Убадалардын урандысы ...

Бүгүн “Дело №....”, "Лозунг" гезиттери жарык көрүп, анда шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу макалалар жарыяланды.
“Дело №....” гезити бул санында журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөн деп шектелгендер 6-октябрда Алматыда кармалганын, алардын бири УККнын оперативдик-техникалык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, уюшкан кылмыштуу топтун аталыгы Рыспек Акматбаевдин тамыры Алдаяр Исманкулов экенин маалымдаса;

“Лозунг” гезити түбөлүк төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров үзөнгүлөш саясатчы досторунан көңүлү үч көчкөн журттай калып, Аксыга эмес АКШга көчүп кетет экен деген имиш тарады деп кеп таштады.

“Лозунг” гезити баш макаласын “Жаназагабы же тойгобу?” деген аталыш аркылуу Алым Токтомушевдин “Жолбүгүнү” менен баштады. Болуп өткөн шайлоону талдоого алган автор шайлоо мынчалык таза өтөрүн ойломок тургай элестете албаганын белгилеп: “Албетте коомдук пикирдин басымдуу бөлүгү “Ата Мекен” тарапта болучу. Аны ачык да, жабык да колдоп турушкан. Лидерлери убактылуу өкмөткө кирер замат этегиндеги эл салып берген буудайды төгүп алышты. Текебаев эч кимди көзүнө илбей, Баш мыйзамды өзү каалагандай жазды эле” деп кеп кылды.

Токтомушев андан ары ушу тапта марага чыккан партиялар, маселен КСДП менен “Ата Мекен” биригүү алдында турганын, бул экөө буга дейре бучкагына теңебей жүргөн “Республика” партиясын бооруна тартаарын, эгер үчөө бириксе өлкө кудум Украинадагыдай президенттик-парламенттик башкарууга келерин, так ушундай болушуна Россия менен Казакстан да кызыкдар экендигин эстетти.

Журналист макаласын аяктап баратып: “Эми 2 жылда бюджетти баланча эсе көтөрүп, баланча эмгек акы, пенсия берем деген убаданы кимден сурайбыз? Атамбаевден же Бабановдон сурайлы десек, алар бизге баланча пайыз эле добуш берип койбодуңарбы дешет. Феликс Куловдон 2011-жылдын январынан баштап, ар бир жаңы төрөлгөн наристеге 100 миң сомдон берем, ал ар жыл сайын чогулуп олтуруп бала 18ге чыкканда 1 млн. сомго ээ болот дегениңиз кана десек, андан да жогорудагыдай эле жооп угарыбыз бышык” деп жазды.

“Лозунг” гезити майда кабарларында: “Ушул тапта Курманбек Бакиевдин саламаттыгы абдан начар экен. Ээрчите кеткен тогузторолук аялы балдары менен мекенине кайтыптыр дешет. Минскиге барганы Закиржандан балдары да, укалары да, кыскасы эч ким кабар алган эмес. Адеп барганда күн сайын телефон чалып, ал-абалын сурап турчу Лукашенко да азыр анын бар-жогун сурабай калыптыр” деп;

“Оксана Малеваная Бакиев режиминин баш идеологу эмес беле. Аны абактан бошоттуруп, өзүнө идеолог кылып алган Өмүрбек Текебаев эми тескери карап алып өкүрүп атат дешет. Жыйынтыгы бул – борбор шаардын бак-дарактарына байланган кызыл чүпүрөктөр, Өзбекстанга чейин чачтырган чакырык баракчалар” деп;

“Бакиевдин өлкөдөгү кардиналы Үсөн Сыдыков жаңы бийликтен “азаттык” алары менен жаңы партия түзгөнүн эл биле бербейт. Ал “Бүтүн Кыргызстан” деп аталат. Беш пайыз добуш алалбай калган партия түштүк элин козгоого добулбас кагып турган чагы. Тилекке каршы аны тик туруп колдогон коомчулук жок. Бирок “тактикалык схемаларын” Үсөн Сыдыков чийип берип атыптыр” деп маалымат таратты.

Аталган басылма ой-пикирлердин топтомун да сунуштады.

Мирослав Ниязов: Башка шайлоолорго караганда ишеним көрсөткөн шайлоо болду,-деп,

Эдил Байсалов: Шайлоо эң таза өттү. Тарыхыбызда мындай шайлоо болгон эмес,-деп,

Ахматбек Келдибеков: Биз келдик, ошон үчүн шайлоо таза өттү деп ойлойм,-деп,

Эрнис Кыязов: Биз шайлоодо көп добуш алган алдыңкы 10 партиянын ичиндеги партия экендигибизди түшүндүк. Элдин назары “Мекен ынтымагы” партиясына түшүп калды. Биз үчүн мына ошол маанилүү. Биз саясый күрөштү уланта беребиз,-деп жооп берди.

Гезит кабарчысы Келдибек Назировдун “Шайлоонун кермек даамы”, “Орун алмашуудан... жеп-ичүү өзгөрбөйт”, “Кыргызстан геосаясый оюнчук кейпинде” аттуу макалаларын да ушул сандан окуй аласыздар.

“Дело №...” гезити, саясый серепчилердин ой-пикирлери менен жаңы санын ачты. Маселен дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликов шайлоодо Кыргызстандын эли парламенттик башкаруу системасы үчүн эмес, күчтүү бийлик үчүн бергенин, ошондуктан “Ата Журт” менен “Ар-намыс” партиялары өтүп келгенин, эл буга чейин убактылуу бийликтин алсыздыгы менен демократтардын кургак чечендигинен тажаганын, эми анын ою боюнча “Ата Журт” менен “Ар-намыс” биригип бир коалиция түзсө, КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” биригип бир коалиция түзөрүн айтат.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде “Ата Журттун” алдыга озуп чыгышы менен эле каалагандай өкмөт түзүлө калбайт. Баары түзүлө турган коалицияларга көз каранды болот. Мунун түркүн жолдору бар. Реалдуу деп эсептесек, КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары бир топко, ал эми “Ата Журт” менен “Ар-намыс” экинчи топко биригиши мүмкүн.

Дагы бир саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин оюнча жаңы парламентте түштүк жана түндүк коалициясы түзүлөт. Россия менен Казакстан Кыргызстандын мурдагыдай эле президенттик башкарууга өтүшүн каалаганы парламенттик республика идеясынын авторунун шайлоо жарышында эң арткы орунду алышынан көрүндү. Эми АКШнын сенаты сыяктуу түштүк жана түндүк коалиция түзүлөт. Кыскасы, Жогорку Кеңеште спикер, фискалдык жана күч органдарына кимдер дайындалат, ошондон кийин саясат кандай болорун айтууга болот деп айтты.

Ушул эле “Дело №...” дагы бир кабарында өкмөт башчысы “Ата Журттан” болорун, ал эми 1-вице-премьер-министр менен вице-премьер-министрлер болуп Феликс Кулов менен Өмүрбек Бабанов дайындалышы ыктымалдыгын, бирок Феликс Кулов спикер да болуп калышы мүмкүндүгүн айтуу менен бул шайлоонун эң башкы жыйынтыгы – буга чейинки көчө-көчө ызы-чуу, митингдердин баары эми парламенттин ичине кирип жакшы болгонун кошумчалады.

Гезит андан ары депутат боло тургандардын аты-жөнүн жарыялады.

“Эмне үчүн чекисттер Бакиевдер Казакстан аркылуу 700 миң долларды кайсыл партия үчүн алып келатканын айтышкан жок” деген суроолуу макала тартуулап, бул эмне болгон сенсация эле, же атайылап эле шайлоо алдындагы “кара шыбак” беле деп, айтор бул окуя эми курулай популизм жыттанган бойдон кала берет окшойт, анткени кечээ күнү муну айткандар эми жакын арада ошондогу ээлеп турган кызматтарында отурбай калышы да мүмкүн экендигин эскертти.

“Жылдын өтө эле олуттуу делген кылмыш иштери” деген ат менен “Дело №....” жумалыгы бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп күнөөлөнүп, абакта жаткан Урмат Барктабасов жана аны менен кошо камалгандар тууралуу баяндады.

“Эмираттардан Кыргызстанга учуп түшкөн, качан болбосун бул жолун Кудай оңдобогон саясатчы республикага миллиард доллар алып келем деп убада берип жибергенин, кимдир бирөөлөр буга чындап эле ишенип алганын, анан Барктабасов камалары менен ага адегенде кызыгып аткан Казакстандын кийинчерээк супсуну сууй түшкөнүн кеп кылды. “Астана Энергосервис” компаниясына байланыштуу Урмат Барктабасовго Казакстандын Башкы прокуротурасы кылмыш ишин козгоп, издөөгө алган эле. Эми мына ошол эски жараны козгогон “Дело №...” гезити: “сыягы бул иш парламент ишке киришкенден кийин каралат болуш керек” деген ойду окурмандарга таштады.

Буга улай “Михаил Надель Израилден баш калканч издеп жатат” деген макаласын тартуулап, ушу кезде Надель жан досу Максим Бакиев менен Лондондо жашап жатканын шардана кылды.