Орусиянын ордун Кытай басабы?

Баяндамабыз орус тилдүү эки гезиттен болмокчу.
“Ханзулардын Батышты көздөй капташы Кыргызстанга кандай коркунуч алып келет?”. “Улуу Кытай оюнунда Кыргызстан байкушка айланууда”. “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити кытай темасына мына ушундай аталыштагы макаласын арнады.

“Жаңы жылга бир жума калганда ИИМдин 65 жылдык салтанатында сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев Кыргызстандын тышкы саясаты көп тараптуу бойдон кала берерин айткан болучу. Ошол эле учурда Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушуна орустар тарабынан бериле турган инвестиция жөнүндөгү эки тарап түзгөн келишим да күчүндө кала берери маалымдалган. Камбар-Ата ГЭСи боюнча Орусия менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай маселе жоктугун Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов да ырастаган. Маселе эми чыгып олтурат.

Максим Бакиевдин Кытайга жасаган иш сапарында так ушул Камбар-Ата -2 ГЭСин курууга жана Бишкек ТЭЦин модернизациялоого кытай тараптын катыша тургандыгы тууралуу макулдашууларга жетишилгендиги айтылууда. Мына ушундан улам Орусия өкмөтү бере турган 2 млрд. доллар кредит үчүн америкалык базаны чыгарууга убада берип, кайра анысын аткарбай койгон окуя аргасыз эске түшөт. Эми Камбар-Атадагы орустун ордун кытай алмаштырмай болду. Кыскасы кыргыз тарап муну менен орустардын оозун экинчи ирет Ошту каратты. Демек Путиндин Данияр Үсөновду "берген кредиттерди туура эмес жактарга пайдаланып жаткан турбайсыңарбы" деп жарга такаганы бекер жерден чыккан эмес турбайбы деген ойго келбей койбойсуң.

Албетте чычкан кармаш үчүн капканга коюлган сыр да бекер эмес, Кытай бүгүн стратегиялык жактан жаңы, Батышты көздөй агрессивдүү экономикалык саясат аркылуу жылып барууга негизделген доктринасын ишке ашырууга өттү. Бээжин үчүн бүтүндөй Борбор Азия, анын ичинен Кыргызстан болгону чийки зат ала турган жана күн сайын геометриялык прогрессия менен көбөйүп бараткан кытай жарандарын жайгаштыра турган гана аймак болуп саналат” деп жазды ”МК Кыргызстан” жумалыгы.

Журналист макаласында “Батышты багынтуу” үчүн Кытай саман-топондоп акча чачууга, керек болсо андан да жаман жоготууга барганга даяр экендигин белгилеп, ушул айдын башында Нью Йорк Таймстын: “Эки жыл мурда Кытай мамлекетине караштуу “Кытай металлургиясынын тобу” деп аталган корпорация Ооганстандын Айнак кыштагындагы кенди казып алуу укугуна ээ болуу үчүн 3, 4 млрд. доллар же тагыраак айтканда бул кен үчүн ат салышкан канадалык, европалык, орус жана америкалык атаандаштарына караганда 1 млрд. долларды көп берип туруп ээлеп алды. Бээжин эми бул жерге былк этпей жайгашып алып, 25 жыл бою өз өлкөсүнө 11 млн. тонна жез ташып турмай болду” деп жазганын мисалга тартты.

“АКШ азыр келесоодой абалда калды. Бир карасаң алардын аскерлери Кытайдын Ооганстандагы менчиктерин коргоп жандарын кыйып жаткансыйт. Ал эми Кытайдын тендердеги жеңиши энергоресурстар жана өз өнөржайларына чийки заттарды алуу үчүн Бээжин каалаган акчаны сунуштап, отту да, чокту да өз колу менен эмес, башкалардын колу менен шилеп турганды жакшы көрөрүн көрсөттү. Кытайдын мындай өзөлөнгөн өзгөчө боорукердиги эртең Кыргызстанды кандай күнгө каптарын азыртан ойлончу учур келди” деп жазды.

Ушул эле гезитте жарык көргөн өлкөнүн башкы сейсмологу Канатбек Абдрахматовдун маеги “2010- жылдын аягында Кыргызстанда күчтүү жер силкинүү болушу мүмкүн” деп аталат.

“Дело №....” гезити журналист Г. Павлюктун өлүмүнө байланышкан макалаларга түшүндүрмөлөрдү жарыя кылды. Казакстандын “Время” деп аталган гезитинин “Г. Павлюкту кыргыздардын атайын кызматынын офицерлери өлтүргөн” деп жазганын кабарлап, бул боюнча ырасмий бийлик өкүлдөрүнүн айрымдарына кайрылды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз борбору муну “одоно дезинформация” деп баалап, атайын кызмат буга карата айта турганын айтарын билдирген.

КР Президентине караштуу Стратегиялык анализ жана баа берүү Институтунун деректири Сергей Масауловдун оюнча азыр өлкөгө ар кайсыл күчтөр тарабынан чабуул жасала баштады, бирок бул чабуулду коңшу өлкөлөрдүн ырасмий позициясы деп атоого болбойт. Кыргызстанды күнөөлөп аткан басылмалардын баары Казакстандын ырасмий маалымат каражаттары эмес, болгону Казакстандын аймагында жайгашып алган башка маалымат булактары болуп саналат. Масауловдун айтымында, президент улуттук баалуулуктарды сактоо тууралуу оюн ачык айтты, Кыргызстан өз алдынча аракеттене баштады. Мына ушул “өз алдынчалык” көп күчтөргө жакпайт. Демек азыр үчүнчү күчтөр аракеттенип жатат.

Ушул эле басылма “Деги Исаковду эмнеси үчүн кесишти” деген ат менен журналист Артем Петровдун макаласын сунуш кылды.

Мындан тышкары ислам тууралуу ар түркүн көз караштагы макалалардын топтомдору, жарандардын суроолоруна ислам таануучу Кадыр Маликовдун берген жооптору да окурмандардын ой элегине салынган.