“Ачык саясат” экиге бөлүндү

Гезиттердин катарын бүгүн “Назар” жана “Эл сөзү” деген жаңы басылмалар толуктады.
“Ачык саясат” гезитинин жамааты экиге бөлүнгөнү буга чейин айрым маалымат каражатары аркылуу айтылып да, жазылып да келсе, бүгүн бир гезит эки гезит болуп, бирок экөө тең “Ачык саясат” алдында, бири – “”Эл сөзү”, бири – “Назар” деген ат менен жарык көрдү.

10 миң нуска менен күркөлөргө чыккан “Эл сөзү” гезитинин башкы редактору Рыскелди Момбеков. Гезитте “Денонсациянын кадамы же депортациянын карааны” аттуу баш макала, баш редактордун гезит чатагы боюнча баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге кайрылган каты, Атамбаевдин шайлоо штабы Боршайкомду сотко бергени жатканын маалымдаган кабар, интервьюлар, айтылуу куудул Келдибек Ниязовдун “Мадумаров, Үсөнов менен бир партияда элек” деп аталган маеги бар.

“Эл сөзү” гезити муну менен бирге эле: “Айрым маалыматтарга таянсак, ажонун азыркы админстрация башчысы Данияр Үсөнов, Коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров, өкмөт башчысы Игорь Чудинов, анын 1-орунбасары Өмүрбек Бабанов, министрлер Молдомуса Коңгантиев, министрлер Камчыбек Ташиев, Айгүл Рыскулова, Марат Султанов Акүйдөн чыгарылганы калыптыр” деген имиш таратты.

Аталган басылмага акын жана журналист Гүлжамила Шакированын “Кыргызсыңбы, кыргыз дүйнөсүнө, көкүрөгүңдү ач!” деген макаласы жарыяланды. Акын макаласында Азат Саматов деген автордун макаласын окуп алып, Крыловдун “Пилге асылган кандегин” көз алдына тартканын мисал кылып, анын Дастан Сарыгуловго обужок асылганын, Саматов жериген таштагы жазуулар, текенин сүрөттөрү, оймо-чиймелер кыргыз элинин көөнө тарыхы экендиги баяндалган.

Ошол эле “Ачык саясаттын” алдында жаңы санын тартуулаган “Назар” аттуу экинчи гезит биринчи кадамын Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев өңдүү эл баатырларынан бата алуу менен баштаган. Башкы редактордун милдетин аткаруучу журналист Машакбай Рахманкулов. 20 миң нускада жарык көргөн “Назар” гезитине эки баатырдан тышкары эл акыны Анатай Өмүрканов, генералдар Исмаил Исаков, Мирослав Ниязов, акын Тургунбек Бекболотов, укук коргоочу Азиза Абдрасулова ак жол тилеп, калыс сөздүү калк гезити болушун каалашкан. Гезит ушуга улай эле “Ачык саясаттын” ички чатагын баяндаган Бабырбек Жээнбековдун макаласын сунуштаган. Белгилүү обончу Жалил Сыдыковдун макаласы “Ажо Ак-Талаага барбай кетти” деп аталып, башы кара сөз менен башталып, аягы ыр менен бүткөн.

Президенттикке талапкер Темир Сариев тууралуу макалалардын топтому, “Биз баарыбыз “Курманбектин куйругу... буз” деген ат менен гезит кабарчысы Машакбай Рахманкуловдун белгилүү тележурналист Бөкөнбай Боркеев менен УТРКнын ички турмушундагы ыйкы-тыйкы, чыр-чатакгы тууралуу курган маеги ж.б. материалдар басылып чыкты. Бөкөнбай Боркеев: “Эшимкановдун кол баласы болуп келген аттестация комиссиясы чар-пары менен кошо Олжобай Токтосунов, Владимир Гробовой, Нышанбек Кочкоров, Жеңишгүл Өзүбекова, Мелис Турусбеков, Алимбай Абжапаров, Өмүрбек Тиллебаев, Бакыт Ашыракманов, Жамила Маматова, Калчоро Көкүлов, Гүлжамила Шакирова, Элмира Ажыканова сыяктуу телерадионун каймактарын калпып ыргытып ийип жатпайбы. Чынын айтсам кээ биринин чыгармачыл дарамети Эшимкановдукунан төөчөлүк өйдө” деп айткан. Боркеев андан ары УТРКдагы Көркөм кеңеш тууралуу сөз кылып: “Тескерсинче, телевидениени телибайлардын тебелендисине калтырып, бүтүндөй кыргыз эли тааныган акыныбыз Шайлообек Дүйшеев деген атбашылык акеси ошол колбала Көркөм кеңешинин жаманаттысы менен акырындап акындык жүзүн жоготуп баратыры” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити ырасмий маалыматтардан тышкары Темир Сариев менен Жеңишбек Назаралиевдин кайрылууларын сунуштап, Атамбаев менен Үмөталиеванын ишенимдүү адамдарын Боршайком тарабынан катталганын кабарлады. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай министри Искендербек Айдаралиевдин маеги “Агрардык саясат ишке ашууда” деп аталып, ырыскылуу Ала-Тоо жергесинде элге жетээрлик азык-түлүк даярдап, керек болсо ашканын экспортко чыгаруу аракеттери көрүлүп жатканын айтып берген. Ушул эле санда жайыттар жагдайы тууралуу жайыт департаментинин башкы деректири Абдималик Эгембердиев жайлоолордогу жолдорду оңдоо аракеттери жасалып жатканын, чет өлкөлөргө барып, алардан жайыттарды пайдалануу тажрыйбаларын үйрөнүп келишкенин, ушу тапта Кыргызстандын жайыттарында 4,5 миллиондой кой, 1 миллиондой бодо мал багылып атканын баяндаган.

Тогуз-Тородогу иштер боюнча райондун акими Дамир Тагайбек уулу сөз кылган. Булардан тышкары Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун тарыхый жаңы роман жазып бүткөнү маалымдалып, аталган романдын баш сөзү окурмандарга тартууланган. Ал “Хан Тейишке чейинки жол” деп аталат.

“Элибиздин: “Кандан калыстык кетсе, калктын тынчы кетет, катындан жаңылыштык кетсе, үйүңө кырсык жетет” деген сөзүн мисалга тартып, Акаевдин качып кеткенин, тарыхта Кыргызстан сыяктуу бир да мамлекет мынчалык ылдам таланбаганын, Күнайымдын (Майрам Акаеванын ) жогорку тепкичтерге коюлган көптөгөн жек-жаатттары, укум-тукумдарынын бийлегени өлкөгө чоң залал тийгизгенин баяндаган “Кыргыз туусу” гезитиндеги макаланын аты “Пейил оңолмоюнча өнүгүү болбойт” деп аталат. Калиман апа деп аталган автор андан ары: “Ыңкылаптан кийин заманыбыз бу болду, жандын баары куу болду”. “Ток болсо көрө албаган, ач болсо бөлө албаган” кыйшык сөздүү адамдар, Түндүк-Түштүк болуп бөлүнүүлөр, жаатташуулар, келечектен тар жыйынтык чыгарган жулкунбайлардан, ач кыйкырык, куу сүрөөндүн ичинен адилеттикти ажыратуу кыйынга турду” деп жазуу менен “30 жыл чоң мамлекетти башкарган Сталин, 15 жыл Кыргызстанды мүлжүгөн Акаев жакпаган, заман бир ыңгайга түшө элек 3-4 жыл тополоң-тосту башкарган Бакиев жагабы?” деген суроо койгон.

“Көк асаба” гезити Эларалык электрондук университеттин президенти Абдыкерим Чолпонкуловдун “Общий домдогу” жабыркоо же бүркүт тоокканага камалса эмне болот?” деп аталган жандүйнө жаңырыгын, “Тунгуч” кичирайону тараптагы айдоо аянтына отурукташып алган 20га жакын жарандардын жаңы конушунун көйгөйүн баяндаган макаланы, окурмандардын ой-пикирин чагылдырган каттарды, комузчу Нурак Абдрахмановдун “Бурулуш” аттуу баянын, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы Бактыбек Максүтовдун "Түркөй адамдар үстөмдүк кылганына аргасызбыз” атуу ой-толгоосун окурмандардын элегине салган. Гезит ошондой эле кара сөз чебери Ашым Жакыпбектин “теңири Манас” китебинен көчүрүп жарыялоону уланткан.