болуп өткөн шайлоодон жыйынтык чыгарууну, акчага сатып алмай жана криминалдык ресурстарды колдонмой жолоюуна каршы бөгөт коюуга чакырды.