Эл экенибиз эки күндөн кийин билинет

Гезиттер соңуна чыгып бараткан үгүт өнөктүгү, өлкөдөгү кырдаал тууралуу сөз кылышууда.
"Форум" гезитинин суроолоруна жооп берген саясат талдоочу Марс Сариев, шайлоого саналуу күн калса да биринчи ким болору бүдөмүк болуп атканы таң калтырып турганын, азыр жарыштын соңу кандай бүтөрүн эч ким айталбастыгын, бир жагынан демократиялык мамлекет куруу мүмкүнчүлүгү пайда болсо, бир жагынан мамлекеттик ыдыроо же таптакыр жок болуу коркунучу тооруп турганына бушайман болгон.

Марс Сариев андан ары айрым эксперттердин ою боюнча, партиялар түштүктө, шайлоочуларды программасы менен эмес, жердешчилик сезим менен өздөрүнө тартып атканын, Кыргызстандын жиктелишине алып келе турган бул көрүнүштөр жарышта алдыда бараткан “Ата Мекен” жана КСДП партияларынын добушун тартып алууну көздөп жатканын, эгер жакынкы күндөрү сырткы күчтөр көкүткөн партиялар калайман нааразылык акцияларын баштаарын жар сала турган болсо, анда биз арты өтө трагедиялуу “югославиялык” сценарий иштеп жатканына күбө болобуз.. Мындай кырдаалда кыргызстандыктар чагымчыл иштерге алдырбастан, сабырдуу болууга тийиш” деп айтты.

“Кыргыз руху” гезити: “29 партиянын лидерлери кыргыздын эле 29 баласы, 29 бир тууган. Ошол бир туугандардын бүгүн бийлик үчүн бири-бирин талкалаганы туура эмес. Өз күчтөрүн сынап көрсүн. Бирөөнү ак, бирөөнү көк дебейли. Күчкө каршы күч, митингге каршы антимтинг, бакиевчилерге каршы шейит кеткендердин туугандары деп бир кыргызды бир кыргызга каршы койсок, андан кыргыз гана утулат. Дал ушундан пайдаланып, сырттан байкап турган күчтөр эки элди кырылыштырып жиберерин жакында эл башыбыздан өткөрдүк го. Эки кыргыз, сен Текебаев, сен Ташиев болуп каршылашканды токтотолу, ич күптүлөрү болсо сотто чечип алышсын, ал эми аларды жактагандар өз сөзүн бюллетень менен билдирсин. 10-октябрь ар кандай көз караштагы адамдардын бир максатка- элге кызмат кылуу максатына чогуу аттанган адилет жарыштын күнү болуп калсын деп тилек кылалы” деп жазды.

“Агым” гезити Боршайкомдун төрагасы Акылбек Сариевдин “Административдик ресурс жок же бар деп айталбайм” деген маегине орун берди.

“Ак үйгө кулак кагыш” деген рубриканын алдында жарыяланган кайрылуу президент Роза Отунбаевага багышталып, Элдик Курултай институтун түзүү туурасында кеп болот.

Журналист Мелис Совет уулунун макаласы “Дордойдун доору бүттүбү?” деп аталып, кезинде 60 миңге жакын ири ишкерлер иштеген чоң базар бүгүн 50 пайызга кыскарып, товар жүгүртүүнүн көлөмү 70 пайызга төмөндөгөнүн, кокус Кыргызстан бажы союзуна кирсе базар менен жанын баккан 90 миң адам ишсиз каларын кеп кылды.

“Кыргыз туусу”
гезити Мударис Кусейин Исаевдин “Эми жаңылсак тарых кечирбейт” аттуу макаласынын корутунду бөлүгүн окурмандардын ой элегине салды.

Белгилүү окумуштуу К. Исаев мамлекеттүүлүк, мекенчилдик деген сөздөрдүн маани-маңызын талдоого алуу менен: “Кыргызстандыктар дагы бир жолу жаңылсак, кыргыз элин экинчи жолу тарых кечирбейт, кыргыз тентийт, мамлекет тарап жок болот! Ар бирибиз – улутубузга, этносубузга, жынысыбызга, кесибибизге, жашаган жана иштеген жерибизге карабастан, азыркы мамлекеттин, коомдун турпатын, максатын түп-тамырынан бери кайра курууга жан-дилибиз менен аракеттенели. Баары биздин колубузда” деп чакырык таштады.

Аталган басылма булардан тышкары тарых илимдеринин кандидаты Күлбүбү Бектемированын “Кыргыз жеринин кыздары” деген китеби орус тилинде жарык көргөнүн сүйүнчүлөдү.