“Манастын урпактары” кайрылды

Басма сөздө электр кубатына баа көтөрүлүшү талкууланууда

Гезиттер негизинен кымбатчылык, саясат, өлкөнүн ички жана сырткы турмушундагы окуялар тууралуу жазып чыгышты.
“Реформа деген шылтоо менен Өнүктүрүү, инновация жана инвестиция боюнча борбордук агенттикти түзүп, ага өз уулу Максимди алып келиши, Улуттук гвардияны жоюп, анын укуктук базасын иниси Жанышка ыйгарышы президент К. Бакиевдин эл бийлигин эмес, өзүнүн үй-бүлөлүк бийлигин чыңдоого белсене киришкендигинен кабар берет.

Президенттин жасаган бул иш-аракеттерине кошул-ташыл болуп өлкөнүн премьер-министри Данияр Үсөновдун электр жана жылуулук энергияларына бааларды көтөрүү боюнча билдирүүсүн биз кыргыз элине каршы чыккынчылык катары баалайбыз. Электр жана жылуулук кубаттуулуктарына бааларды көтөрүү маселенин бир гана чети экендигин, негизги маселе ошол шылтоо менен азык-түлүккө, башка товарларга баалардын асмандашын биз азыртан эле билип турабыз. Муну “Манастын урпактары” кыймылы кыргыз журтчулугуна жасалган геноцид катары кабылдайт!”

Мына ушундай сөздөр жазылган “Манастын урпактары” кыймылынын кайрылуусу бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезитине жарыяланып, президент К. Бакиев башында турган бийлик бутактагындагыларга багышталды.

“Общественный рейтинг” жумалыгы кыргыз президентинин алдындагы Стратегиялык институттун башчысы Сергей Масаулов менен маектешүү басты.

Башкаруу системасын реформалоонун максаты туурасында сөз кылган С. Масаулов, анын башкы максаты эле өлкөнүн улуттук мүнөзүнө, каада-салттарына шайкеш келе тургандай башкаруу системасын түзүү болуп саналганын, бирок ошол эле убакта өлкөнүн ичиндеги, өлкөнүн сыртындагы ар кайсыл кызыкчылыктар да көңүлгө алынганын белгиледи.

Кабарчынын: - Башкаруу системасын кайра түзүүдө кайсыл факторлор эске алынды?-деген суроосуна,

Сергей Масаулов: - 1-фактор, кыргыз калкынын салттык коому, башкаруу системасына мына ушул коомду бузуп албастан киргизүү милдети, 2-фактор, башкаруу системасын үзгүлтүккө учуратпай туруп постсоветтик башкаруу системасынан жаңы башкаруу системасына которуу милдети, 3-фактор, Кыргызстанды жана анын заманбабындагы коомун башкаруу үчүн жаңы технологиялардын кайсынысы дал келерин аныктоо милдети эске алынды,- деп жооп берди.

С. Масауловдун интервьюсу менен толук таанышкысы келген окурман “Общественный рейтинг” гезитинин бүгүнкү санын сатып алса болот.

“Жаңырык апта” гезити журналист Манас Осмондун “Жазыксыз жазалоо алдында турган генерал” аттуу макалсын тартуулады. Макалада генерал Исмаил Исаковго коюлган күнөөлөрдүн төркүн-төсү кандайча болгондугу кыскача баяндалат. Автор: “Аскер кызматындагы уулу үчүн убактылуу үй алып, кайра ал квартираны мамлекетке өткөрүп бергени үчүн атасын 8 жылга эркинен ажыратуу талап кылынса, анда Кыргызстандын аттуу-баштуу адамдарынын канчасы камаларын байкап, багып көр окурманым... Мунун “саясый буйрук” экенин кантип танууга болот? Элдин көңүлүндө генерал Исмаил Исаков маркум Апсамат Масалиевдин тазалыгын уланткан ишмер катары сакталып турат. Ал чөгөлөп турган Кыргыз армиясын өйдө көтөргөн, иштерман, мекенчил инсан катары эл-журтка жакшы таанымал. Ошондуктан бул жасалма айыптоону коомчулук кабыл албай турганы айдан ачык” деп жазды.

“Айат пресс” гезити эл аралык “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов менен маегин жарыялады.

“Кыргызстанда ар бир беш үй-бүлөнүн үчүнчүсү сөзсүз чет өлкөдө иштеп жүргөндөрдүн үй-бүлөсү болушу мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, алардын 90 пайызы 20 жаштан 45-50 жашка чейинки ишке жарамдуу, күчкө толуп тургандар. Тилекке каршы өлкөгө каруу-күч боло тургандар четке агылып, жумушчу күч катары өлкө пайдалана албай турган 18 жаштагылар менен жалаң пенсионерлер калууда. Дагы бир маселе – четте жүргөндөрдүн көбү эми Мекенине кайрылып келбейт. Себеби көбү Орусия менен Казакстандын жарандыгын алып, ошол өлкөлөргө отурукташып алышты. Ошондой эле бул өлкөлөрдүн бала бакча, мектептериндеги тарбия, билим сапаты, шарты биздикинен алда канча жогору. Аларда биздикиндей мектептерге ата-энелерден акча чогултмай деген түшүнүк жок,” - деп айтты Мухтар Өмүракунов.

“Замандаштын” төрагасы андан ары сыртка кеткен атуулдарыбызды кайрып алуудан кечигип калганыбызды, Кыргызстан экономикалык жактан бакубат өлкөгө айланган күндө дагы эми атуулдарыбыздын аз бөлүгү гана кайрылып келбесе, көбү башка жактарда кала берерин кеп кылган.

“Учур” гезити 12-декабрда кичи мекени Шекер айылында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ашы өтөрүн кабарлады.

Саясатчы Алмазбек Атамбаевдин “Мени саткандар оппозиция атынан бакылдашып...” деген ат менен көлөмдүү маеги да ушул гезитке басылып чыкты. Көптөгөн суроолорго жооп берген мурдагы өкмөт башчыларынын бири А. Атмабаев тарифтерди көтөрүү боюнча көз карашын: “Кыргызстанда ГЭСтер чыгарып аткан электр энергиясынын өздүк наркы 8 тыйындан төмөн. Эми ошол 8 тыйынды буга чейин 71 тыйындан сатып келгени аз келгенсип, 1 сом 50 тыйынга көтөргөнү албетте туура эмес. Базардагы барып турган кызыл кулак товарды 5 сомго алып 10 сомго саткандай кеп болуп атпайбы. Биздин өкмөт өз элине карата ушундай чайкоочулук кылып атса таңгалат экенсиң. Же элди таптакыр эле курутуп, акыр аягы түбүнө жетели деген саясатты беттеп калышканбы?”- деп билдирди.

Алмаз мырза маегинин аягында, айрым бирөөлөр үйлөрүнө жатып алып, Текебаев менен Атамбаев келип укугубузду коргоп берет десе жаңылышарын, калыссыздыкка, адилетсиздикке каршы чакырган саясатчыны эл өзү колдобосо, саясатчы көчөдө каларын кошумчалаган.