Эркин гезиттердин дээрлик бардыгы алдыдагы дагы бир шайлоо-парламенттик шайлоо жөнүндө сөз кыла башташты…
«Кыргыз туусу» гезити кайрадан президент болуп шайланган К. Бакиев калкка кайрылуусунда өзүнүн жаңы философиялык коз карашын билдиргенин, экономиканы инновациялык жол менен өнүктүрүү жана инвестиция тартуунун зарылдыгын белгилегенин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти, журналист Аким Акжолов жазган макаласында кеп кылса, Ош техникалык университетинин ректору Абдибали Токтомаматов Кыргызстанда өткөн бул шайлоо баштагы шайлоо өнөктүгүнө караганда алда канча уюшкандыкта жана таза өткөндүгү, калың элдин катамарында шайлоо маданияты бир канча бийиктикке өскөнү баса белгиеленген. Профессор Токтомаматов өзү да тектүү элдин урпагы катары ушуга кубанып атканын «Тектүү элдин лидери деген макаласы аркылуу бекемдеген.
Ушул эле гезит «Жакшы жолун карайт, жаман өзүн карайт» деген рубрика алдында заманбап даңгыр жолдорду салып аткан Транспорт министрлигинин алыгылыктуу иштерин уккан сайын кубанарын гезит кабарчысы М. Тайчабаров сүрөттөрү коштолгон эки бет макаласында баяндап берген.
«Болжурова берген сынакты, Мусаев келип кайра алды». Ушундай ат менен жалаң окумуштуу мугалимдер, т.а. илимдин кандидаттарынан тартып академиктерине чейин кол койгон кайрылуу кат президент К. Бакиевге, ЖК төрагасы А. Тагаевге, Мамкатчы Досбол Нур уулуна, Коопсуздук Кеңешинин катчысы А. Мадумаровго, Билим жана илим министри А. Мусаевдин дарегине багышталган.
«Агым» гезити А. Акаевдин жубайы М. Акаева эс алып кеткени Кыргызстанга келет экен, мурдагы президент менен азыркы президенттин жубайы, мурункунун балдары менен азыркынын балдарынын мамилеси дурус экен деп, ушу тапта премьер-министрликке шаар башчысы Н. Түлеев же Т. Сариев келип калышы ыктымал деп, башпрокурор Э. Сатыбалдиевдин иштен кетиши толук мүмкүн деп, ал эми Б. Калыев УКК төрагасы М. Суталновдун ордуна барат экен деп, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери Үсөн Сыдыков эми парламенттик шайлоого партиясы менен катышып, келерки парламентке спикер боло турган шаасы бар экен, ушу баштан эле ага «акжолдогулары» да, таш жолдогулары да салам берип чыгуу үчүн кезекке тура баштаптыр деп, кызматтан уча тургандардын катарын Соцфонд төрайымы Т. Калимбетова да толуктаганы калыптыр деп, «көмүр королу» деген ылакап атка конгон Н. Мотуев өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча агенттиктин деректирлигин мелжеп турса, эл артисти К. Турапов маданият министри болгонго катуу аракет кылып атыптыр, эгер Тураповдун мүдөөсү ишке ашса С. Раев мамкатчы, Досбол Нур уулу ЖОЖдордун бирине жетекчи болуп кетет деген кептерди таратты.
Жаңы санда ушул эле гезит менен маек курган саясат иликтөөчү Марс Сариев президент К. Бакиев эс алууга кетип баратып баарын тазалайм, кыскартам дегенине караганда эми өтө иш билги, натыйжа бере турган кадрларды тандаарын, бирок оппозициянын баарын эле кызматка тартпастыгын, маселен θ. Текебаев менен А. Бекназаров дегендерди жолотпосун, кыскасы ажо тизгинди бир аз бошотуп, демократияга көбүрөөк ыктай тургандыгын божомл кылган.
«Эл сөзү» гезити болуп өткөн шайлоо тууралуу «Таарынган эл жана табышмактуу сел», тышкы алакалар тууралуу «Тезекстандын» теңата саясаты», УТРК тууралуу «Ооз менен орок оргон бийлик, кылкынын жонунан кайыш тилет» деген макалаларын жарыялады.
Бакы Кадырбердиевдин макаласы «Арысы Ташкен, бериси Баткенден ашпаган тышкы саясат» деп аталып, анда өлкө башчысынын эмне үчүн чет өлкөгө ырасмий сапар менен чыгалбай жүргөнүнүн себептерин түшүндүрүүгө аракет кылган. Эртабылды Аттокуров менен Жакып Төлөгөновдун макаласы алтын маселесине арналган.
Эрнис Балбаковдун «Демократиялык аралча» «авторитардык деңизге» чөккөндө…» деп аталып, Акаев учуру менен Бакиев учурундагы саясый «аба-ырайын» талдоого алган. «Акаев кырчындай өмүрлөрү бөөдө кыйылган Аксынын 6 жигитинин өлүмү үчүн керт башы менен жооп бериши керек» деп белгилеген автор «бүгүнкү бийликтин жасап аткан зордукчул саясатынан улам, аргасыз ошол Акаевдин аз да болсо адам укуктары сакталган, тезекке күнү түшпөй, күнү-түнү электр жарыгы жанып турган, анча-мынча арзанчылык өкүм сүргөн күндөрдү эл бекеринен сагынып жатышпаган чыгар» деп жазды. Петровкадагы алсыз наристенин намысын коргоо үчүн эл алдына чыгып өз оюн айтып койгон Эркин Булекбаевдин, Уран Рыскуловдун, Сапар Аргынбаевдин, 23-июлдагы шайлоого нааразы болгон ондогон адамдардын көгала койдой сабалышын мисалга тарткан автор.
«Назар» гезити жаңы санын «Терезе эффектиси» же парламент соо болбой калды шекилди» деген аталыштагы макала менен ачты. Эркин журналист Үсөн Касыбеков учурдагы парламенттин тагдырын талдоого алып, Ф. Кулов башында турган «Ар-намыс» партиясы шайлоодо К. Бакиевди колдогондугунун акысына парламенттен орун алганы калганын, айрым божомолдор боюнча парламенттин форматында чоң өзгөрүүлөр болорун, «Акжол» фракциясынын тизмеси кыскарышы мүимкүндүгүн, бирок Акүй ЖКга көзөмөлүн сактап кала берерин жазат. «Акырында» дейт автор «Белый парус» басылмасынын божомолу боюнча К. Бакиевдин ден соолугу күндөн күнгө начарлоодо. Ошондуктан бийликти мураскерге өткөрүп берүүнүн кезеги жетти дешүүдө. Бул максатты ишке ашыруунун ыңгайлуу жолу парламентти таратып, кайра шайлоону жарыялоодон өтөрү жок. Жаңы келүүчү парламенттин төрагасы президенттин мраскери болуп калышы да ммкүн» деген ойду айтты.