ММКда мышык ыйлайт

Гезиттерде эмне кеп?
“Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин шайлоого аттангандардын мындан аркы аракеттерине ой калчаган макаласын тартуу кылды. Ушу тапта шайлоо менен кошо ушак-айыңдардын арааны да кошо жүрө баштаганын кеп салып келип: “Кыргызым, азыр Роза Отунбаевадан башка улут башында, мамлекет башында турган, болгондо да Маргарет Тетчердей элинин тагдырын чечкен адамды таап көр. Таппайсың! Андыктан аны туш тараптан коргоп, анын жетекчилиги менен элибиздин жакшы келечегине жол салалы. Э айланайындар, ушул Роза Исаковна таза болбосо, анда ким таза? Деги эле таза кыргыз барбы, бу дүйнөдө?” деп күйүп-бышты.

Журналист Айбек Шамшыкеев: “Кара-Кечеде эле 4 млрд. тонна көмүрүбүз бар, анан эмнеге казактардын көмүрүнө жалдырайбыз?” деген макаласында көмүр өнөр жайынын көйгөйлүү маселесин козгогон.

“Азыркы кырдаалда жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду кандай болуш керек?” деген “Форумдун” суроосуна тарыхчы Кыяс Молдокасымов: Массалык маалымдоо каражаттары тилекке каршы тар кызыкчылыктардын камчысын чаап, саясый бөлүп-жарууга багытталган макалаларды басууга багытталган.

Укук коргоочу Динара Ошуракунова: Журналисттер чабыштырууга, чыр чыгарууга багытталган маалыматтарды жазышат, факты менен эмес, ой-пикирге таянган маалыматтар кырдаалды эч качан оң жолго сала албайт.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: Бүгүнкү масссалык маалымат каражаттарынын эң негизги кемчилиги - уруулук. Аты-жыты белгисиз адамдарды пиар кылуу же адамды ашкере мактоо же чектен ашып каралоо күч.

“Кыргыз туусу” гезити “Аты чыкпаса жер өрттөгөн” кыргыздар партия түзө баштаганы жана уруучулуктун зыянын сөз кылган каттар менен бүгүнкү санын ачып, президенттин түштүк сапарынан жазылган макалаларга, ырасмий материалдарга, президенттик кызмат дайындоолоруна орун берген.

Мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаевдин отчету, журналист Мырзакат Тыналиевдин Европа Коопсуздук Кеңеши уюмунун полициялык консультативдик тобунун киргизилишине байланыштуу айрым пикирлерге карата эксперттердин жообун топтоп сунуш кылган баяндамасы да “Кыргыз туусунун” ушул санында.

Журналист Бакыт Орунбековдун “Табышмактуу Кытай Кыргызстанды колдойм деди” аттуу өткөн сандан бери келаткан сапар баянынын корутунду бөлүгү окурмандарга тартууланды.

4-августта Кытайдагы бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук күнү белгиленгенин, өлкөбүздө саясый кырдаал оор болгонуна карабай көргөзмө жакшы уюштурулганын, ушу күнгө чейин кыргыз павильонун 2 млн. адам көргөнүн, сентябрь айынын аягына дейре дагы ушунча адам көрсө, бул Кыргызстан үчүн эң сонун реклама болорун, анын үстүнө Кытай тараптын Кыргызстанга, анын Убактылуу өкмөтүнө көңүлү түз экенин сөз кылат автор.

Белгилей кете турган жагдай азыркы күндө Кытайда 300дөн ашуун кыргызстандык студенттер билим алышат.

“Жаңы агым” гезити “түштүктөгү алааматты уюштурганга катыштыгы бар деп айып тагылып, издөөгө салынган экс-депутат Жалалиддин Салахудинов эч жакка кетпей эле бирде Ошто, бирде борбордо ээ-эркин жүрөт” деп, “Азаттык” демократиялык партиясынын төрагасы Исмаил Исаков шайлоого “Акыйкаттын” башчысы Аликбек Жешенкулов менен чогуу аттанганы калды окшойт” деп, “Барктабасов Бишкектин четинде эшек оюн салган соң казак ишкерлери Кыргызстандын босогосун аттагандан коркуп, ошондон бери мөмө-чөмөсүн саталбай калган көлдүктөр Урматты ашата сөгүп жатышыптыр” деп маалымат таратты.

Журналист Мелис Совет уулунун макаласы “Акаев, Бакиевдердин баягылары эле кайталанууда” деген ат менен жарыяланды.

Журналист Нурканбек Керимбаевдин макаласы “Ошко оомат качан келет?” деп аталат. Автор анысында Ош шаардык кеңешинин 30-июлдагы кезексиз жыйынында бир топ адамдар Кыргыз эл баатыры наамына көрсөтүлгөнүн, алардын катарында Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов да барын эскертип, анын эл баатыры болгонго кандай эмгектери бар деген суроого жооп издеген.

Алгачкы байлыгын жыгач сатып топтогон бул адам бажы, салык тармагында да иштеген. Кара Суудагы Оомат деп аталган базардын жана “ЮГ Керамзитстрой” кыш заводунун ээси. “Таатан-Ош” соода өндүрүш комплексин да ага таандык дешет, бирок бул соода жайынын чыныгы кожоюну Жаныш Бакиев деген кеп бар. Ош шаар башчысынын карьерасынын өсүшүнө Жаныш Бакиев өзгөчө колдоо көрсөткөнүн элита чөйрөсү жакшы билерин белгилейт автор. Мырзакматов мэр болуп келгенде бир топ жакшы иштерди жазап, алгылыктуу иштегенин кеп кылган автор андан ары ал Курманбек Бакиев 7-апрелден кийин Ошко качып барганда кучак жайып тосуп алганын, албетте мунусу мурдагы кожоюнуна кылган сый-урматы болгон менен, Бакиев качып барары менен ал экөө аны бийликке кайра алып келүү планын түзгөнү элдин эсинде экенин эске салды. “Мырзакматов ошондой эле Бакиевдин 15-апрелдеги жүрүшүнүн уматына 10 миңден ашуун адам чогултуп, митинг өткөргөн, бирок калаа башчысынын тилеги таш каап, Бакиев элден колдоо тапмак турсун, куулуп кетти” дейт журналист.

Андан ары азыр ал тууралуу үрөй учурган сөздөр көп айтылып келатканын, президент Роза Отунбаевага баш ийбей жатканын анын акыркы аракеттеринен байкоого болорун, ал “К. Бакиевдин 60 жылдыгына чылгый алтындан куюлган Сулайман тоонун элеси түшүрүлгөн статуэтканы белекке тартуулаптыр” деген, “кылмыш дүйнөсү менен алакасы бар экен” деген, “Бакиевден калган мүлк-дүйнөнү өз жакындарына каттатып алыптыр” деген, “экс-президенттин инилери жана балдары менен азыр да байланышып, алардын буйруктарын “кың” дебей аткарып турат” деген имиштер бар деп жазды.

“Кыргыз руху” гезити “Шайлоонун жарыяланышы орозонун башталышына дал келгенин жакшылыкка жоруйлу. Исламда эле эмес, кыргыздын көчмөн түшүнүгүндө да түш көрсөң жакшылыкка жору дейт. Пенденин оозундагы сөз периштенин кулагында, бул дал келүү жакшылыктын жышааны, тынчтыктын, жаркын келечектин башталышы деп билели” деп собол кылды.

“Кыргыз руху” андан ары Азизбек Келдибековдун “Ажо аялзатынын кадр саясаты” деген макаласын, ТИМ министри Руслан Казакбаевдин “Биздин бабаларыбыз сырткы күчтөрдүн амалдарын кеменгердик менен жеңип келген” деген маегин, Ош жергесинде үйлөрдү сүрдүртүп, ордуна көп кабаттуу там салууга карата айрым атуулдардын көз караштарын, саясат таануучу Т. Какчекеевдин орус тилиндеги “Түштүктү бөлүштүрүү башталды”, Расул Үсөналиевдин “Укук коргоочулардын “Түштүктө жашоого болбой калды” дегени калппы?” деген жана башка темадагы материалдар жарык көрдү.