30-май күнү Бишкектеги Ала Арча көрүстөнүндө белгилүү коомдук, саясый жана маданий ишмер Дооронбек Садырбаевди эскерүү зыйнаты өтөт.
“Ачык саясат” гезити Д. Садырбаевге бүгүнкү санынын сегиз бетин арнады. Гезит ал жөнүндө маркумдун жашоодого орду жөнүндөгү макалалардын, жубайынын, шакирттеринин эскерүүлөрүнүн топтому менен жарык көрдү. Мындан тышкары тил сынагынын жүрүшүн, ачкачылык жарыялаган Москва район тургундарынын айтып бергендерин, бүрсүгүнү Түптө болуучу Элдик Курултайга карата “Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Эркин Алымбековдун “Каркыраны казактарга тарттырып, эл Турукка баралбай калды” деп аталган маегин сунуш кылды.
“Жарыкты үнөмдөсөк да Токтогул ГЭСинде суу азайды”, “Сариев – Атамбаев элдешеби?”, “Акматбаевди атпаганда Каркыра казактарга кетмек эмес”. Мына ушундай баштемалар менен жаңы санын ачкан “Кыргыз руху” гезити Аликбек Жекшенкуловдун сот ишине байланыштуу ой-пикирлерди, экс-вице-премьер министр Элмира Ибраимованын “Өзүм үчүн эч качан коркпойм” деген аталыштагы интервьюсун, Камбар Ата ГЭСи үчүн адистерди даярдап келаткан Кара-Көл энергокурулуш коллежинин деректири Шайырбек Чолпонкуловдун баянын ж.б. материалдарды жарыялады.
“Айгай” гезити “БЭКтин Түптө өтө турган Курултайын болтурбоо максатында бийлик тарабынан “жумуртка 11” операциясы мыкты даярдыктан өткөрүлүп жатыптыр...” деген кабар таратты. Ушул эле гезит аркылуу оюн билдирген “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев мурдагы партиялык-советтик аткаминерлер Кулмурзаев, Өмүралиев, генерал Дүйшөбаев башында турган “Ала-Тоо ынтымагы” деп аталган коомдун келечеги жок экендигин белгилеп: “ Анткени азыр биз кошоматчыларга, жасакерлерге, кара өзгөйлөргө, зөөкүрлөргө тоюп бүттүк” деп айтса, Лейлектеги Интернационал айылынын тургуну Роза Калдарова Баткен дубандык шайлоо комиссиясы атайылап оппозициядагы талапкерлерге топтолгон колдун бир бөлүгүн жарактан чыгарып, бут тосуп атканын, К. Бакиев үчүн казына капчыгынан маяна алган ар бир кызматкерге катуу тапшырма берилип, кол топтолгонун, айыл округунун башчысы Салимбай Умаровго кайрылып: “Агитацияны эрте баштадың, бул мыйзам бузуу деген болот. Бакиев берген машинени минесиң, 17 миң сом айлык аласың. Бирок жеп-ичкениңди токтот” деп айтканын “Админстративдик ресурс колдонула баштады” деген катында билдирген.
“Кыргыз туусу” гезити Турсунбек Солтобаевдин “Чым Коргондо картошка заводу курулат” аттуу макаласын басып, элет жериндеги чечилип-чеилбей келаткан маселелерге окурмандардын көңүлүн бурган. Ал эми журналист Жыпар Исабаеванын “Жазуучуларда жаңы төрага” жана Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Айдарбек Сарманбетовдун “Пленумга “пленге” түшкөндөр” деген макалалары бири-бирине карама-каршы көз карашты чагылдырган.
Ушул эле басылманын кабарчысы Марип Тайчабаровдун “Тирүүлүгүн сураган бала, атасын күткөн балдар” деген ат менен жарык көргөн интервьюсу Жогорку Кеңештин дайынсыз жоголгон депутаты Руслан Шаботоев тууралуу баяндайт. Гезит ошону менен бирге эле эне тилдин тагдырына арналган гезит окурманы Тайтөрө Батыркуловдун жана Ноокаттын Куу-Майдан айлынын ардагери Аббаз Көкөевдин каттарын, белгилүү акын, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кожогелди Култегиндин “Маскөөдө көчө шыпырган кыргыз палваны жөнүндө поэмасынын” соңку бөлүгүн, Чыгыш мадицинасы боюнча адис Бакир Камчыбековдун “Адам өзгөрмөйүн айланасын өзгөртө албайт” деген ойтолгоосун окурмандарга тартуулады.
“Агым” гезити Чоң Арык айылын көздөй кеткен жол боюнда “Манас айылы” деп аталган маданий-этнографиялык комплекс барын эске салып, эми ошону президент Курманбек Бакиевге жагынгысы келген бир үлкөн чиновник буздуруп, тирукмуш президенттик резиденция салдырып, Бакиевге белек кылат деп жатыптыр, “Манас айлын” талкалап, ал жерге кирген мамлекет башчысы оңмок беле! Кошоматыңарды Манасы жок деле жасасаңар боло, Акүйчүлөр!” деп жазды.
Гезит андан ары “Атамбаев-Сариев тиреши президенттик шайлоодо оппозициянын жеңилишине алып келбейби?” деген суроо менен айрым атуулдарга собол таштады.
Саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоев:- Эки инсандын тиреши жөнүндө уу-чуу кылгандар – чындап эле ошондой тирештин болушун, ал акыры оппозициянын жеңилишине алып келишин көксөгөн адамдар. Бирок алардын тилеги таш кабат.
Коомдук ишмер Амангелди Муралиев: - Оппозицияны жактагандардын добушу эки лидерге бөлүнүп, жыйынтыгында ийгилик К. Бакиевге оошу толук ыктымал.
Коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков: - Оппозициянын жеңер-жеңбеши А. Атамбаев менен Т. Сариевге көз каранды эмес. Президенттик шайлоонун тагдырын эл чечет.
Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов: - Оппозиция шайлоого жетпей жыдыганы качан. Оппозиция эч качан бириге албасын өткөн жылдын декабрында эле айткам. Оппозиционерлердин дымагы күчтүү, бири калбай президент болгусу келет. Андан башка жарытылуу идеясы жок.
Кыргыз Билим берүү Академиясынын жооптуу кызматкери Сейит Жаанбаев: - БЭК президенттик жарыгшка бир талапкерди сүрөөнгө алууга убада кылган. Бирок оппозициянын максаты жүзөгө ашпады. А. Атамбаев менен Т. Сариевдин так талашы эле оппозициянын ичтен иригенин айгинелейт. Мындай кырдаал 23-июлда оппозициянын утулушуна алып келет.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов: - Атамбаев менен Сариев тирешпеген күндө да оппозиция жеңишке ээ болбойт.
“Агым” ошондой эле кабарчы Келдибек Назировдун Түштүк аймагыбыздагы чегара маселесин кеп кылган “Жыртыгынан тешиги көп” деген көлөмдүү макаласын фотосүрөттөрү менен кошо тартуу кылды.
“Эркин тоо” гезити “Мамлекттик тил – мамлекетитин жүзү болуш керек” деген тема алдында тегерек үстөл уюштурган. Эки беттен турган талкуу кыргыз тилинин чечилбей келе жаткан көйгөйүн көтөрүп чыгат. Гезит андан ары казак акыны Эсенгелди Раушан менен кызыктуу аңгеме-дүкөн курган Акын Карбалас Бакировдун казак шериктешинен алган маеги “Кырдагы боз инген” же казак акынынын ыймандай сыры” деп аталат.