Максим – президент Бакиевдин акыркы ишенимиби?

Гезит баяндамачылар менен саясат талдоочулар бийликке келген Максим Бакиев жана анын иши тууралуу сөз кылушууда.
“Учур” гезитинин кабарчысынын суроолоруна жооп берген саясат иликтөөчү Марс Сариев Максим Бакиевдин бийликке келишине баа берип, экономиканын салмактуу тармактарын колуна алгандан кийин, өкмөт жөн гана координациялоочу орган болуп калганын, Максимдин орун басарлары бүт күчтүү экономисттер экенин, эгер чындап эле экономикалык секирик жасалса эл колдоп кетерин айтты.

Марс Сариев андан ары президенттин мөөнөтү бүткөндөн кийин деле экономикалык абал оор болорун, азыр Бакиевдер элдин ишенимине кирели деп атканын, президент балким уулун кийинки мөөнөткө мураскер кылып алып чыгуу үчүн даярдап жатышы да ыктымалдыгын, себеби кокус элдин жашоосу оңолуп кетсе мураскерби, мураскер эмеспи, ага карабай каларын, ал эми оппозициянын болсо же программасы же күчү жок калганын кеп кылган.

-Президенттин уулунун мамлекеттик кызматка дайындалышы мыйзамга каршы келген жокпу?- деген суроого саясат иликтөөчү:

-Каршы келип атат. Бирок Кыргызстанда башка ресурс жок. Азыркы бийликке каршы чыкса кан төгүлүп кетиши мүмкүн. А бирок каршы чыга турган күч деле жок,-деди.

-Үй-бүлөлүк бийлик күчтөнүп атат деген пикирлер жок эмес, буга кандай дейсиз?-деген суроого Марс Сариев:

- Өткөндө президент Курманбек Бакиев жыйын өткөрүп атканда “чиновниктердин 99 пайызы акчаны өз чөнтөгүнө салат экен” деп айтты. 40 чиновник жегенче бир үй-бүлө жегени жакшы да. Бийлик өтө деле бир үй-бүлөгө өтүп кетпейт, анткени канчалаган саясый технологдор иштеп атат. Бирок премьер-министр деп аталганы менен Данияр Үсөновдун күчү жок. Күчтүн баары президентте. Ушинтип акырындап олтуруп “Ак жолду” деле жөн койбойт, президент псевдооппозициялык дагы, прооппозициялык дагы башка партияларды жасап чыгышы мүмкүн,-деп айтты.

Буга улай эле саясый баяндамачы Сабырбек Муканбетовдун “Семейный подряд” деген орус тилиндеги аталыш менен Бакиевдердин башкаруу системасын реформалаганын талдоого алган кыргыз тилиндеги баяндамасы жарык көрдү.

Баяндамачы: - Ажонун акыркы кадамдарына ишене турган адам жок жагдайда уулуна ишеним артып, башкалардын саткынчылыгынан көрө өз баламдан көрөйүн деп, оор сыноого моюн сунуп, тобокелге бел байлап олтурат. Эгер ушул мөөнөттө эл турмушун оңдоо боюнча алгылыктуу иштер жасалбаса Бакиевдердин бийликти сактап калуу маселеси да катуу оорлоп, алгачкы президенттин тагдырын кайталап калуулары да толук мүмкүн,- деп айтып чыкты.

“Аалам” гезити жаңы санынын негизги бөлүгүн мамлекеттик жана коомдук көрүнүктүү ишмер Турдакун Усубалиевге арнады. Ага журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун “Доор адамы” жана академик Абдыганы Эркебаевдин орус тилиндеги “Феномен” аттуу макалаларын, Шеркитеш мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын төрагасы С. Мироновдун, Орусия журналисттер союзунун төрагасы В. Богдановдун, эмгек ардагери К. Суранованын, Кыргызстандын акыйкатчысы Т. Акундун 90догу той ээсине куттуктоолорун кошууга болот.

Ушул эле санга маек курган айтылуу куудул Жамбыл Камчиев мектептердеги рэкеттердин башында мектеп деректирлеринин өздөрү турарын айтып, аны Оштогу айрым бир мектептердин мисалында баяндап берди.

Гезит андан ары жакшы иштеп аткан шаар башчысы Нариман Түлеев азыркы ордунан башка жакка котрулбастыгын, чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарынан келип түшүүчү акчанын көлөмү 30 пайыз кыскарганын Улуттук банк төрагасы Марат Алапаев билдиргенин, Максим Бакиевдин бийликке келиши менен эле демократиядан четтедик деп айтууга болбостугун саясат иликтөөчү Калнур Ормушев айтканын, анткени мындай фактылар дүйнөдө толтура экенин, буга мисал катары: Кубада Фидель Кастронун бир тууган иниси, Пакистанда Бхуттонун үй-бүлөсү, Түндүк Кореяда Ким аттуулардын династиясы, АКШда ата-бала Буштар, эрди-катын Клинтондор, Кеннедилер келтирилгенин маалымдады.

Аталган гезитке ошондой эле коомдук ишмер, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов “Бизди кыргызчылыктын асыл, улуу жактары сактап келген” деп интервью берди.

“Айат пресс” гезитинин кабарчысынын суроолоруна жооп берген Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов Бишкек шаарына курула баштаган борбордук мечит жагдайын сөз кылды. Муфтийдин айтуусунда, мурдагы Ысык-Көл кинотеатры турган аянт мечит курганга 49 жылга арендага алынган. Учурда казуу иштери жүрүп жатат.

Кабарчынын: - Мечиттин орду мурда орустардын мүрзөсү болгон экен, демек көрүстөндүн ордуна мечит куруу туура эмес деген ой-пикирлер айтылууда, бул жагы кандай болот?- дегенине Мураталы ажы:

- Бул туура эмес ой. Анын үстүнө ал жерден чыккан сөөк мусулмандыкыбы же орустукубу, аны так билген адам жок. Экинчиден, тескерисинче мурда мүрзө болгон жерге мечит курулса кайра жакшы болот. Эгер сөөк мусулмандардыкы болсо, күндө куран окулуп, сообу тиет,-деп айтты.

Эскерте кетели. Курулушка 4 млн. АКШ доллары кетери айтылган. Мечит 10 миң адамга ылайыкталган. Бир эле убакта 25 миң адам келип намаз окуп кетсе болот. Мындан мурдараак өткөргөн марафондон 12, 5 млн. сом чогулган.

Гезит булардан тышкары журналист Турат Акимовдун “Улуттун намысы барбы?” деген аталыштагы маегине окурмандардын көңүлүн бурду. Журналист “Манас” дастаны кыргыз элине гана ыроолонгон купуя сыр экенин белгилеп, дастандын бай жана керемт тилине, касиетине токтолуп: “Кыргыздар Конфуцийди талашкан жок. Кытайлар да бизден Манасты талашпасын!” деп ураан салып, кыргыздын Манас деп күйгөн ар бир уул-кызын, президент К. Бакиев жана бүтүндөй Бакиевдин үй-бүлөсүн, мамлекеттик бийлик органдарындагы бардык кызматкерлерди, “Манастын” атын алып жүргөн мекеме-ишканалардын улуу-кичүү жетекчилерин, “Манас” орденин төшүнө тагынып жүргөн атуулдарды, Кыргыз эл баатырларын, Каркыраны казакка берген бугуларды, Үзөңгү-Кууш кытайга кетип атканда кың дебеген нарындыктар менен Аскар Салымбековду, дегеле бардык кыргызмын дегендерди “Манасты” кытай “баскынчылыгынан” коргоп чыгууга чакырык таштады.

Гезит ошону менен бирге эле “Айтыш” жана “Манас-Мурас” коомдук фонддору, айрым өкмөттүк эмес уюмдар кийинки жумада Кыргызстандагы Кытай элчилигинин, ЮНЕСКОнун жана ПРООНдун имараттарынын алдына тынч митинг өткөргөнү жатканын да кабарлады.