Камчыдагы калкпызбы?

Түп окуясы эркин гезиттердин башкы темасы болууда

Эркин гезиттер көлдөгү окуяны талкууга алса, өкмөт гезиттери тарых маселелерин камтыган макалаларга орун берген.
“Айгай” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Жергиликтүү телевидение эки күн бою курултай болбой калды деп кабар берип турду” деген макаласын сунуш кылган. “Жеке мен бийликте олтургандарды, алардын бет тыткан, жумуртка ыргыткан жана да оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан немелерин бир жактуу күнөөлөй албайм. Анткени, азыркы бийлик системасы аларды ошол жолго салып алган. Коррупция, кылмыш, кызмат үчүн атасынын да, энесинин да арбагын сатып жиберчү шымы бар, намысы жок эркектердин, ажаан аялдардын өзүнчө бир тукум-тобу пайда болду” деп жазган Аракеев, ушунун баарына бийлик башында олтургандар күнөөлүү экенин, алардын акылы байлык топтоо жана элин кыңк эттирбей баш ийдирүүгө гана жумшалганын, жадагалса Чек сыяктуу өз жерин коргоп алганга кудурети жетпей, оппозицияны баса калганга гана маш болуп калганын айткан.

Гезит андан ары президент К. Бакиевдин “Биздин парз-улуттук эс тутумду, салттарды кыйроодон сактоо” деген ат менен “Жаңылануу багыты” боюнча элге кайрылуусун жана ЖК депутаты Бакыт Бешимовдун “Бакиев “жаңыланабыз” деп элге кайрылуу жасаганда, ушундай ою болсо керек деп ишенген элек” деген ат менен гезит кабарчысынын суроолоруна жообу басылды.

Ушуга улай эле “Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Болот Шерниязовдун интервьюсу жарыяланды. “Биз кыргыздар, башыбызды бириктирип, каршылык көрсөтпөсөк, бизге галстук тагынган Кокон хандыгы келе жатат” деп айткан Б. Шерниязов: “Кайсы кыргыз дасторконду тебелеп, келген коногоун кубалачу эле? Кайсы кыргыз өз энесине, эжесине кол көтөрчү эле? Кайсы кыргыз өткөн арбактарына куран окутпай, мүрзө кайтарып олтурчу эле? Кайсы күч органдары элинин укугун кордоп, криминалдын буйругун аткарчу эле? Эли-жерин ойлобогон бул бийлик мамлекеттин түбүнө жеткени калды” деп жаны кашайган.

Аталган басылма андан ары Памир Манас аттуу автордун “бийлик” деген макаласын сунуштаган. Макалада “Элдик көтөрүлүш жолу менен бийликке келген Курманбек Бакиевдин дагы Кыргыздын Ата түркү болууга ушунчалык мүмкүнчүлүгү бар эле. Тилекке каршы антеалбады. Төрт жылдык башкаруусунда бир гана өз бийлигин чыңдоонунун камын көрүп, бийликке урук-тууган, жек жаатынан сырткары бир тууган инилерин да алып келип, оңой менен эл оодара алгыс бийлик түзүп олтурат. Ошентип Орто Азия титандары элди койдой айдап, камчы менен калк башкарып турган чактары. Бирок кайсыл бир күнү мындай бийлик урап түшөөр мезгил де келет” деп жазды

“Ачык саясат” гезити “Кара Жыгач жаңы конушунун тургундары Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, жарытылуу жооп болбосо 8-июнь күнү Ак үй алдына акцияга чыга тургандыктарын билдиришти. Атайын маалымат жыйынын өткөргөн конуш тургундарын 2005-жылы аларды Үсөн Сыдыков жетектеген “Жаңы Кыргызстан” партиясына күч менен киргизишип, мүчө болгондорго 4 сотыхтан жер бериле тургандыктарын айтышып, 29, 9 гектар жерге 795 үйбүлөгө там салганга уруксат беришкен. Октябрь райакимчилиги алгачкылардан болуп там салгандардын тамын сүздүргөнү жатыптыр. Жаалданган каражыгачтыктар “сүрдүртпөйм” деген Ү. Сыдыковго барышса “мен эч нерсе билбейм” деп, партбелеттерин көргөзсө “жасап алгансыңар” деп жаа бою качкан имиш” деп жазып чыкты “Жаңы Кыргызстан акцияга чыгат” аттуу кабарында. Ушул эле санга гезитттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун билдирүүсү, диктор Анаш Кадырованын “Т. Жаманбаеванын чүмбөтү акыры сыйрылыш керек эле...” деген ат менен эки бет интервьюсу, көлдөгү курултай тууралуу макалалар басылган.

“Эркин тоо” гезити “Тарыхыңды тактап ал, Манасыңды барктап ал, кыргыз!” деген аталыш менен редакцияда өткөн талкуунун материалын окурмандарга тартуулаган. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов “биздин бабалар Мисирди чаап, Египетте жүз жыл бийлик жүргүзгөн” десе, кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай “биз камырабай жүргөндө казактар Манастын идеясын уурдап алып кино тартып салышканын, алар Манастын образын Абылай хандын образына сыйдырышканын”айткан. Профессор Кадыралы Коңкобаев “ Орусиянын Маскөө облусунда иштеп жүргөн 6500 кыргыз кызы бир жыл ичинде аборт жасатышканын, кыргыз кыздары тууп таштап кеткен 60 таштанды бала Маскөөнүн балдар үйүндө калганын” кейиш менен кеп кылган.

“Кыргыз туусу” гезити Кинематография департаментинин деректири Абибилла Пазыловдун “Кыргыз киносунун кайра жаралуусун жаратар жаштарыбыз бар” аттуу маегин, согуш ардагери Мухамед Барктабасовдун “Сталин жана Хрущев”, Папан Дүйшөнбаевдин “Чыныгы тарых улутту чыйралтат”, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Насыят” аттуу баяндарын баскан. Журналист Бактыгүл Чотурованын “Пайгамбар жашына кадам” аттуу макаласы гезиттин фотокабарчысы Шекербек Сартовдун 60 жылдык кутман курагына арналган.

“Кыргыз руху” гезити “Азия курулуш” аферистпи?” аттуу макала жарыялады. Анда ушул уюмдун төрайымы Адина Турдугулова деген айымдын камакта жатканына бир айга чамалап калганы, “Пенсионерлер” деп аталган партия менен “Таза аба” курулуш комплекси президент К. Бакиевге Адина Турдугулованы камактан бошотууну суранып кайрылышканын, “президенттик программанын негизинде иш алып барган компания аферист болуп чыкса, президенттик эмес программа менен иштегендер кайда барат?” деген суроо койгон. Ушул эле гезитке “Мөңгү” фондунун президенти Үрүстөм Кабылбековдун “Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн эрип кетүү коркунучу чоң” деген тынчсыздануусу, журналист Тенти Орокчиевдин жазуучу Казат Акмат менен маеги, жазуучу Ильгиз Талиптин конкурска жөнөткөн аңгемеси жана белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын айтып бергендери жарык көргөн.