Ууру кылба, ушак айтпа

Бүгүн орус тилдүү эки гезит жарык көрдү.
Эмне үчүн кыргызстандыктар референдумга барышы керек?

Мына ушул суроо менен бүгүнкү санын ачкан “Дело №....” гезити Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орунбасары Алмазбек Атамбаевдин буга карата жообун басты.

Атамбаев ушу тапта Белоруссияда жаткан Курманбек Бакиев 10-июндан тартып Кыргызстанда референдум өткөрүүнүн кереги жок деп айтканын, Бакиевдин референдум өткөрбөй коюуга кылган аракеттери өлкөдө башаламандыкты дагы тереңдетүү менен кайрадан бийликке келүү амалы экендигин, тилекке каршы, ал тургай өлкөнү сырттан башкарып тургусу келгендер болсо да кайыл болуп, кандай болбосун бийликке жетүүнү эңсеген айрым саясатчылар да бул жолго түшүп алганын кеп кылган.

“Өлкө референдумдан кийин гана турукташат. Анткени референдум болуп өткөндөн кийин башаламандыктын да, чагымчылыктын да мааниси жоголот. Референдум жөнүндө сөз кылганда эле Убактылуу өкмөт өзүн сактап калууну көздөп жанталашып жатат деп жалган түшүндүрүп жаткан саясатчылар да бар, бирок андай эмес, референдум деген Кыргызстанга мыйзамдуу Конституцияны орнотот. Туруктуулук ушундан кийин гана болот, ошондуктан референдум Кыргызстандын бардык аймагын камтыйт” деп айтты "Дело № ..." гезити аркылуу Алмаз Атамбаев.

Гезиттин бүгүнкү санына Бишкек Ички иштер башкармалыгынын начальниги, полковник Зарылбек Рысалиев маек куруп, бир катар суроолорго жооп берген.

-Шаар ичинде “андай болот экен, мындай болот экен” деген эле ушак-айың кеп, ушунун баары эле ушак деп ойлойсузбу?

-Келиңиздер, акыл-эске салып калчап көрөлү? Кокустан сиз кандайдыр бир жашыруун акция өткөргүңүз келсе, аны адегенде калайык-калкка кабарлап чыгып анан жасамак белеңиз? Мына кечээ күнү бүтүрүү кечеси өтүп жаткан окуу жайында террордук акты болот деген сөздү учуруп жиберген экен, ал карандай калп болуп чыкты. Деги эле сиз уктуңуз беле, террорчулар өз планын алгач эл-журт менен кеңешип алып анан ишке ашырганын? Ушу тапта тарап жаткан ушактардын баары бир штабдан, бир борбордон таралып жатканын так билебиз. Мунун өлкөнүн түштүгүндөгү окуяларга да тиешеси бар деп ойлойбуз.

Маселен мурда күнү “Дордойду” дүрбөтүүгө аракет жасалып, “өзбектерди өлтүрүп жатыптыр” деп ушак урдурушту. А көрсө бир кыргыз бир кыргыздын велосипедин сурабай “мине” качкан экен, унаасын уурдаткан кыргыз “өзбек алып кетти” деп базар аралай чааптыр. Милийса териштиргенден кийин гана “эсине” келди.

Ал эми кечээ Октябрь районунун тургундары “бир снайпер” балконунан өткөн-кеткенди “терип” атат деп милийсага телефон чалган экен, жыйынтыгында 20 жаштагы жигит аракка кызып алып, пневматикалык мылтык менен бакка конгон чымчыктар менен жалбырактарды “терип” жатыптыр...

Түштүктөгү сценарий Бишкек менен Чүй аймагында кайталанбай тургандыгын, эл-журт эч кандай чагымчыл сөздөргө, ушак кептерге ишенбеши керектигин, дүрбөлөң түшүүнүн кымындай да пайдасы жоктугун, бүгүн кандай гана аракеттер болбосун аны басууга жана жок кылууга күч органдарынын күч-кубаты жетиштүү экендигин ушул эле гезит аркылуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов да билдирди.

“Московский комсомолец Кыргызстан” жумалыгынын кабарчысы Елена Агееванын көлөмдүү макаласы жалаң Түштүктөгү калабага арналды.

Журналист Улукбек Бабакуловдун макаласында үй-жайын таштап качкан качкындар туурасында кеп болот.

Ушул эле гезитте 90-жылдагы Ош окуясында Россиянын десанттык аскерлерин жетектеп, Кыргызстандагы операцияга башчылык кылгын генерал-полковник Владислав Ачаловдун интервьюсу жарыяланды.

Роосиялык генерал Ачалов мындан бир топ жылдар мурун, али президент бололек кезинде Курманбек Бакиев менен жолукканын, Бакиев андан кезектеги “жоогазын революциясын” жасоого жардам берүүсүн өтүнгөнүн, бирок ал Бакиевдин бул өтүнүчүнөн баш тартканын айтып берген.

Эми кайрадан “Дело №...” гезитине келели.

Бул санга генерал-майор Өмүрбек Субаналиевдин маеги басылып чыкты. Анын билдирүүсү: “Мен мындай опурталдуу спектаклге катышкым келбейт” деп аталат.

Кабарчынын: - Референдумсуз деле мыйзам жолуна түшсө болбойбу? - дегенине,

Ө.Субаналиев: - Болот. Октябрда парламенттик да, президенттик да шайлоо өткөрүп, Убактылуу өкмөт жоопкерчиликти мойнуна алгандан кийин мейли, октябрга чейин шашпай иштеп, андан кийин таза шайлоо өткөрүп, жеңип келгендерге бийлигин өткөрүп берсин,-деп жооп берди.

-Сиз түштүктөгү абал менен жеринен таанышып келдиңиз. Муну “үчүнчү күчтөр”, “жалданмалар” жасады деп атышат, буга кандай карайсыз?

-Оштогу окуядан эч кандай “үчүнчү күчтү” да,”жалданманы” да көрө алган жокмун. Биз “снайпер-чагымчылар” деп аткандар жөнөкөй эле каршылашкан тараптардын жөнөкөй кишилери. Бишкек менен Чүйдө жүрүп жаткан ушак-айың, уу-дуу сөздөрдүн баарынын тамыры, теги бир. Эч кандай “үчүнчү күч” да, “жалданамалар” да жок,-деп жооп берген генерал Субаналиев. Анын оюнча мындай уу-дуу кептердин баарын референдумду өткөрүп алуу үчүн Убактылуу өкмөт өзү таратып жатат деп кошумчалаган.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун маеги: “Убактылуу өкмөттүн рейтинги түштүктө анча эмес” деп аталат. Кайгылуу калабаны өз көзү менен көрүп кайткан акыйкатчы өзбек тараптын да, кыргыз тараптын да айткандарын уккандан кийин эки элди кагыштыргандар кайра эле ушул элден чыккан чагымчылар болгонуна көзү жеткенин белгилеген.

Турсунбек Акун андан ары Куловдун, Ниязовдун, Мадумаровдун Бишкекте отуруп алып, кандай кылуу керектигин үйрөткөн акылдуу кеңештерине тоюп бүткөнүн, үйдө олтуруп сүйлөгөн менен ок аралап жүрүп сүйлөгөн таптакыр эки башка болоруна токтолгон.

-Кандай деп ойлойсуз, түштүк эли референдумга барабы?-деген суроого Турсунбек Акун:

- Барат. Канчалык кайгы-муң, ыза, өксүк, жоготуу азабы оор болбосун, эл бийлик легитимдүү болушу керектигин эң сонун билип турат,-деп айтты.