Башталды

Гезиттер эмне дейт?
“Айат пресс” гезити бүгүнкү санын Кыргызстандыктарды “айт маарек болсун!” деп куттуктап, “Атамбаев менен Путиндин ийгиликтүү жолугушуусу” деген макала менен ачты.

Гезит андан ары белгилүү опер-кызматкер Мелис Турганбаевге генералдык чин ыйгарылганын, 2005-жылдын 24-мартында тонолгон Улуттук Банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнө байланыштуу окуяга тиешеси бар деп облбанктын ошол кездеги төрагасы Мелис Батырбеков Жаныш Бакиев менен Молдомуса Конгантиевдин аттарын атаганын кабарлады.

Гезитте шайлоого карата үгүт иши башталганын КСДП тууралуу жазылган “Көк асабаны көкөлөткөн кимдер?”, “Ак шумкар тууралуу жазылган “Ак шумкардын” арааны" аттуу макалалар күбө болот.

Ушул эле “Айат пресске” саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин “Саясый мажирөөлүктү көрсөтүп атабыз” деген ат менен маеги жарыяланды. Молдалиев ЖККУ тууралуу ойлорун ортого салган. Шайлоо өнөктүгү жөнүндө оюнда, бул шайлоодо эл акчага сатылбастыгына, күчтүү парламент келмейинче мамлекет оңолбостугуна, бирок азыркы шайлоонун таза, тынч өтүшүнө Убактылуу өкмөттү канчалык сындасак да жардам берүү керектигине токтолгон. “Баягы кыргыздардын шайлоосундай болбойлу” деген сөзгө калбайлы. “Мен шайлоодо чаң-тополоң кылам, революция жасайм” деген желөпкө саясатчылар бар. Алар эч убакта өкмөттү жеңе албайт. Өкмөт деген өкмөт. Эң башкысы ээнбаштарга эл өзү жол бербейт” деди Орозбек Молдалиев.

“Кыргыз руху” гезити 1-бетине “Ууландыбы же кууландыбы?” деген аталыш менен Азимбек Бекназаровго арналган макала басты. Гезит анысында: “Кечээ эле НБТ каналында Нариман Түлеев алып баруучунун “акчаларды кайтарып коюп, тынч жашай бербейсизби?” дегенине: “Сен да кечээки Бекназаров менден акча сурагандай сурап жатасың да” деп жооп берди. Миңдеген көрөрмандардын алдында Түлеевдин Бекназаров жөнүндө минтип айтканы оюнчук эмес. Алтүгүл Токтайым Үмөталиева да жүздөгөн адамдардын көз алдында, “Хаят” мейманканасында “Роза эже, Бекназаровду качан кетиресиз? Эл Бекназаровду сиздин “кошелогуңуз” деп жатат” деген суроону кабыргасынан койгон эле. Ал чын эле ууланып жатабы же кууланып жатабы? Эки сүйлөгөн жерлери көп эле. Айтор ишенип-ишенбей турабыз” деп жазып чыкты.

Мындан сырткары Айзада Абазованын шайлоого бараткандар жөнүндө баяны, Азизбек Келдибековдун “Апта каармандары” аттуу жазганы жана мунапыс боюнча ой-пикирлер, кайсыл артисттердин кайсыл партияны жактаары да ушул сандан табылат.

“Модага айланды окшоду. Ар кайсыл жерге кут түшүргөн сыйкырчыбы же көзү ачыкпы, айтор ушундай немелер толуп кетти. Же ошол түшкөн куттан элге бир кесим берип койсо болбойбу.

Меккеге толгон акча коротуп барганча аны жетим-жесирлерге таратып берсе канча сообу тиет эле? Сыйынгыбыз келип эле чыдабай баратсак өзүбүздүн Манасыбыздын Кароол чокусу менен Сулайман тообуз турбайбы?” деп жазган журналист Баратбай Аракеев “Форум” гезити аркылуу: “Кайра-кайра асманды карай бербей, баарына тең, баарына калыс, баарын бере турган жерге эңкейип, жерге эмгектенип, окуп-чокуп, элдин жашоо турмушун жакшырта турган чыныгы иштерди жасабайлыбы?” деп күйүп-бышты.

Аталган басылма андан ары жакында эле өз арызы менен иштен кеткен президенттик админстрациянын көзөмөлдөө-маалымат борборунун жетекчиси Фарид Ниязов “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде өкмөттүн жана Роза Отунбаеванын кадыр-баркына доо кетирип аткан адам бар экенин, аны алып салууга президенттин алы жетпей жатканына өкүнгөнүн айтты, бирок ал адам ким экенин айтпай койду деп кабарлады.

“Орус бийлиги кыргызстандык саясатчыларды кезеги менен кабыл алып атат. Деги Москва кимисине токтолуп, басым жасар экен?” деген бүдөмүк ойго жетеленгенбиз. Арийне жолугушуулар тар чөйрөдө гана өтүп, анда мамлекеттик деңгээлдеги маселелер талкууланган эмес. Ал эми өткөн жумада КСДП лидери Алмаз Атамбаевди Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин өзү кабыл алып, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн 10 млн. доллар өлчөмүндө грант берилерин билдиргени көп нерсенин башын ачып койду” деп белгиледи бүгүн жарык көргөн “Жаңы агым” гезити.

Буга улай эле “Кремль Атамбаевге ыктадыбы?” деген макала басылды.

Мелис Совет уулунун макаласы өлкөнүн азыркы абалын талдоого алып казына тартыштыгын, эл багам деген азаматтар баягыдай эле калкты куру убадага тойгузуп шайлоого жөнөп баратышканын, айрым бир маалыматтарга караганда Ө. Бабановдун партиясын Айдар Акаевден кийин Максим Бакиев “мурастап” алган Алексей Ширшов финансылап атканы айтылса, Ф. Куловдун “Ар-Намысын” Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев менен казак миллионери Александр Машкевич финансылайт дешерин” ачыкка чыгарды.

Гезитте мунапыс тууралуу ойлорун Юстиция министри Аида Салянова менен өлкөнүн Башкы прокурору Байтемир Ибраев айтып беришкен.

Темирбек Алымбеков макаласын “Кыргыз жүрүүдө... Князев үрүүдө” деп атап: “Кийинки кездери Кыргызстанда көзү ачыктар көчөгө батпай баратканын, алар кайдан-жайдан пайда боло калган кара дубанын туманын тараталбай улуттук алкакта убара тартып жатса, андай кара дуба желкебизден жетелеп жүрөгөнүн белгилеп, ал деген канча жылдардан бери наныбызды жеп, тузубузду татып, төрүбүздө жатып жүрүп, бүгүн ошол эле ак наныбызды тепсеп, тузубузга сийип, төрүбүздү булгап турган Александр Князев жана ушул өңдүүлөр деген ойду айткан.

“Кыргыз туусу”
гезити президент Роза Отунбаеванын Орозо айт майрамы менен жалпы элди куттуктоосу менен жаңы санын ачты.

Гезит “Кабар” агенттигинде “Демклуб” деп аталган жаңы долбоор ийгиликтүү иштей баштаганын, Орусия шайлоону өткөрүүгө көмөктөшөрүн, паламенттик шайлоого 150 млн. сом керектелерин, 1-сентябрда Роза Отунбаева Нарын шаарына келгенде канча жылдардан бери аң-чөнөккө айланып, чаң басып жаткан көчөнүн эски тонун сыйрып алып шашылыш асфльт төшөй салышканын, эми президент кетери менен ал иш дароо токтогонун, көрсө жол курам деген уюмдун жол унаасы тургай, топурак ташый турган арабасы жок неме болуп чыкканын маалымдады.

“Ош окуясы. Ойрондолгон тагдырлар” жөнүндө журналист Нарынкүл Назаралиева кеп кылган.

Кытай-Кыргыз институтунун Орто Азиядагы борбору Кыргызстанда болору Жыпар Исабаеванын макаласында баяндалат.

Ушул эле санга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Чубак ажы Жалиловдун “Өлкөбүзгө келчү береке элибиздин пейилине жараша болот” деген аталыштагы маеги да сунушталды.