Көрө албасың көп, кыргыз!

Гезиттер эмнелер жөнүндө кеп кылды?
“Эч кимге жаңылык болбой калды, айрым эл аралык укук коргоочулар, асыресе, Хьюман Райтс Вотч сыяктуу “чыр чыккан жерди көргөндө, чын күлүктөй теминген” уюмдун олуттуусунган отчету, орусча “түшүнүп”, “англисче” күлгөн “Рейтерс” агенттиги, өзбекчил “Фергана.Ру” интернет-сайты, Орусиянын маалымат каражаттары, өзүбүздүн эле орус тилдүү, өзбек дилдүү “МК Азия”, “Вечерний Бишкек” өңдүү гезиттерибиз Ош окуясын олуттуу изилдемиш болуп, кыргыз элине каршы эмоцияны дүйнөгө кыраатын келтире жайып жатат. Александр Князев, Улугбек Бабакулов сыяктуу “өзөктөн чыккан”, “химерлешкен улут” өкүлдөрү кыргыздарды дүйнөгө жапайы жырткыч катары сүрөттөгөнүн мындай кой, кыргыз деген элдин тарыхы, Ата Мекени жок дегенге чейин барышууда.

Ал эми “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Мелис Мырзакматов жыйында: “Мен улутчулмун. Мен улутума кызмат кылам” деди эле, “эмне үчүн кыргыз бийлиги буга чара көрбөйт?” деп үстөлдү тарс муштап чыкты. Суроо туулат. Эмне үчүн улутчул болбош керек? Туура, Князев менен Бабакуловго окшогондорго багы байланып калса анда кыргыз эли эл эмес. Бирок мындайлардын тилеги таш каап келгендигин миңдеген жылдык тарых тастыктаган” деп жазды бүгүн жарык көргөн “Лозунг” гезитиндеги “жолбүгүнүндө” айтылуу журналист Алым Токтомушев.

Ушул эле “Лозунг” гезити: “Азимбек Бекназаров ууланып, “кул жетпестердин” ооруканасына түштү деген кабар тарады. Бирок божомол көп. Анын бири: ууланардан мурда Маскөөдөн учуп түшкөн Нариман Түлеевди суракка алган экен. Нариман Минскиден алакелдим эле деп, белорус арагын сунуш кылган имиш. Азимбек мырза “сахарым бар эле” деп аз эле ооз тийген экен. Ошентип айрым саясатчылар анын ууланышын “батьканын” арагына байланыштырып атат” деп, “убагында М. Акаеванын “Мээрим” фондуна 300 миң сом, мамлекеттин 2200 жылдык тоюна 16,2 млн. сом бөлгөнүн, көптөгөн финансы махинацияларды жасаганын Жогорку Кеңештин комиссиясы казып чыкканы менен эч ким эч жерине куурай сая албаган Ахматбек Келдибеков өзүн “Ата Журт” партиясындагы 3-орунга түшүрүп, 1-орунду Акаев менен Бакиев арыгын бирдей чапкан Мыктыбек Абдылдаевге ыйгарды” деп кабар таратты.

Академик Жамин Акималиевдин маеги айыл чарба тармагынын абалына арналган.

Академик: - Мен адис катары Айыл чарба министрлигинин маалыматына ишенбей келгем, азыр да ишенбейм. Бул системада миңге жакын киши иштейт. Бакиевдин убагында айлыктарын 4-5 эсе көбөйтүшкөн. Андан көрө ал акчаларды дыйкандарга берсе пайда болмок. Министрликтен илим изилдөө иштерин да алып салышты. Азыр мында кагаз жана жалган маалымат чогултмай аракети эле калды. Министрликти ошон үчүн реформалаш керек,-деп айтты.

Аталган басылма муну менен бирге эле 7-апрелде элге ок атты деген айып менен шектелип, абакта жаткан “Альфа” кызматкерлеринин ата-энелеринин, кесиптештеринин ойлорун ортого салган. Бул ой топтом: “Биз көтөрүлсөк, бийлик айласын таппай калат” деген ат менен жарык көрдү.

Мисалы, Кудурет аттуу “Альфа” кызматкери:
- Биз аскер адамы болгон соң, октун кайдан чыгып атканын жакшы билебиз. Снайперден чыккан ок “Илбирс” менен Тарых музейи тараптан чыгып турду. Андай снайпер мылтыктар “Альфада” жана өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө жок болчу. 7-апрелден кийин Азимбек Бекназаров “Бакиевдер алып келген жалданма киши өлтүргүчтөр колго түштү” деп атайын билдирүү жасаган. Бирок андай кишилер кармалган эмес. Кана эми, ошол көзгө атарлар?-деген суроону койгон.

“Дело №...” гезити, экономикалык кылмыш жасагандар жакшылап кусуп бергенден кийин бериле турган мунапыс тууралуу баяндап, 6-сентябрда Маскөөдөн учуп келген мурдагы шаар башчысы “Нариман Түлеев да капчыгын кагабы?” деп суроо таштады.

Гезит андан ары кара жанын жеп, “калп айткандардын калпын кармай турган аппарат пайда болгонуна кандай дейсиз?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылды.

Акыйкатчы Акун Турсунбек: - Мен азыр андан өткөнгө даяр эмесмин. Бул аппарат Батыштыкы, ошондуктан биздин менталитетке туура келбейт,-деп,

Коомдук ишмер Куликова Галина: - Жаңы бийликтин кээ бир чечимдери менен буйруктарына оозум ачылууда. Ушундай абалда ушул аппарат зарыл беле? Адамдын ким экенин аппараттан сурап билгенден көрө, мурдагы иштеп кеткен жериндегилерден сурай койсо эле баарын айтып берет эле да,-деп,

Укукчу Үмөталиева Токтайым: - Элдин пикиринен өткөн полиграф жок. Аппараттын айтканы бирөөнүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланылышы да мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлер үчүн коомдук мониторинг өткөрүп, ачык экзамен алгандан өтөрү болбойт,-деп,

Экс-депутат Масалиев Исках:
- Бир аз пайдасын тийгизиши мүмкүн, бирок коррупцияны жое албайт, менин оюмча мамлекеттик кызматкерлердин айлыктарын көбөйтүп, талапты да ошончолук катуу коюу керек. Ал эми Роза Отунбаеванын командасы жок,-деп жооп берди.

“Дело... " жумалыгы бул санына Бундестагдын депутаты Виола фон Крамон айымдын: “Менин миссиям Бакиевдер алып кеткен капиталды Кыргызстанга кайтарып келүү болуп саналат” деп айткан сөзүн шилтеме кылуу менен анысын кыскартып жарыялады.

Кабарчынын:-
Бакиевдерди кыргыз бийлигинин колуна салып берүү үчүн кандай иштерди жасаганы жатасыз?- дегенине ал:

-Биз Максим Бакиевдин Британияда сяасый баш калканч албашы үчүн бардыгын жасоого тийшпиз. Муну биз европалык деңгээлде чечебиз. Ал эми Батыштын Лукашенкого тийгизе турган таасири аз болгондуктан Курманбек Бакиевди кайрып келүү кыйынга турат. Ал биздин колубуздан келе бербейт. Бирок Кыргызстандан алар чыгарып кеткен 272 млн. долларды кайтарып келүү биздин миссиябыз болуп саналат,-деди.

Басылма ошондой эле 31-август күнү Кыргызстандын милиция кызматкерлери тарабынан Камчы Көлбаевдин тобуна кирген кылмышкерлер, Бах деп аталган кошумча аты бар, Бактыбек Аманкулов менен анын жан-жөкөрлөрү колго түшүрүлгөнүн баяндаган макалага орун берди.

Ушул эле санда журналист Вадим Ночевкиндин “Бакиевдерче карактоо же бийликтин туу чокусуна жетүү үчүн Бакиевдер эмнелерден баштады эле?” деген аталыштагы макаласы да бар. Анда 2005-жылдын 24-мартындагы Улуттук Банктын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын кантип тонолгондугу тууралуу кеп болот.