Кыргыздын доору келдиби?

Астана шаарында түрк тилдүү элдердин Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий Курултайы өтүп, анда адамзаттын башына түшкөн кризистен чыгуунун жолу талкууга алынды.
“Жаңы агым” гезити Убактылуу өкмөттүн буйругун чымын чакканча көрбөгөн, түштүк борборунун “түшпөс ханы” атыккан Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов Бакиевдер качкандан кийин аларга таандык ишканаларды өзүнө дүңүнөн каттатып алган деген маалыматтар барын, ал эми Жаныш Бакиев болсо чет жакта жатып алып, мага таандык фирмалардан түшкөн пайданы бөлүшпөйсүңбү десе, Мелис “бобойт” деп баш чайкап, эми бул көрдүйнө талашына чекит коюу үчүн криминал аттанды дешет” деп;

“Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жакын арада ээрден шыпырылышы мүмкүн, эгер эркин гезиттердин ушинтип жазганына ишенсек анын ордуна Артур Медетбеков болуп калышы ажеп эмес” деп кабар таратты.

Журналист Нурканбек Керимбаев даярдаган беттеги макала “Монтерго айланган УКК, “баатырга” айланган Ташиев” деп аталса, Амантур аттуу автордун макаласы - “Наркың менен кары ФШК” деп аталат. ФШКасы- Феликс Шаршенбаевич Куловдун аты-жөнүнүн кыскартылгандагысы экен.

Назгүл Калмамбетованын макаласында түштүк коогалаңында үй-жайсыз калгандардын алгачкы кубанычы баяндалып, ал: “Бейиштин төрү мурдагыдан мыкты болот” деп аталат.

Кыргызстандын кантка болгон жылдык керектөөсү – 138 миң 300 тонна болсо, быйыл анын 15 пайызын гана өзүбүздө өндүрдүк.. Калган 85 пайызын сырттан ташыйбыз. “Жаңы агым” гезитинин кант маселесин козгогон макаласы “Чайга салар кантың жок, чайпаларга баркың жок” деген аталыш менен жарык көрдү.

Дагы бир макала “Өз элин карабаган өкмөт, дайыны чыкпаган ДНК” деп аталып, Ош окуясында жакындарынан ажырап, алардын же өлүү, же тирүү экенин билбей сыздап жүргөндөрдүн үнү баяндалган.

“Атамбаев премьер, Текебаев спикер, Бабанов коалиция лидери болобу?” деп суроо койгон “Форум” гезити Эртабылды Аттокуровдун коалиция тууралуу ой-пикирине орун берди.

Ушул эле гезит “Ар дайым акыйкаттык, чындык үчүн кармашып келген Аксы эли мурдагы күнү бакиевчилердин маал-маалы менен митинг кылып, Ала-Тоо аянтында адам аттыргандарды жактап жатканына каршы жаны кашайып чоң митиг өткөрдү. Митингде кандуу окуяларга тиешеси барларды сот жообуна тартууну, кыргыз элин бөлүп-жарууга чакырык таштагандарга катуу чараларды көрүүнү айтып, президент Роза Отунбаеванын саясатын колдой тургандыктарын билдиришти. Аксынын 5 айылынан чогулган митингчилердин саны 2 миңге жетти” деп жазды.

Ушул эле басылмага “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев маек куруп, жаңы өкмөт түзүлүп калса илгертен калыптанып калган түштүк-түндүк тең салмагы сакталышы зарылдыгын, өкмөттүк кызматтарга эл колдогон, тажырыйбасы чоң адамдар келиши керектигин белгилеген.

Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов маек куруп, чыгармачылык өнөр, артисттердин тагдыры тууралуу кеп кылды.

“Кыргыздын адамзатка үлгү көрсөтө турган доору келди” деген макала өткөн жумада Астана шаарында адамзаттын башын түшкөн кризисттен чыгуунун жолун талкуулаган Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий Курултай өткөнүнө, ага Кыргызстандан Д. Сарыгулов менен А. Усупбаев барып катышып келгенине арналган. Кыргызстандан барып катышкандар “Бүткүл адамзат Кыргыз улуту жаңы жол көрсөтө турганын күтүп отурат” деп жазган Казак академиги, Түрк элдер федерациясынын президенти Ерментай Султанмураттын сөзүн шилтеме кылып, мамлекетти башкаруунун ата-бабалардан калган жолуна кайра салуу сунушун айтып чыгышкан.

“Акылбек Сариев шайтандын эсин оодарды”. “Кыргыз руху” гезити ушундай аталыш менен жарыкка чыкты.

Генерал Исмаил Исаковдун маеги: “Кеңири коалицияда оппозициянын орду жоголот” деп аталат. Исаков мырза, эгер 5 партия биригип алып каалаганын жасай берүү туура эместигине, парламентте сөзсүз оппозициянын орду болушу керектигине коомчулуктун көңүлүн бурган.

Азамат Кудайбергенов Кыргызстандын азыркы кездеги ал-абалын талдоого алган. Автор минтип жазат: “Азыркы мамлекет башына келген бийлик мамлекетти башкарууга такыр эле жөндөмсүз болуп чыкты. Оштогу кандуу окуяда бийлик элдин коопсуздугун камсыздай алган жок. Калк өзүн өзү сактады. Бийлик күчтүү болсо ошол окуяны уюштургандар эмгиче кармалбайт беле?”

Талдоочу андан ары азыркы парламентке келе турган партиялардан эл жакшылыкты үмүт этпей деле койсо болорун, булар карапайым калктын жашоосун оңдомок тургай бешөө бири-бири менен тытышып жатып мөөнөтүнөн мурда жок болоруна божомол таштап, эгер ушул бойдон нааразылык акциялары токтобой, саясатчылар Кыргызстандын тагдырына кайдыгерлик менен карай берсе мамлекеттүүлүк жоголуп, биз АКШ, Россия, Кытай өңдүү дөө-шаалардын күлүн чыгарып, отун жагып, тезегин терип каларыбызды эскерткен.

“Кыргыз туусу” гезити кыш босогодо турганын эстетип, көмүр көйгөйүнө көңүл бурду. Буга улай эле Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин “Кышка камылга ойдогудай” деген ат менен отчету жарык көрдү. Министр мырза энергетика секторундагы тартыштык 200 млн. сомго дейре азайганын, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын бул мезгилине салыштырганда 6,6 млрд. кубга көп топтолгонуна, демек эл кышында жарык менен да, жылуулук менен да толук камсыз болорун ишендирген.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин сапар баянынын соңку макаласы сунушталды.

- Болгарлардын бизден айырмасы,-деп жазат кабарчы,- жалпыга маалымдоо каражаттарында сын макалалар жарык көрөрү менен ал боюнча өкмөттө дароо чечим кабыл алынгандыгында. Мисалы, мектептеги бүтүрүү экзамендериндеги башаламандыктарга жол берилгендиги тууралуу жеке менчик радиодон сын макала уктурулгандан кийин Болгариянын билим берүү министринин орун басары кызматынан кетирилген.

Аталган басылма булардан тышкары “Дубандардан эмне кеп?” деген рубрика алдында каттарды жарыя кылды. Алардын биринде таластык дыйкандарды Бажы чек ара кызматы жана МАИ кызматы биргелешип түзүп алган мафиялык топ тоноп келгенин, эмдиги жылы буйруса Баткендеги Айгүл-Таш-Согмент жолу бүтөрүн, ушул эле Баткендеги мектептерге 284 мугалим жетишпегенин, Жалал-Абаддагы “Нур” заводу кытайлык ишкерлер менен биргелешип калдыктарды иштетип атканын, маселен “баклашка” деп аталган бош желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетип, кийим тигүүчү синтетикалык жипке ылайыктап туруп Кытайга жөнөтүп туруучу өндүрүш ишке киргизилгенин, аталган завод жалаң эле калдыктар менен иштебестен айылдагы кык, чөп-чар, күбүлүп түшкөн жалбырактарды да кайра иштетип, биогаз чыгарып сата баштаганын, баасы кыйла арзан экенин маалымдады.