Гезиттер эмне дейт?
“Пресс. Kg” гезити “Кыргызстандын ички саясатына тышкы күчтөрдүн кийлигишип жатышына кандай көз караштасыз?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.
Коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков: - 28-сентябрь күнү кечкисин Россиянын НТВ телеканалынан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кастык жана жүзүкаралык менен каралаган көрсөтүүнү беришти. Компьютерден жасалгаланган жалган айыптоо экендиги көрүнүп калды. Бул берүүнү Европадагы бюрократиялык авторитаризмдин жалгыз үлгүсү катары калган азыркы Россиянын бүгүнкү чыныгы жүзү кандай экендигин даана чагылдырып турган акция катары бааласа болот.
Постсоветтик аймактагы бардык саясый элиталар биздеги конститутциялык реформанын эң башкы авторлорунун бири Ө. Текебаев экендигин эң сонун билишет. Бул пастык, уятсыздык менен өч алуу. Лужковду Россиянын массалык маалымат каражаттары Кремлдин айдактаган иттеринен бетер кантип жулмалаганын көрдүк. Өздөрүнүн Лужковун аябагандар, биздин Текебаевди аямак беле? Муну Кремлдин Кыргызстандын ички иштерине одоно түрдө кийлигишкендиги деп эсептейбиз,- деп,
Академик Жамин Акималиев: - Эмне үчүн Россия айтты, Америка айтты деп эле ошол жакты карай беришибиз керек? Биздин парламенттик башкаруу системасына өтүп жатканыбызды башка өлкөлөр көрө албай жатат. 20 жыл ичинде көрдүк го эки президенттин кылган кылыктарын. Аягы кан төгүлүү менен бүттү. Россия бир чети көрө албай, бир чети коркуп турат. Анткени бул башкаруу системасы Россиянын өзүнө тарап кетиши мүмкүн,-деп,
Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: - Өзүн лидермин дегендер чет мамлекетке барып – келип жатышат. Бакиев дагы барып Каркыраны сатып келген. Жадагалса криминалдык мафия киришүүдө,-деп,
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев: - Биздин ички саясатка кийлигишип, парламенттик системага каршы чыгып аткандар өздөрүнөн коркуп жатышат. Ал эми Текебаевди каралагысы келгендердин кимдин заказы менен жасап жатканы элге белгилүү. Муну учурунда Максим Бакиев чыгарбады беле. Дагы эле Максимдин куйруктары ар кандай ыкмаларды колдонуп, жеген акчаларды чачып, түрдүү амалдарды ойлоп чыгарууда,-деп,
Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: - “Жамандын коногу бийлейт, жардынын бойдогу бийлейт” деген элибизде жакшы сөз бар. Анын сыңарындай “Ата Мекен” партиясынын лидерине карата Россияда андай-мындай деп атыптыр деп, түрдүү пикирлерди жарата берүү акылга сыйбаган иш. Текебаевди кыргыз эли жакшы билет. 19 жылдан бери авторитардык бийликке каршы туруп, керек болсо Бакиевге каршы сүйлөп туруп спикерликтен баса бергенин жумурай журт көрүп турган. Анан “Россия айтты” деп эле эл өз оюнан ооп кетмек беле. Кыргыз мындайларды “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп койгон. Ансыз да 20 жылдан бери өлкөнү башкара албаган ыймансыз жетекчилер Кыргызстанды сазга тыгып салып, качып кете беришти. Андыктан ар кимдин оозун карай бербей, өз саясатыбызды өзүбүз жүргүзгөнүбүз оң,- деп жооп берди.
Ушул эле гезит бул санына саясый партиялардын үгүт макалаларына орун берилди.
17 киши кол койгон кайрылуу: “Шайлоо алдындагы үгүттөө өнөктүгүнүн иштерине чет өлкөлүк ММКлардын кийлигишүүсү боюнча Кыргызстандык жарандардын арызы” деп аталат.
Мамслекеттик цирктеги жатакана талашы Азамат Камчыбек уулунун “Сырга айланган жатакана чырга айланганда” деген макаласында кеп болот.
“Аалам” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Кендирди кескен жасакерлик” деген макаласын тартуулады. Автор өткөн бийликтин эки жетекчиси, алардын “өмүрүн” узарткан Чолпон Баекованын “Конституциялык фирмасы”, бул таанымал айымдын бет тырмарлыгы, эки жүздүүлүгү жөнүндө сөз кылат. Үсөн Касыбеков Башкы прокуратуранын аталган соттун ишмердиги боюнча кылмыш ишин козгогонун олуттуу кадам катары баалап, “эгер бул кадам эски адат боюнча “басты-басты” кылынып, унутулуп кетпесе, иш аягына чыгарыла турган болсо, өлкөнүн сот системасындагы коррупцияланган, жогору жактын көзүн карап иш кылган кошоматчы судьялар үчүн ачуу сабак болуп кала тургандай кудуретке ээ” деп белгиледи.
“Сүйлөсө сөзгө чечен, тили шап канжардай өткүр, Борбор Азия чөлкөмү гана эмес, Чыгыш-Батыш кыйырына таанымал, дасыккан сяасат чебери катары даңкы жайылган Өмүкеңдей уулду башка эл, маселен өзбек же тажик туугандар болсо төбөсүнө гана көтөрүп жүрөр эле, бирок атаганат, пайгамбар өз элинде пайгамбар эмес дегендей, бир четинен ынтымагы ыдырап, майдаланып, ичи тарлыкка ыктап бараткан кыргыздын көр албастары бул жигитти да жөн койбой шыбап эле келатат, шыбап эле келатат, Өмүрбек чыдап эле келатат, чыдап эле келатат. Кыйынмын дегендер бир жерине күч келгенде башка мамлекеттерге кире качып кетсе, Өмүрбекке Кыргызстандан башка кымбат жер жок, кыргыздан башка кымбат эл жок”, - деп жазды “Аалам” гезити Өмүрбек Текебаев жөнүндөгү макаласында.
“Айат” гезити шайлоого 10 күн калганын эстетип, жаңы санын КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин маеги менен ачты. Гезит ошондой эле бул санына 7 саясый партиянын үгүт иштерине байланышкан макалаларды, маектерди, жолугушуулардан тартылган фотобаяндарды сунуш кылды.
Гезит аялдардын тагдыр-ташын талдоого алган макаласын “Аялды ашынан, баланы ишинен тааны” деп атаган. Толкун Курманова аттуу айым мугалимдердин азыркы учурдагы абалын сөзгө алган. Алардын айлыгы менен кадыр-баркын көтөрүү маселесин койгон. Айнура Өмүралиева аттуу айым учурда 18-19 жаштагы көчөт кыздар акчалуу эркектердин “жемине” айланып, экинчи, үчүнчү аялы болуп, токолдукка кетип жатканын, кырчындай кыргыз кыздары денесин сатып көчө бойлоп басып калганын, демек нарктуу кыргыз элинин эзелки Эне тарбиясын, Ата тарбиясын кайрадан клыбына келтирбесе болбой калганын баяндаган. Ардагер Айнагүл Курманалиева болсо эки президенттин байлыкка тойбогон кесирлигинин айынан үй-бүлөлүү жигиттер, келиндер тентип, үй-бүлө очогунун оту өчүп, жашоо-турмуштары бузулгандыгы көбөйгөн көйгөйгө көңүл бурган.