Ферганадагы “бомба”

Бүгүн жарыкка чыккан гезиттер АКШ авиабазасынын Кыргызстанда калышы тууралуу сөз кылышты.

Бул күнкү гезиттер АКШ авибазасынын Кыргызстанда калышы, саясат жана бийлик, президенттикке талапкерлер жөнүндө жазып чыгышты.
“Айат пресс” гезити жакында туулган күнүн өткөргөнү жаткан казак президенти Н. Назарбаевдин чакыртуусу менен төкмө ырчы Элмирбек Иманалиев ырдап келгени кетип баратканын, Ысык-Көл губернатору Кыдыкбек Исаевдин көчүгү ээрден кыйшайганы калганы Ак үйдүн өзүнөн тарап атканын, Бишкек шаардык соту “Учур” гезитин “Жаннат” мейманканасынын доосу менен 3 млн. сомго жыкканын кабарлады.

Гезит журналист Бакыт Орунбековдун “Америка “Манастан” кетпейм деди” деген макаласын басты. “Бир жыл мурда президент Бакиев “Афганистанда мыйзамдуу бийлик орноду, өкмөтү бар, парламенти бар, өлкө тынчып калды, “Манастагы” базанын зарылчылыгы жок” деп айтканын эске салган автор “Кыргызстанды оокат-ашты тое жебеген, карызы башынан ашкан адамга салыштырса болот. Тышкы карызы олчоюп 2 млрд. доллардан ашып турганын эстесек, “бечелге жөтөлдүн кереги не?”, ушундан улам “сокурдун тилегени эки көз” демекчи, акча жетпей, айласы алты кетип турган Кыргызстанга Америка 1 млрд. доллар берет дегени да чындыкка жакындай туюлат” деп жазды.

Ушул эле базанын калышын жактап келаткандардын бири, белгилүү чекист Мирослав Ниязов аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, Борбор Азиядагы Фергана өрөөнү эретели-кеч жарылып кетчү бомбага окшоп турганын, эгер Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан биргелешип, акыл чайкап аракет кылбаса ал жарылып кетерин, тилекке каршы кыргыз бийлиги эмне себептен өзбектер чеп жасап салышканын, эмне себептен казактар биз менен эсептешпестен электр энергиябыздын булагын ээлеп алышканын өз элине түшүндүрүп бергенге жарабай келатканына жаны кашайган.

“Учур” гезити Алай бийлиги Атамбаевге каршы канчалык аракет кылган менен 3 миңден ашуун шайлоочу катышып, “Атамбаев, Атамбаев!” деп ураан чакырып, колдоп турушканын, ортосайлык 90дон ашкан Асанбаева Сакы эне өз пенсиясын Атамбаевдин шайлоо фондуна которуп бергенин, 74 жаштагы Алыбаева Шаар апа да пенсиясыннын 500 сомун Атамбаев үчүн чегергенин, кыргыз-күрт чатагынан кийин Петровка айлынан 27 күрт көчүп кеткенин Москва райакиминин орунбасары Елена Бирюзова билдиргенин маалымдады.

Аталган басылма бүгүнкү санына Саясый куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин кыргыз улутунун тарыхый тагдырын талдоого алган “Улуттун убалы кимге?” деп аталган макаласын жарыялады. Белгилүү саясатчы макаласынын корутунду бөлүгүндө: “Акаев да, Бакиев да элдин эсинде жакшы ат менен калып, “Бали, президент болуп турганда элди, жерди ыйык сактады, калктын турмуш деңгээлин көтөрдү, адилеттикти, демократияны орнотту” деген бийик баа менен даңазаланып калууга толук шаасы бар болучу. Бирок экөө тең тарыхый вазийпаларын аткарган жок. Адилеттиктен тайышты, биринчиси, авторитардык-үйбүлөлүк бийлик орнотту. Экинчиси, андан ары кетти - тоталитардык диктатура, саясый репрессия заманын алып келди. Кыргыздын ата-бабалары миңдеген жылдар бою жанын сайып, канын төгүп, ыйык сактап келген керемет жерлерин канталамай кылдырды, сатты, элди атты, адам укуктарын, эркиндикти тепседи, мамлекеттик уурулукту дүйнөдөгү эң алдыңкы орунга чыгарды, сайпана, бапиш саясат жүргүзүп, катын, бала-чакасына, шылуун шүмшүктөргө башкартты, Кыргызстанды дүйнөгө шерменде кылды” деп жазды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катарына жаңыдан кошулган “Пресс. Kg” гезитинин бүгүн 3-саны жарык көрдү. Гезит генерал Исмаил Исаков менен маектешкен. Айрым бир жасалып аткан иштерге карабастан өлкөдөгү ички саясатты “элди алдоо, бөлүү, куугунтуктоо, коркутуу, маскаралоо жана кордоо” деп мүнөздөгөн генерал бул боюнча көптөгөн далилдерди мисалга тарткан. Бакиев 2005-жылы элге: “Эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеймин, туугандарым аралашпайт, коррупция өнүгүп кетиптир, ага бөгөт коемун, жумушчу орундарды ачып, өз элинде, жеринде иштегенге шарт түзөмүн” деп айткан. Мына 4 жыл өттү. Үй-бүлөлүк башкаруу огобетер күчөдү. Бийлик ишине криминалдар кирише баштады, “мени колдогондор жана мага каршы ой-пикирин айткандар” деп элди экиге бөлдү” деп билдирди.

Исмаил Исаков андан ары “1-июнда президент Курманбек Бакиев "Ала-Тоо" аянтына барып, оңдолгон фонтандарды жана “Манас” эпосундагы каармандардын – Кошой, Бакай, Семетей, Сейтек жана башкалар менен бирге кыргыздын душмандары болгон Нескара, Коңурбай, Жолой, Шыпшайдарлардын эстеликтерин ачууга катышты. Президенттин бараарын билген админстрациясы, жооптуу бөлүмдөрү, маданият министрлиги, идеологияны тейлей турган “эргулдары” эшек такалап жүрүшкөнбү? Же алардын ою, күнүмдүк иши оппозициялык маанайдагы адамдарды коркутуу, токмоктоп же эптеп-септеп ооздорун бастыруу гана болуп калды беле?” деп суроо койду. Алдыдагы шайлоо маселесин талдоого алган генерал “Мыйзамсыздыкты ордуна коюш бир гана элдин колунда, ошондуктан биз добушубузду туура эмес саясат жүргүзгөндөргө, мыйзам бузгандарга, зөөкүрдүк кылгандарга бербей койсок болду” деп айтты. Генерал Исмаил Исаков менен гезит кабарчысы Нурзада Осмонова маектешкен.

Ушул эле сандан дагы бир генерал Мирослав Ниязовдун “Мамлекетти куруу деген эмне экенин эски бийлик да, жаңы бийлик да түшүнгөн жок” деген, укук коргоочу Качкын Булатовдун “Кыргызстанда укук коргоочулардын эмгеги бааланбай калды” деген интервьюларын, “Экинчи борбор Ошто маршрутка жолкиреси 7 сом, борборубуз Бишкекте 15 сом, айырмасы эмнеде?”, “Колдо бар алтынды барктай алабызбы?” аттуу макалаларды да окууга болот.

“Асман преss” гезити бул санына “Ачык саясат” гезитинин мурдагы башкы редактору, Темир Сариевдин шайлоодогу ыйгарым укуктуу өкүлү Бабырбек Жээнбековдун маегин баскан. Бабырбек мырза анысында“Ачык саясат” гезитинин айланасындагы өзү менен Рыскелди Момбековдун ортосундагы чыр-чатакка кеңири токтолгон. “Акжолчу” депутат Улугбек Ормоновдун маеги “Камбар-Атанын үзүрүн кийинки президент көрөт” деп аталат. Депутат мырза Камбар-Ата ГЭСинин маанисин, президент К. Бакиевдин сөз көтөрүмдүүлүгүн, Кытай-Кыргыз-Өзбек мамлекеттер аралык темиржолдун курулушун, эгер булар курулуп калса Кыргызстан өзүн өзү багып кетерин баяндаган. Ормонов ошондой эле Чүйдүн Кой-Ташындагы аскер бөлүгүн Шамалды-Сайга, Таш-Көмүргө - ГЭСтердин жанына жакын жайгаштырыш керек деп айтып аткандыгын кошумчалап, аягында президент болсо эле анын туугандары иштебесин деген туура эместигин, бирок Майрам Акаева кийлигишкендей президенттин аялынын бир жакка кийлигишкенин уга электигин белгилеген.