Бузукуда Мекен жок

Бүгүнкү гезиттер Максим Бакиевдин Лондондо кармалышын күндүн башкы темасы катары жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн гезиттер эмнелерди жазды?
Күндүн башкы жаңылыгы “Кыргызстандын бийлиги тарабынан оор кылмыштары үчүн издөө салынган Максим Бакиев Улуу Британияда Чек ара агенттиги тарабынан жашыруун операциянын натыйжасында кармалганын британиялык “The Sun” гезити жазып чыкты. Бул маалыматты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да тастыктады” деп кабарлады “Кыргыз туусу” гезити.

Мурдагы президенттин кичүү уулу Максим Бакиев мындан эки ай мурун өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү тарабынан Интерполдун тизмесине киргизилип, издөөгө алынып жаткан. Ал Гемпширдеги Фарнборо аба майданына ижарага алынган жеке менчик самолет менен барып конгондон кийин Чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Эми айрым бир кагаздары бүткөндөн кийин Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүү иши жүргүзүлөрүн генерал Кеңешбек Дүйшөбаев түндө Улуттук 1-канал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө билдирген.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити ушул маалыматты 1-бетине алып чыгуу менен жарык көрдү.

Гезиттин ички беттери Түштүктөгү окуя улуттар аралык уруш эместигин жазып чыккан макалаларга кенен орун берди. Мында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын “Боордошторум! Силерге Кыргызстан калкынын башына чоң сыноо түшкөн учурда кайрылып жатам” деген ат менен кайрылуусу жарыяланды.

Ушул эле басылмада түштүктү көздөй түндүктөн, ар кайсы аймактардан, жеке ишкерлерден, ар кайсыл улут өкүлдүктөрүнөн гуманитардык жарадамдар жөнөтүлүп жаткандыгын, Ош, Жалал-Абад эч качан жалгыз калбай тургандыгын, кандай балаа башыбызга түшсө да тынчтык, биримдик, улуттар аралык ынтымак жеңерин билдирген маалыматтар берилген.

Эми “Кыргыз туусунан” “Алиби” гезитине өтөлү.

“Алиби”
гезити “Өлкөгө бүлүк салган Бакиевдерби?” деген макала басып, анда: “өткөндө Ош шаарынын Нариман айылына мыкты даярданган согушчан адамдарды Бакиевдер алып келгени жөнүндө маалыматтар жүрүүдө” деп кабарлап, аларды жок кылганы жаткан өкмөттүн аскер күчтөрүн өзбек улутундагы адамдар токтотушуп: “силер убара болбогула, аларды өзүбүз кармайбыз” деп, айылга кирчү жолдорду тосуп салганын жазган.

Гезит андан ары кайсы жерге барса да иштин майын чыгарган Өмүрбек Субаналиев Ош облмилийсасынын башчылыгына жана облус коменданттыгына бекигенине 2 күн болбой жатып Ошту тартипке келтире баштаганын, гезитке келген акыркы маалыматтарга ылайык, өзбек менен кыргыз ортосуна бүлүк салган 30дан ашуун номурсуз машина, баш аламандыкка тийешеси бар 10 адам камакка алынганын, мындан тышкары 15 снайпер колго түшүрүлгөнүн: “сөзү менен иши төп келген Өмүрбек мырзаны кайсы бийлик болсо да өгүздөй иштетип алышып, эшеги суудан өткөн соң чанып кетүчү эле, эми Убактылуу өкмөт эмне дээр экен?” деген суроо койду.

Аталган гезиттен ошондой эле “Түштүк окуялары Орусиянын сценарийиби?”, “Жалал- Абад окуясынан Иномжон аттуу ысым чыкты”, “Оштогу окуяларды Санжар Бакиев жетектеп жүрдү”, “Жаныш менен Максим Бакиевдердин планы ишке ашты” деген аталыштагы жана кабарчы Нурбүбү Бөдөшованын “Ооруну жашырдык эле өлүм ашкере кылды” деген макалаларын окууга болот.

“Алибиге” генерал-майор Мирослав Ниязов интервью берип, чече турган маселелер үйүлө берип, ширеңке чагып койсо эле өрт чыкканы араң турганы мурда эле дайын болуп калганына, эми буга кечээки бийликтер да, бүгүнкү бийликтер да жоопттуу экенине, анткени окуя болгонго дейре эле чыр-чатакты алдын алууга эч бир аракет жасалбай келгенине кенен токтолуп, учурдагы өкмөттүн саясатын сынга алып: “ошондуктан жумшак рейтинг менен азыркы өкмөттөгүлөрдүн бирөөнө ишеним артып, баарыбыз кол алышып: “мындан кийин бул адамга эч ким тоскоолдук жасабасын, баарыбыз ага баш ийели, ошол эле учурда жоопкерчиликти да ушул адам алсын” дешибиз керек, мындан башка жол жок,-деп айтты.

Генерал ошону менен бирге эле түштүктөгү абалды турукташтырууга жардам берүү максатында ыктыярдуу топ түзгөнүн, топтун арасында абадан коргонуу күчтөрү, афганчылар, офицерлер жана башка күчтөрдөн куралган адистер барын, булар чыныгы курал деген эмне, согуш деген эмне экенин эң сонун билгендер экенин, бирок жөнөп кетели деп Убактылуу бийликтин тиешелүү адамдарынан оң жооп таба албаганын кошумчалаган.

Генерал Ниязов түзгөн интернационалдык топ Түштүк аймактарына жөнөп кеткенин кечээ Кыргызстандын телеканалдары көрсөткөн болучу.

“Түштүктөгү тополоңдун түпкү сыры эмнеде?” деген баштема менен жаңы санын ачкан “Форум” гезити баяндамачы Эртабылды Аттокуровдун “Опурталдуу оюн токтотулууга тийиш” деген макаласын тартуулады. Автор Оштон чыккан чыр мындан 20 жыл мурдагы же 90-жылкы окуянын көчүрмөсү экенин, азыркы жаңжал жаштардын “кызуу кандуулугу” эмес, бузуку күчтөрдүн бийликке моюн сунбай, аны кулатуу үчүн жасаган иш-аракети болгонун, өткөндөгү Максим менен Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүлөрүндөгү 22-июнда башталарын айтканы жаңы бийликти жалган жолго салып, адаштыруу болгонун, ага эски бийликтеги айрым бузуку адамдар менен кылмыштуу күчтөрдүн салымы чоң экендигин, ал эми сырттан аскер киргизүү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн ажырашына алып келерин, ошондуктан опурталдуу отту өзүбүз өчүрүшүбүз зарылдыгын белгиледи.

Гезит ошону менен бирге эле дагы бир тажрыйбасы чоң чекист Алик Орозов Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалса, дагы бир дасыккан чекисттердин бири, Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат төрагасынын 1-орунбасары Кубатбек Байболов Оштогу кыргынды уюштурган деп мурунку бийлик тушундагы белгилүү саясатчы кармалганын, ал тууралуу тана алгыс далилдер бар экенин, мындан тышкары Бакиевде иштеп кеткен жана азыр да айрым кызматтарда иштеп жүргөн белгилүү адамдар кошо камалганын билдирген.

Коргоо министри Исмаил Исаков Оштогу адамдарга ок чыгарган көзгө атарлар колго түшүрүлгөнүн айтып берген.

Гезит кабарчысы Айбек Шамшыкеевдин баяндамасы “Ош окуясынынын хронологиясы” деп аталып, көлөмү эки беттен турат.