“...деп айтаттардын” деми күчөдү

Бүгүнкү гезиттерде эмне кеп?
“Айат пресс” гезити “ Өмүрбек Субаналиевдин “Ата Журт” партиясынын чыгып кеткени тууралуу маалымат тарады” деп, “Маданият агенттигин министрликке айлантып, “маданияттуу” жеп-ичкичтердин кокосуна тыгылган кылкан болгон Рыскелди Момбеков өз каалоосу менен иштен кетип, шайлоого аттанды, балким “Республика” партиясы менен чыгат деген имиштер бар” деп, ИИМ министри Кубатбек Байболов криминалды ийнине киргизгенге киришкени “черныйларды” бир топ эле сестентип койду. Мисалга карабалталык кримавторитет Алмаз Бокушевге карата оперативдик иш-чара көрүлсө кайра милиция кызматкерлеринин бетин тырмагандар, “мыйзамсыз тинтүү болду” деп “болушчуларын” көтөрүп чыкты. Мындай догурунуудан Ички иштер министрлиги эч качан коркпойт. Айтмакчы Алмаз Бокушевдин артында экс-ИИМ министри болуп жүргөн Бакирдин Субанбеков турганын ыраматылык Рысбек Акматбаев убагында ачык айткан” деп, “Мыктыбек Абдылдаев менен Камбаралы Коңгантиев “Ата Журт” партиясынын босогосун атташты” деп, “Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясын таштап, “Ак жол” партиясына кирем деп атыптыр” деп кабар таратты.

Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев маегин “Жети облустун борборун “Манас” деп атоо боюнча президент Роза Отунбаевага тиешелүү кагаз даярдап атканын кеп кылды.

Ушул эле гезитке “Ак өргөө” конуш тургундарынын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, полковник З. Ырсалиевге, Нарын шаар тургундарынын кыргыз бийлигине, Мамлекеттик цирк жатканасынын 51 адамы кол койгон арыз-муңун президент Роза Отунбаега жөнөткөн кайрылуу каттары басылды.

“Жаңырык апта”
гезити журналист Алым Токтомушевдин “Жолбүгүнүн” жарыялады. Макала мындан эки жыл мурда “Агым” гезитине жарык көрүп, бүгүн кайрадан козголо баштаган борборду Ошко көчүрүү маселесине багышталган.

“Кыргызстан, айрыкча түштүк эли түрүлө жер ооп атканы жыргаган турмуштан эмес. Экономиканын өтө чабалдыгынан жана бийлик саясатынын сабатсыздыгынан. Жөнөкөй мисал. Эгемендик жылдарында эларалык финансы институттарынан эбегейсиз көп карыз алдык. Айталы, жол куралы деп. Бирок жолду кимдер куруп, айлык акыны кимдер алды? Кытайлар менен түрктөр, жана башкалар. “Тендер” терисин жамынган биздин өкмөт жумушчу орундарын бөтөн мамлекеттин жарандарына сатып келген, азыр да сатып жатат” деп жазат Алым Токтомушев.

Автор андан ары: “Борбор Ошко көчсө өндүрүш кубаттанат акырындап. Инвестиция ири алды борборго келет. Экономика жанданса ички-тышкы миграция азайып, Ата Мекенден алыста жүргөн чыныгы адистер кайтат. Коңшулаш өлкөлөрдүн экспансиясы тыйылат. Диний экстремизм азыркыдай баш көтөрбөйт. Албетте бул маселени жалпы улут макулдугусуз ишке ашыруу кыйын. Андыктан түндүк-түштүк саясатчылары бийлик талашында эки жакты кайраштырууну токтотуп, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлоолору шарт” деген оюн билдирди.

Аталган басылманын бул санынан ошондой эле Зина Жалгызбаева аттуу ысымдагы автордун “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акыркы саясый шоу таризиндеги кылыктарынан” деген макаласын, Саламаттык сактоо министринин орунбасары Омарбай Нарбековдун “Биз өзүбүз менен өзүбүз күрөшүп жатабыз” деген маегин, саясатчылар Мирослав Ниязов менен Равшан Жээнбековдун саясат талашын, журналист Олжобай Шакирдин “Замандаштын” бейнесине арналган макаласын окууга болот. Акыркы макалада абийирдүү жигиттердин бири, “Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракунов башында турган жаштар бүгүнкү күндүн прогрессчил муунунун өкүлдөрү экендиги баяндалган.

“Учур” гезити "Акчасы көп киши бай эмес, акчасы жеткен киши бай” деген ат менен белгилүү банкир Муратбек Мукашевдин маегин тартуулады.

Убагында анын банкын Бакиев бийлигиндеги Максим, Елисеев, Надель башында турган топ тартып алгандыгы эл эсинде.

Мукашев маегинин бир жеринде: “Менде азыркы президент Роза Отунбаева СДПК фракциясынан депутат болуп турганда Жогорку Кеңеш жыйынында айткан сөзүнүн протоколу бар. “Кыргызпромстройбанкты” рейдерлик жол менен Надель алып алганын, “Азияуниверсалбанк” бул жактагы арам акчаларды адалдап турган “кир жуугуч” экенин баары билет” деп айткан Отунбаева. Роза Исаковна бүгүн ошол сөзүнөн танбайт деп ишенем” деди.

- Бакиевдин тушунда бул банкты кимдер башкарып келген болсо, эмне үчүн азыр деле алар олтурушат? Аларга же эч кимдин алы жетпейби?-деген суроого Муратбек Мукашев:

- Биз 28-майда райондук соттон утуп алганда, Улуттук Банк менен Финансы министрлиги жашыруун токтом кабыл алышып, ага ылайык бул банк Наделдики бойдон кала бермек экен. Ошол билинип калгандан кийин Азимбек Бекназаров “мындай болбойт” деп, өзүнүн өжөрлүгүн көрсөтүп, “улутташтырабыз” деп чыкты. Ошондон кийин булар эмне кыларын билбей калышты. Былгытып жаткандар банктагы киргиздер. Акчасы көп киши бай эмес, акчасы жеткен киши бай. Акчага сатылгандар ошол “киргиздер”, ал эми кыргыздар эч качан акчага сатылбайт,-деп жооп берди.

“Аалам”
гезити “Кыргыз техникалык өкмөтүнө ак жол тилеген каалоо макаласы менен жаңы санын ачып: “Амангелди Муралиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Александр Костюк, Айгүл Рыскулова, Өктөмхан Абдуллаева өңдүү “карт бөрүлөр” да, мындан башка жаңы ысымдар да бар экенин айтып келип: “жалпы маданият тармагында иштеген кызматкерлердин ойлогон ойлоруна төп келген жаңы министр Садык-Шер-Нияздын дайындалышы болду көрүнөт” деп белгиледи.

Ушул эле “Ааламга” баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Көрүстөн сотко бериле турган болуп жатат” деген жана “Партиянын рынок товарга айланган кезеңи” деген эки макаласы жарык көрүп, баяндамачы учурдагы саясатын “базарга”, партия дегендер сатып алчу жана сатып ийчү товарга айланып калганын талдоого алган.

“Кадрларды калчай берүү жарабайт” деген ат менен президент Роза Отунбаевага кайрылган каттын мазмунун Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып келген Дамира Ниязалаиеванын ишине нааразы болгондордун жазган арыздануулары түзөт.

Бул санда булардан тышкары “Кыргызстан жаштар кеңеши” уюмунун мүчөсү Болот Абдыжапаровдун “Эски режимди оодарган кыргыздын патриот балдары кайра эле көчөдө калышты” деген, экс-депутат Турдукан Жумалиеванын “Кайсыл бир партияга барууну ойлогон да жокмун” деген аталыштагы маектери бар.

Саясат талдоочу Нур Омаровдун интервьюсу “Парламенттик башкаруу - бул жамааттык жоопкерсиздик системасы” деп аталат. Ал маегинин оросунда:

-Убактылуу өкмөттүн башкы көйгөйү адамдар алмашканы менен бийликтин системасы баягы эле бойдон калды. Коррупция, кландык, өз максаттары үчүн адамдарга карата курулуш буюмдарына жасагандай мамиле жасоо ошол бойдон сакталууда. Эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Биз, карапайым адамдар, бийликке мурда кандай өгөй болсок, азыр деле ошол бойдон калдык, - деп айтты.

Жакынкы эки жылга саясый божомол салган профессор Нур Омаров алдыдагы 2 жыл экстремалдуу окуяларга толгон, абдан оор мезгил болорун, бир гана айтары, 2-3 жылдан кийин биз президенттик башкаруу формасына кайрып келе турган жаңы конституциялык реформанын күбөсү болуп калышыбыз мүмкүндүгүн белгиледи.