Эл башы «энергобарондор... бу?»

Бүгүнкү баяндамабыз кыргыз тилинде жарык көргөн алты гезит менен болмокчу.
“Кыргыз руху” гезити журналист Азизбек Келдибковдун саясатчы Эмил Каптагаев менен маегин басты. “Улуу Биримдик” партиясынын башчысы улутчулдук дегендин маңызын чечмелеп, аны азыркы күндө мамлекеттин кешигин кедейтип, Ала-Тоо журтунун кутун качырып, элибиздин ырыскысын чачып жаткан чөөлөр менен күрөшүү, болгону 3 миллионго жетип-жетпеген кыргызды сактап калууга далалат кылуу деп түшүнүү керектигин, антпесе эртең жок болорубузду айткан. Эмил Каптагаевдин ою боюнча Эл башына, журт башына улутун сүйгөн улутчулдар келмейин Кыргызстан башкаларга жем болгону болгон, ырыскыбызды ошолорго тонотуп коюп, кың дебеген койго окшоп жүрө беребиз.

“Эл сөзү” гезити президент К. Бакиевге “Алай” коомунун кайрылуусун жарыя кылды. Анда минтип жазылат: “Кийинки мезгилдерде жалпы Кыргызстан эли жек көргөн Акаевдик режимди кулатууда Сиздин үзөңгүлөш өнөгүңүз болгон, мурдагы Коргоо минстири, генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун үстүнөн аскердик прокуратура тарабынан эч кандай негизсиз, одоно түрдө, ал кишинин инсандык укугун тебелеп, намысын басмырлоо максатында кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын жалпы коомчулугуна булар президент К. Бакиевди демократиядан тайган, адилетсиз диктатор катары көрсөтүп жатат деп ойлойбуз. Кыргыз коомчулугун бөлүп-жарып, элдин бийликке болгон ишеничине шек келтирүүдө деп эсептейбиз. Анын бир беткей, өзүм билемдик менен жүргүзгөн тергөө ишине көңүл бурууну, адилеттикти жана мыйзамдуулукту талап кылабыз”.

“Өткөн жума күнү “Вечерний Бишкек” гезитине азыркы парламентти, андагы “Акжол” партиясын кебез менен мууздаган макала чыкты. Эң кызыгы макаланын автору президенттин секретариат жетекчиси Оксана Малеванаянын уялаш сиңдиси Дарья Малеваная. Макаланын маанисине таянсак, азыркы “акжолчулар” үмүттү актай албады деген коңгуроо кагылат. Дарья Малеванаянын артында Оксана Малеванаянын багыты, анын артында президенттин багыты турган жокпу? А балким бул кезексиз парламенттик шайлоонун жакындап калганына кагылган коңгуроо болуп жүрбөсүн?” деп суроо койгон “Назар” гезити ошол эле орус тилиндеги макаланы окурмандарга көчүрүп тартуулады.

“Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев интервью берип, анысын “Исмаил Исаковдун “күнөөсү” энергомафияга чабуул баштаган” деп атады. Текебаев “Электр энергиясын уурдоолор 60 пайыздан ашып турган. Ошон үчүн Ширшов дегендер Ошко, Жалал-Абадка, алтургай Маскөөгө чейин жеке самолеттору менен учат. Энергетиктер той өткөрсө эң кымбат Хаят сыяктуу мейманканаларда өткөрөт. Маскөөдөн эң кымбат ырчы-тамадаларды алып келип ырдатышат. Шайлоолорду да ошолор диктовка кылышат. Өкмөт башчыларын ошолор койдуртат. Мисалы Исмаил Исаковго коюлган бир дагы күнөө далилденген жок. Ал эми электр энергиясын уурдап, миллиондогон адамдардын ырыскысын чачып олтургандар, ошого күнөөлүү адамдар - Чудинов, Балкыбеков, Давыдов эмне үчүн жоопко тартылбайт? Көрдүңөрбү, булар жок нерседен шылтоо таап, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда “энергетика тармагын иликтеп, текшерип көрөм” деп айткан сөзү үчүн Исмаил Исаковго каршы иш козгошту, бүгүн мына ошол энергомафия өлкөнү башкарып, парламентти, өкмөттү толугу менен көзөмөлдөп, Кыргызстанда үстөмдүк кылып жатат” деп жар салды.

“Кыргыз туусу”
гезити саясый партиялардын төркүн-төсүн жиликтеген журналист Бакыт Орунбековдун “Саның көп, салмагың канча, кыргыз партиясы?” деген макаласынын корутунду бөлүгүн сунуш кылды.

И. Раззаков атындагы КМТУнун доценти Курманалы Карыпбек “Улуттагы улуу отту тутанталы” аттуу макаласын окурмандын ой элегине салды. Автор: “Тил болсо улут болот, тил жоголсо улут жоголот же башкаларга көз каранды болот. Тил өнүккөндө гана кыргыздын тарыхый мурастарын, тил маданиятын, каада-салтын, көркөм өнөрүн, адеп-ахлагын, илим жаңылыктарын сактап калууга, андан ары улантууга болот” деген ойду айтуу менен эмне кылуу керектигин кеп кылып, конкреттүү 5 сунуш киргизген.

Филология илимдеринин доктору Ибраим Абдувалиевдин уландысы кийинки санга калтырылган макаласы – “Манастан” башкасын чанып, ХХ кылымга жайдак келдикпи?” деген суроо алдында жарык көрдү.

“Агым” гезити “Орусия, Белоруссия, Казакстан өлкөлөрү бажы союзун түзүп алышты. Эгер ага Кыргызстан кошулса кандай пайда табат?” деген суроо менен айрым аттуу-баштуу атуулдарга собол салды.

Коомдук ишмер Касым Исаев: - Менин жеке пикиримде анын келечеги жок.

Коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков: - Бажы союзуна кирсек чегаралар ачылмак. Коңшулар менен товар жүгүртүү жеңилдемек. Экспорт маселеси да чечилмек.

Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев: -Союздун толук иштеши үчүн болбоду дегенде эле 2-3 жыл талап кылынат. Үч өлкө тең ички мыйзамдарын, тариф өлчөмдөрүн бирдей деңгээлге жеткирүүлөрү керек. Эгер мындай жолду тандай албаса анда анын келечеги болбойт.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: - Акаев доорунда Кыргызстан 8-9 жыл экономикалык блокадада турган. Бизден чыккан продукциялар оңой менен Орусия, Казакстанга өтчү эмес. Бул союздун келечеги кең. Мындай шыралгадан куру калбаш үчүн Кыргызстан бажы союзуна кириши зарыл.

Гезиттердин катарына жаңыдан кошулуп, жарык көрө баштаган “Пресс kg” гезити жаңы санын “Коргоо министри Исмаил Исаков 8 жылга камалса, башкы командачы Курманбек Бакиев кандай жоопкерчилик тартат?” деген суроо менен ачты. Бакыт Молдалиевдин макаласынын аты: “Министр И. Давыдов “Миллиондор энергетика системасын оңдоого жумшалган” десе, өкмөт “Баары сынды, талкаланды, эскирди, саталы” деп жанын үрөөдө” деп аталат. Автор: “Энергетика министрлигинин стат-катчысы Батыркул Баетов энергетика тармагын оңдоп-түзөө үчүн 2008-жылга 392 млн. доллар келгенин ушул жазда айткан болчу. Ошол кредитти алгандардан Аскар Акаев качып кетти. А калгандары бүт олтурат. Мына ошол эле И. Давыдов, Ю. Данилов, С. Балкыбеков, Б. Сартказиевдердин эч кимиси эч жакка кете элек. Ушулардын баарысынын тиешеси бар кредиттерге. Так ушулар кредиттерди кайда жутуп жибергендиктери үчүн жооп берсин!” деп кыргыз “энергобарондоруна” сөөмөй кезеген сөздү “Таза табигат” коомунун жетекчиси Анара Дауталиева айтканын жазып чыкты.

Ушул эле “Пресс kg” гезитине интервью берегн саясатчы Азимбек Бекназаров анысын “Кечээги Акаевдин достору - бүгүнкү Бакиевдин достору” деп атады. Коомдук коргоочу Бөдөш Мамырованын маеги “Генерал үчүн Алай эли тынчсызданып жатат” деп аталат.