Эй, Өкмөт, кадырына эмес, кадрына кара!

Элмурза Сатыбалдиев

Бүгүнкү гезиттер эмне дейт?
“Учур” гезити мурдагы президенттин кеңешчиси, азыркы күндө сурак берип жаткан Элмурза Сатыбалдиев менен маек курган.

Ал, абийир сотунан эч кайда качалбастыгын, ошон үчүн өзү келгенин, ал эми 7-апрелдеги ок атышуу башталганда УКК абагынан оппозициянын айрым мүчөлөрүн өзү бошоттуруп чыгарганын, муну бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен эмес, өз ыктыяры менен жасаганын айтып берген.

Элмурза Сатыбалдиев андан аркы сөзүндө ошол кандуу окуя болуп атканда Ак үйдүн 7-кабатында жүргөнүн, демек өзүнүн күнөөсү жок деп айталбастыгын, каргашалуу күндөн кийин эле тергөө органдары менен байланышып, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин билдиргенин кошумчалаган.

“Айат пресс” гезити кечээ УТРКдагы “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” аттуу теле эрөөлүнө чыккан генерал Өмүрбек Суваналиев менен Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаровдун кайым айтышуусун басып чыкты.

Гезитке белгилүү экономист, экс-депутат Муратбек Мукашевдин “Эртеңки күндүн ишенимине баш ооруткан киши жок” деген аталыш алдындагы макаласы жарыяланды. Мукашев эгемендүү Кыргызстандын эки бирдей ажосу сот жообуна бирдей тартылышы керектигин, алардын өлкөгө жасаган иштерин, калкын кандай жакырлантканын, талап-тоноп, уурдоо менен кантип алектенгендерин чечмелеген. Бүгүн эмне кылуу керектигине токтолуп, эртең эмне кылуу керектиги боюнча ойлорун ортого салган.

Журналист Жылдыз Мусабекованын милициянын полковниги Мелис Турганбаев менен маегинин уландысы: “Садыркуловго белекке берилген кулак-сөөмөй операциясынын бетин ачканым белгилүү адамдарга жакпай калды” деген ат менен жарык көргөн.

Кабарчы: - 7-апрель түнү Өмүрбек Суваналиев менен бирге Алмаз Атамбаевдин үйүнө барган экенсиздер. Кандай маселенин тегерегинде сүйлөштүңөр эле?

Мелис Турганбаев: - Ооба, ошол түнү Алмаздын үйүнө бардык. Суваналиев кирип учурашкан соң “мен кызмат сурап келген жокмун, жаңы эле камактан чыктың, ал-абалыңды сурап коеюн дедим. Экинчиден, өлкөдө кырдаал оор, кан төгүлдү, балдар өлдү, талап-тоноочулук болуп атат. Ошого генерал катары көмөк көрсөтөлүк деп келдик” деди. Сөз арасында Атамбаев Суваналиевге УККны сунуштады, бирок ал жерге Дүйшөбаев барганын айтты. Бишкек ички иштер башкармалыгына Мадылбеков, ИИМге Шерниязов барды дегенди укканда эле “командаңар бар экен, иштей бергиле, таарынычым жок” деди. Болгону “мага кызматтын кереги жок, жардам керек болсо Мелис Турганбаев турат, иштеткиле, мен ага жардамчы болоюн, 2005-жылы тартипти орноткондой тез эле баш-аякты жыйыштырабыз. Кийин өз жолум менен кетем” деди. Болгон сөз ушул, анан Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн “Суваналиевге кызмат сунуштасак көнбөй койду” деп айткандарына түшүнбөдүм” деп жооп берген.

Уландысы кийинки санга калтырылган полоковник Мелис Турганбаевдин маегин мына ушул “Айат пресс” гезитинин бүгүнкү санынан окусаңыздар болот.

Гезитте Башмыйзамга карата өз ойлорун белгилүү юрист Жумабек Абакиров менен белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов айтып чыгышты.

Ошону менен бирге эле “Мелис олуя кан төгүлөөрүн, Бакиевдин качаарын 6-апрелде эле айткан” деген да макала бар.

“Айгай”
гезити: “Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Алмазбек Атамбаев орусчул саясатчы экенин 29-апрелдеги түз эфир аркылуу сүйлөгөн сөзүндө көрсөттү” деп “Фергана.Ру” маалымат агенттиги жазып чыкты” деп, “саясатчы Аликбек Жекшенкулов “Акыйкат” республикалык партиясынын курултайын 18-май күнү А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөргөнү турат” деп, “Мекеним Кыргызстан” деген жаштар кыймылы менен далайлардын эсинде калган Урмат Барктабасов жакынкы күндөрдө Кыргызстанга келет экен” деп, “Бакыт Бешимов Убактылуу өкмөт сунуштаган Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен баш тартты” деп кабар таратты.

Ушул эле санга “Акыйкат” партиясынын башчысы Аликбек Жекшенкуловдун маеги жарык көрдү.

Убактылуу өкмөттүн бүгүнкү жасап аткан иштерине баасын берген Жекшенкулов: “Өлкөдө баш аламандык көп, коомдо нааразы болгондордун калың катмары чыгып атат. Мунун башкы себеби эле кадрларды шашып дайындап жиберишип, алардын профессионалдык деңгээли, тазалыгы эске алынбай калууда, бийликтеги адам сезимтал болбосо реалдуу кырдаалды жоготуп коюу мүмкүн. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү оппозициядагы күндөрүн унутпашы керек дээр элем” деди.

Түндүк-түштүккө бөлүү аракеттерине оюн билдирген Жекшенкулов: “Түштүк түндүксүз, түндүк түштүксүз жашай албайт, бул аймактык эки түшүнүк куштун эки канаты, бир канаты сунган куш эч качан асманга учалбайт. Өлкөнү эки бөлгүсү келген чакырыктарды эл эч качан колдобойт” деп айтты. Ал ошону менен бирге эле “Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ага карата кылган мамилелерине түшүнбөй турганын, аны колдогон жаштар “эмне үчүн сизди актабай жатышат? Чыгабыз” дегенин азыр коомго туруктуулук керек деп токтотуп койгонун, эгер актагылары келбей, такыр эле туруп алышса көрө жатарын” билдирген.

“Пресс.kg”
гезити “Бакиевдин балит реваншы же “селсаяктар окуясы” деген макала басты. Макалада Түштүк Кыргызстан демократиялуу республикасын түзүү чакырыктары тууралуу сөз болот. Автор: “Эгер бөлүнүүдөн түштүк эли кымындай эле пайда табарын билсе эмдигиче боз үйлөр тигилип, бери дегенде эле миңдей адам чыкмак.. Тескерисинче, ар бир түштүк жараны мындай балит пикирге кошулуу, буйткага качып барып камалган көркоонун жанына барып ачка өлүүнүн өзү эмне экендигин эң сонун билет.

Мейли түштүк эли бөлүндү деп коелу, андан ары ал эл өмүр бою Каримовдун көзүнүн агы менен тең айланып оокат өткөрөбү? Же Тажикстандын ГЭСине түштүк эли мандикерлик кылабы? Же Кыргызстанды эле эмес бүтүндөй дүйнөнү наркотик менен уулап келаткан Ооганстандын көзүн карап жан багып калабы? Бөлүнүүнүн өзү кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин кыйрашы, түндүктүн да, түштүктүн да түгөнүшүн айгинелейт. Муну эс тарткан ар бир атуул өтө мыкты билет. Болгону ич күйдүлүгүн чыгаралбай жаткан бакиевчил бир ууч команданын тайкы бүтүмү ушундай болуп жатат. Аларга азыр Жер шары аласалып кетсе да баары бир. Мына ушундай бөлүп-жаруу менен алар бүткүл кыргыз элин дүйнөгө уят кылууда. Бир чети уюткулуу Манас элинин кулашына сырткы душмандар, канкор президенттер да шыкакчы болуп жатышы мүмкүн. Мындай учурду азыркы бийлик талашкандар 1-орунга коюп, өлкөнүн бүтүндүгү, мамлекеттин коопсуздугу үчүн болгон күчтү жумшаш керек.

Кара жанын куткарып, элдин ырысына сийген селсаяк падыша, анын селсаяк баласы, аялы жана селсаяк жан-жөкөрлөрүнүн колунан элди бөлүп-жаруу келбейт” деп чекит койгон.