Гимнди гримдебегиле!

“Гимнди туруп алып да ырдайсың, жатып алып да ырдайсың, сойлоп баратып да ырдайсың деп эч жерде жазылган эмес. Ата Мекенди гана сүйсөң болду” деп айткан В. Жириновскийдин сөзүн шилтеме кылган “Московский комсомолец Кыргызстан” гезитинин баяндамачысы Елена Агеева президентке кезектеги катын жарыялады.
Кат ээси: “Курманбек Салиевич, эгер мен парламенттеги социал-демократ Ирина Карамушкинанын ордунда болгондо “акжолчу” Бейшенбек Абдырасаковду Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 128-статьсы боюнча, бирөөлөрдүн ар-намысына жана абийрине атайылап шек келтиргени үчүн ойлонбой туруп сотко бермекмин, анын Жогорку Кеңештеги:”Мен олтурган элдин көзүнчө айтып коеюн, сиз деген кыргыз элинин душманысыз. Өткөндө кыргыз тилине каршы сүйлөгөнсүз, эми Гимнге каршы сүйлөп атасыз” деген сөзү үчүн.

Биз эми патриоттулуктун деңгээлин Гимндин куплеттери менен өлчөп калабызбы? Эки куплетин жатка ырдаса патриот экен, үч куплетин обону жок үч жолу жатка ырдаса, кудай-уур, бу такыр эле таптаза патирот экен деп? Ал эми анын бир сабын да билбегендерди “патриот эмес экен” деп, алка-жакадан алып, суракка алып барыш керекпи, “акжолчулар” айтты эле деп?

Гимнди ырдаймбы, жокпу, ал менин укугум. Курманбек Салиевич, Россиянын Гимни тууралуу жободо: “Эгер жаран ырдагысы келбесе гимнди зордоо жолу менен ырдатууга жол берилбейт. Гимн ырдалып атканда ким кааласа колун көкүрөгүнө коюп ырдаса болот, ким кааласа жөн эле эркин туруп ырдаса болот” деп жазылып турат. Билбейм, эми бизде: “Мамлекеттик Гимнди ырдоо учурунда патриот эместерди жазага тартуу жөнүндө” акмактай болгон жобо чыгабы деп корком”
деген сөздөр менен аяктаган.

Ушул эле жумалык чет өлкөгө чыгып кеткен Бактыбек Бешимовдун “Азыркы Жогорку Кеңеш – президенттин ишке ашпай калган кыялы” деген аталыштагы электрондук почта аркылуу алынган интервьюсун жарыялады.

“Оппозиция лидерлери электрондук-полицейлик өзгөчө көзөмөл алдында турганда, Кубанычбек Кадыровду депутаттык мандатынан ажыратышканда, мен аргасыздан ушундай чечимге келдим” деп кебин баштаган саясатчы, Аксылыктарды аттырган “Тайфун” операциясын, Аксы окуясын иликтеп чыккандан кийин парламентте сүйлөгөн маркум Дооронбек Садырбаевдин сөзүн, Текебаев, Бекназаров, Исаковдун өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча айткандарын эске салуу менен бүгүн бийликте оппозицияны жок кылуу үчүн өтө эле чоң суммага атайылап сатылып алынган техникалар, бир эле бюджети бир Токмок шаарыныкына барабар болгон президенттин алдындагы Мамлекеттик коопсуздук кызматы (МКК) барын, убагында бул кызматтын кайсы каражаттын эсебинен финансыланып, кандай максатта колдонуларын билүүгө кызыккан жападан жалгыз депутат өзү болгонун айтып берген.

Ал өткөн шайлоонун өзөгүнө ой таштап, Кыргызстанда бийликти Конституциялык тынч шайлоо жолу менен алмаштырууга мүмкүн болбой калганын белгилеген.

Кабарчы: -Дайынсыз жоголгон Руслан Шаботоевдин табылган сөөгү боюнча эмне дей аласыз? Ички иштер министрлигинин берген көрсөтмөсү боюнча депутаттын өлүмүнө анын алган карызы жана жеке ишкердиги себеп болгон экен. Сиз ушул версияга ишенесизби же Шаботоевдин өлүмүнө байланыштуу башкача ойдосузбу?

Бакыт Бешимов: -А сиз ИИМдин Медет Садыркуловдун өлүмү жөнүндөгү айткан ырасмий көрсөтмөсүнө ишенесизби? Руслан Шаботоев 2005-жылдын 24-мартынан кийин дароо эле Акүйдүн коменданты болгон. Айрым бир маалыматтар боюнча ал жок болоруна бир жума калганда президент Курманбек Бакиев менен жолуккан. Эмне үчүн? Көрүнүп тургандай СДПКны жана биринчи иретте анын парламенттеги фракциясын жок кылуу үчүн атайын операциялар жүргүзүлүп жатат.

“Биздин жашоо 20-октябрдан кийин оңолот. Ошентип 13 күндөн кийин же 20-октябрда президент Курманбек Бакиев Өкмөт үйүндөгү кеңейтилген кеңешмеде сөз сүйлөп, мамлекетти башкаруунун деталдарын сунуш кылат” деп кабарлаган “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити, ушу тапта баары эле бийликтин жогорку тепкичиндеги чоң кадрдык өзгөрүүлөрдү күтүп турганына, бирок мындан да маанилүүсү – Кыргызстанды өнүктүрүү Фонду, Инвестиция жана инновация өнүктүрүү агенттиги, Кыргызстанды өнүктүрүү Институту дегендер толук юридикалык даражага ээ болоруна, буга Кыргызстандын Жогорку Курултайы менен Президенттик кеңешме институттары да кошуларына окурмандардын көңүлүн бурган.

Аталган жумалык ошондой эле Кыргызстанда келерки жылдан тартып орус тилиндеги окуу китептери басыла баштарын, Орусия Федерациясы орус тилин окуткан Кыргызстандык мугалимдердин айлыгына дагы 20 пайыз кошумча кошуп бермей болгонун, Казакстан быйыл 21 млн. тонна эгин жыйнап, акыркы 5 жыл ичинде экинчи ирет рекорддук көрсөткүчкө жеткенин, Кыргызстанда да буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 7 центнерге чейин өскөнүн жана Кыргызстан газ оорусу менен башы ооруй баштаганын маалымдады.