Унутулган Нарын. Улут наркы

Гезиттер эмнелер жөнүндө жазды?
“Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан биз жаштарыбыздын төгүлгөн каны менен бошондук, биз элге ачык айтып көзүн ачышыбыз керек, революцияны булар бизнеске айлантышты” деди “7-апрель” деп аталган жаштар кыймылы “Жаштар Бекназаровду кетсин дешти” деген макаласы аркылуу бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезитине.

Ушул эле гезитке коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин “Улуу тоонун уюткулуу эли унутта кала береби?” деген көлөмдүү макаласы жарык көрдү. Автор тоолуу Нарын облусуна союз убагында деле жыргатып көңүл бурулбаганын кеп кылып келип: “Кыргыздын ата-бабадан калган нукура салтын, үрп-адатын, тилин, тамак-ашын, буюм-тайымын, кийим-кечесин, ат жабдыктарын, көчүү-конуусун толук сактап калган Теңир тоолуктардын тагдыры мына ушундай оош-кыйыш мезгилде эмне болот? Кайран элди кантип коргоп калабыз?” деген өтө олуттуу суроону койгон.

Жумгал, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаага жеткиче көтөн чучугуңду түшүрүп, өпкөңдү үзгөн жол маселесин, таптакыр каралбай калган мектеп, медицина, маданий жайларды, Нарындын оор шартына чыдабай аргасыз таштап кетип аткан адамдарды, өкмөт көңүл бурбаган көлөкө жактарын көзгө сайып көрсөтөт. “Орустар Волга дарыясын Россиянын Матушкасы – Энеси деп атаса, Нарын дарыясын Кыргыздын Батюшкасы – Атасы деп койсо болот. Анткени бүтүндөй Кыргызстанды арзан электр энергиясы менен багып жатат. Бирок нарындыктар өтө суук аймакта жашагандыктан кислород жетишпей, көптөгөн ооруга чалдыккан. Ал жерде азыр кан басымы көтөрүлүп, баш оорубагандар чанда” деп айткан Кемел Ашыралиев түштүктү бир эле облус кылып, жер шартынын татаалдыгын, чек ара аймагы экендигин эске алуу менен Нарын облусун калтырып, социалдык-экономикалык абалын оңдоо керек деген бүтүмгө келет.

“Пресс . kg” гезити Бакыт Азакеевдин “Маслова, “маскаңды ач! же “ууруну кармагыла!” деп кимдер кыйкырып жатат?” аттуу макаласын тартуулады. Макаланын автору “Вечерний Бишкек” гезити аркылуу кыргыз элин душманындай шыбап келаткан: “Дина Маслова деген ким өзү? Александр Кимдин “кылычы” болуп, оңду-солду “шилтенип” аткан Маслова Дина Улановна 2010-жылдын 1-апрелине карата мурдагы президент К. Бакиевдин маалыматтык тобунун жетекчиси болуп Ак үйдө иштеп турганын эске алсак баары түшүнүктүү болот” деп жазды.

Гезит ошону менен бирге эле кадр саясаты боюнча айрым жарандардын ойлорун укту.

Ө. Абдырахманов: Кечээ чын-төгүнүнө жетпей туруп эле Топчубек Тургуналиевди кызматтан алып, анын ордуна “Ак жолдун” активдүү мүчөсү болгон жигитти коюшту. Демек ал жигиттен пара алып туруп, креслону беришти.

Б. Наргозуев: Менин угушума караганда Сүлүктүнүн мэрин дайындаса “Отунбаева ким экен?” деп өздөрүнүн адамын коюп алышкан. Мындай саясат Нарын, Көл, Жалал-Абад дубандарында да болуп жатат.

Б. Бөрүбашев: Жетишпегендиктер, кемчиликтер байма-бай уланууда. Кадр маселеси – бир партиянын, бир үй-бүлөнүн же бир топтун кызыкчылыгын коргобоого тийиш, бийлик ачык, жөнөкөй, жоопкерчиликтүү болмоюн система оңолбойт.

“Айат пресс” гезити “Адахандын артынан кимди кубалайбыз?” деген суроо менен белгилүү журналист Султан Жумагуловго кайрылды. Султан мырза кабарчынын суроосуна жооп кылып:

- Кыргыздар тарыхында саясатчы эле эмес, жек көргөн душманын да элине келгенде кууп чыккан эмес. Тескерисинче, ким келбесин сый менен күтүп алып, жүйөөсүн угуп, айыбы болсо бетине айтып узаткан. Тилекке каршы, 21-кылымдагы кыргыздар таптакыр майдаланып, нарк-насилден айрылып баратабыз. Төбөсү көрүнгөн уулдарыбызга, саясатчыларга же коомдук ишмерлерге ажылдаган аялдарды агытмай, жумуртка же картөшкө менен урдурмай, эси жок жигиттерди айдактап бети-башты кандатмай деген жийиркеничтүү көрүнүш адатка айланууда. Түптө эл деген жигитибиз Болот Шерниязовду урдурушканда эле жерге түкүргөн элек. Кыязы, андан деле сабак албаган окшойбуз. Гезиттер “Мадумаровду кубалашты” деп сүйүнчүлөп чыгышты. Ал эми терең ойлогон кишиге касиеттүү Кочкордун же Көкчөгө батпай Манаска ооп келгенде кучак жайып тосуп алган Алмамбетти батырган Таластын эл деген атына бул жаман жорук жакшы ат алып келбесе керек,-деп айтты.

Султан Жумагулов андан ары кемчилик баарынан кетерин, убагында тили булбулдай сайрап турган Адахан мырза тилекке каршы мамлекеттик ишмер болуу мүмкүнчүлүгүн өзүнүн ашкере одоно жүрүм-туруму менен колдон учуруп жибергенин, эми ал куш экинчи кайрылып келбесин, бирок биз кыргыз эли саясатчыларга мамилебизди кубалап чыгуу менен эмес, шайлоодогу добушубуз аркылуу билдиргенди үйрөнүшүбүз керектигин, бул өңдүү элдин нарк-насилине опсуз доо кетирүүчү жат көрүнүш эртең башка жерлерде да кайталанышы мүмкүндүгүн, ошондуктан жолою бузук бул өңдүү жоруктардын жолун азыртан бууш керектигин баса белгилеген.

Аталган басылма андан ары ИИМдин 1-орунбасары Мелис Тургунбаев менен маекти басты. Анда кармалган Бакиевдер жана башкалар тууралуу кеп жүрөт.

“Учур” гезити “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен аңгемелешти.

Баяндамачы Сабыр Муканбетовдун макаласы “Оңбогон оюн” деп аталып, убактылуу өкмөттүн жагдайы жана алдыдагы шайлоонун шайтан оюндарына байкоого алган. “7-августта “Спартак” стадионуна 20 миң “атамекенчини” чогултуп, Курултай өткөргөнү жаткандар (Турат Мадылбеков) ачыктан ачык эле азыркы бийликтин “көчүгүн түйрөбүз” деп жатканы кимди болбосун чочутпай койбойт. Деги эле от менен ойногондордун айынан чыр чыгып кетпесе экен” деп санааркады.

“Учур” ошондой эле “Айат пресс” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекованы журналист Олжобай Шакир бир жарым миллион сомго сотко бергенин, Октябрь райондук сотунан чакыруу келсе Жылдыз айым: "Мен соттошсом эркектер менен соттошом, мындай сотко келбейм" деп басып кетиптир” деп, “укук коргоочу Азиза Абдрасулованын билдирүүсү боюнча Оштогу тополоңдон кийин 18 миңден ашуун адам жер которуп кеткен. Алардын 10 миң 600дөн ашууну өзбек улутундагылар экен” деп, “эски достор Мирослав Ниязов менен Адахан Мадумаров партияларын бириктирип, бул экөөнүн дагы бир досу Данияр Үсөнов колдоп, акча маселесин чечип бергенге убада берген өңдөнөт” деп, ошол эле учурда “Максим Бакиев Батышта жатып алып “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларын акча менен арбын колдосо, анан жеңишке жеткен тарапка жармашып, бийликке келүүнү самап турабы?” деп маалымат таратты.