Аталар жана балдар

Бүгүн жарык көргөн гезиттер да мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун 8 жылга кесилиши тууралуу сөз кылышууда.

Баяндамабыз гезиттер жана электрондук маалымат булактарынын айрым макаларынан жасалды.
“Фергана. Ру” маалымат агенттиги республиканын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин башчысы, президенттин уулу Максим Бакиевдин Кытай сапары тууралуу баяндаган макаласына окурман көңүлүн бурду.

Кыргыз делегациясынын иш сапары кандай болгонуна кыскача баяндама жасаган макалада андан ары Максим Бакиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Чжан Дэцзянь менен жолугушуп, жолугушуу Бээжиндин “Чжуннаньхай” мамлекеттик резиденциясында өткөнү, жолугушуу учурунда Максим Бакиев өткөн жыл бардык деңгээлде кыргыз-кытай алакаларынын алгалоо жылы болгонуна канааттанганын билдиргени, Кыргызстан менен Кытай кызматташуусунда мындан ары да эч кандай тоскоолдуктар жок экендигине токтолгону айтылат. Жолугушуу жылуу, достук маанайда өткөнү, Максим Бакиев бул сыяктуу эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүүгө жөндөмдүү экенин толугу менен көрсөткөндүгү баса белгиленет.

“Бул иш сапардын дагы бир кызыктуу жагы, делегациянын курамында Кыргызстандын тышкы иштер министри да болгону менен аны агенттиктин башчысы Максим Бакиев жетектеп жүргөндүгү болду. Кытайдын вице-премьер-министрин иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө Кыргызстандын тышкы иштер министри эмес агенттиктин башчысы Максим Бакиев чакырды. Максим муну менен дал ушул иш сапарында Кыргызстандын премьер-министринин бийлигине тете, керек болсо андан да жогору бийлиги бар экенин далилдеди” деп жазды.

Аталган маалымат каражаты макаланын аягына: “ Президент Бакиев тарабынан аз убакыт мурда сунуш кылынган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүлөрүндө непадам президенттик кызматын аткаралбай калса анын милдетин убактылуу өлкөнүн премьер-министри же Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат деген жоболорду бекеринен алып салбаса керек. Эксперттер ансыз деле президенттин милдетин аткаруу Максим Бакиевдин колунда болот деп жатышат” деп чекит койду.

“Фергана. Ру” ошону менен бирге эле Эдил Байсаловдун “Исмаил Исаков Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки эң жакшы коргоо министри болгон” деген макаласын тартуулады.

“Исмаил Исаковдун Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп, үйдүн кезегинде турган офицер уулуна квартира берип койгондугу үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп күнөөлөнүп түрмөгө кесилиши Курманбек Бакиевдин өлкөдөгү бийликти толугу менен өзүнүн уулу Максим Бакиевге берип койгондугу менен салыштырганда шоона эшпей калат”, - деп айтты белгилүү саясатчы Эдил Байсалов.

“Дал ушул Исмаил Исаков куралдуу күчтөрдү түп тамырынан өзгөртүп, анын аскердик жөндөмдүүлүгүн ордуна койгон, коррупцияны тизгиндеген. Дал ушул Исмаил Исаков иштеп турганда ага дейре үй-жайсыз жүргөн офицерлер үйлүү болушкан. Өлкөнүн офицердик корпусунда генерал Исаковдун кадыр-баркы аябагандай чоң эле, анын 8 жылга кесилишине башкы себеп ушул болду”, - деди Эдил Байсалов.

Байсалов андан ары кыргыз эли куралдуу күчтөр менен күч органдарынын чыныгы офицерлерине гана үмүт байларын, бүтүндөй өлкө бийлигин өздөрү ээлеп алган Кыргызстандагы үй-бүлөнүн талап-тоноосу менен терроруна бөгөт коюу зарылдыгын, Мекен өз уулдары тарабынан башты сайып коргоого муктаж болуп турганын билдирген.

Ушул эле маалымат агенттиги “Кыргызстан “демократия аралчасынан” хандыкка кайтып келди” деп аталган Алмаз Атамбаевдин макаласын да жарыялады.

“Биз акыйкат сот дегенге ишенбейбиз, бирок андан жогорку сотторго, керек болсо эл аралык сотко чейин арызданабыз. Кыргызстандагы сот системасы башкача ой-пикирдеги адамдарды тебелеп-тепсөөнүн куралына айланып калганын Балыкчыдагы ишти караганда көрдүк. Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы азыркы абалды акыры билиши керек”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев. Анын ою боюнча, азыркы бийлик 5 жылдык башкаруусунда Кыргызстанды “демократия аралчасынан” хандык бакшарууга алып түшкөн.

Эске сала кетели, Исмаил Исаков президент Курманбек Бакиевдин командасында анын эң эле ишенимдүү кишилеринин бири болуп турган жана 2005-жылы Акаевди кулатууда аны менен чогуу күрөшкөн.

“Комсомолская правда в Кыргызстан” гезити Кыргызстанга арналган бир бетин жаңы жыл тосуп жаткан күндөрү Кыргызстанда эмне болгонун баяндаган макалага жана айрым жарандар жаңы жылды кандай тоскондугуна арнаган сурамжылоого орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити генерал Исмаил Исаковдун кесилишине эки сүйлөмдөн турган маалымат арнады.

Аталган гезит Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө узак өмүр каалап, ар убак Кызыр колдоп, жашоосун зор дөөлөт коштоп жүрүшүн тилеген Ош жергесиндеги Социалисттик Эмгектин 9 баатырынын жана президенттин дарегине дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнун жетекчилеринен келген куттуктоо каттарын жар салды.

Электр жарыгы апрелден баштап өчүрүлбөй тургандыгын сүйүнчөлөгөн гезит Максим Бакиевдин Кытай сапарын баяндаган материалды да басты.

Сандугаш Сериккалинин “Зоболосу зор кыпчак тили” деген “Казакстан-Заман” гезитиндеги макаласын Назарбек Байжигитов казак тилинен которуп сунуш кылган.