Маркос, Сомоса, Акаев, Бакиев жана башкалар

Минск -- Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев Белоруссияга барып баш калкалады, өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москвада турат.

Кыргызстанда эгемендик алган соңку он тогуз жылда эки президент бийликте турду жана экөө тең элдик козголоңдон улам кызматтан кулатылып, өлкөдөн качканга аргасыз болушту. Улуттун узак кылымдардан келаткан тарыхында кезикпеген бул тетири өнөгөдөн бир катар эксперттер азиялык, африкалык жана латынамерикалык диктаторлордон жуккан үйүттү көрүшөт.



Качкын президенттер кантип жаралат?

Соңку кырк жылда дүйнөдө качкын президенттер аз болгон жок, бирок Кыргызстандай эки ирет президент шайласа, эки мамлекет башчысы тең кара башын ала качкан өлкө азырынча жок.

Ар кайсы өлкөдө, ар түрдүү континентте болгонуна карабастан качкын президенттер жасаган иштер – алардын дээрлик баары негизинен "реформа" деп аталган – көп жагынан окшош болгон: бийликтин баары жеке бир кишиге топтолгон, мамлекет бир үй-бүлөнүн менчигине айланган, "мураскерчил-кланчыл" (patrimonial/clientelistic) режим түзүлгөн, шайлоо нытыйжалары бурмаланган, репрессивдүү саясат жүргүзүлгөн, айрым жерлерде эл кызыл кыргынга учураган.

Качкын президенттерди бийликтен кулаткан окуялардын – элдик козголоңдордун, массалык демонстрациялардын же аламан тополоңдордун, батыштагы илимий чөйрөдө "төртүнчү муундагы революциялар" (Jack Goldstone) деп атала баштаган ыңкылаптардын – максаттары да негизинен окшош болгон: алардын баары саясий режимди адилеттүү түзүлүш жөнүндөгү түшүнүктөргө ылайыктап өзгөртүүнү көздөп жасалган.

Бюрократиялык капитализмдин "атасы"

Филиппинде Фердинад Маркос (Ferdinand Marcos) бийликте турган жылдары өңчөй президенттин жакын адамдары, саясий санаалаштары гана байыды, муну кийин илимпоздор "бюрократиялык капитализм" же "иликтештердин рыногу" деп аташты. Өлкөнү Маркос өзү эмес, иш жүзүндө анын аялы Имелда башкарган. Анын менчик учагы конордо же учурда Маниланын аэропорту башка авиарейсттер үчүн жабылган, Имелданы улуттук кийим кийген, колдоруна гүл кармаган жүздөгөн балдар-кыздар, министрлер аялдары менен, жалпы жогорку катмар, бүткүл генералитет узатып жана тосуп алып турганга милдеттүү болгон. Эл кынжылып, кабыргасы саналып, ачарчылыктан миңдеген кишилер боо түшүп өлүп жаткан кезде Имелда итине жакуттан каргы тагып, жетелеп жүргөн. Анын ачкөздүгү ченемсиз болгон.

Оппозиция лидери сенатор Акино 1983-жылы Манилага кайтып келет, бирок аны аэропортто учактан чыгарда Маркостун бир кишиатары (киллер) тындым кылып салат. Өлкөдө массалык демонстрациялар башталат. АКШнын кысымы менен Маркос 1986-жылы мөөнөтсүз шайлоо өткөрүп, утулуп калат, бирок өзүн жеңүүчү кылып жарыялайт. Элдик козголоң тутанып, Маркос аялы менен Гавайиге (АКШга) качат. 1989-жылы аскерий төңкөрүш уюштурганга аракет кылып, анысы оңунан чыкпай калат. Маркостун үй-бүлөсү өлкөдөн уурдап качкан байлыкты айрым уюмдар 100 миллиард доллар өлчөмүндө баалашкан, аларды кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан эмес.

"Биздин иттин баласы"

Никарагуанын кырк төртүнчү жана кырк бешинчи президенти Анастасио Сомоса (Anastasio Somoza) бийликти атасынан жана агасынан "мурастап" алган. Анын тушунда 50 миң киши репрессиядан өлгөн, 120 миңдейи сүргүнгө кеткен, 600 миң адам үй-жайынан ажыраган. 1978-жылы оппозициялык гезиттин редактору Педро Чаморрону ( анын жесири Виолетта Чаморро кийин президент болуп шайланган) өлтүрткөн соң куралдуу козголоң башталган. Сомоса президент Картерге жардам сурап кайрылган. "Сомоса, албетте, иттин баласы, бирок ал биздин иттин баласы",- деген учкул кеп АКШда ошол маалда жаралган. Жардам болбогон соң Сомоса атасы менен агасынын мүрзөдөгү сөөгүн каздыртып алып, кап-кап акчасын, алтын дүнүйөсүн жүктөп, бүткүл туугандары менен өзүнүн "Боингине" отуруп, АКШга өтө качкан. Диктатордун жалпы байлыгы 400 миллион долларга барабар болгон дешет.

Качкын диктаторлор парады

Укук коргоочу уюмдар эсебинде, Уганданын диктатору Иди Аминдин ( Idi Amin) колунан 500 миңге чейин киши кырылган. 1979-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн улам адегенде Ливияга качып, кийин Сауд Аравиясына келип токтогон, азыр ал сексенге чукулдап калды. 1989-жылы Угандада аскерий төңкөрүш жасаганга аракет кылган. Анын балдары жана туугандары экс-диктаторду кайра бийликке алып келгени активдүү иштешти. Өзү туулган провинцияда Амин азыр да популярдуу дешет.

Гаитинин мурдагы лидери Жан-Клод Дювалье (Jean-Claude Duvalier) болжол менен өзүнүн 60 миңдей саясий оппонентин жок кылган. Ал да бийликти атасынан алган. Алардын режими Грэм Гриндин "Комедианттар" романында сүрөттөлгөн. 1986-жылдан бери Парижде жашайт, Гаитинин азыркы бийликтери аны сот жоопкерчилигине тарта албай жүрөт. Экс-диктатор элүүдөн ашты.

Чаддын мурдагы президенти Хиссэйн Хабре (Hissain Habre) сегиз жыл бийликте туруп, 40 миңдей адамды кырган, 200 миңдейин түрмөгө салып, концлагерлерге камаган. 1990-жылдан бери Сенегалда жашайт.

Менгисту Хайле Мариам (Mengistu Haile Mariam) Эфиопиядагы революциянын аркасында бийликке келип, 1991-жылы президенттиктен кулатылган жана Зимбабвеге качып, досу Роберт Мугабе ага баш калка берген. 2006-жылы Эфиопиянын соту аны 70-жылдардын этегиндеги геноцид үчүн өлүм жазасына өкүм кылган. Мугабе аны эфиопиялык бийликтерге кармап бергенден баш тарткан.

Парагвайдын мурдагы мамлекет башчысы генерал Альфредо Стресснер (Alfredo Sroessner) "өрнөктүү диктатор" аталат. Ал өлкөнү 35 жыл жалаң жеке өзү башкарды, 1989-жылдан бери Бразилияда жашайт, 90 жашта, эл алдына таптакыр чыкпай калды.

Былтыр Гондураста президент Мануэл Селайа (Manuel Zelaya) экинчи мөөнөткө бийликте калганы конституцияда каралбаган референдум өткөрмөкчү болуп, өз тарапкерлери менен бир катар массалык акцияларды өткөрөт, анын ичинде авибазаны ээлеп алат. Жогорку сот анын бардык аракеттерин мыйзамсыз деп таап, аны камакка алганга көрсөтмө берет. Аскерлер Селайаны үйүнөн кармап, коңшулаш Коста-Рикага чыгарып жиберет. Улуттар Уюму бул окуяларды мамлекеттик төңкөрүш деп баалайт, Америка мамлекеттер уюму Селайаны кайра бийликке коюуну талап кылат. Жаңы бийликтер буга жооп кылып, Гондурас бул уюмдан чыкканын жарыялайт, ноябрда жаңы президент шайланат.

Билимгөй жана түркөй авторитаризм

Кыргызстанда эки президенттин тушунда жагдай африкалык, латынамерикалык жана азиялык диктаторлордун маалындагыдай абалга жеткен жок, бирок мунун баары бир кубана турган жагы да жок. Кыргызстанда түзүлгөн бийликти эл аралык эксперт-аналитиктер менен байкоочулардын көбү жалпысынан бир эле режимдин эки башка баскычы жана деңгээли катары баалашты: биринчиси - "билимгөй", экинчиси - "түркөй" авторитаризм аталды. Ошонусуна жараша биринчисинде жети кишинин (Аксы окуясы), экинчисинде сексенден ашуун адамдын (Бишкектеги калайман) өмүрү кыйылды. Калган принциптүү иштерде деле эки президент тең өздөрүнө чейинки качкын президенттердин кай бир тажрыйбаларын кайталашты.

"Акрасыл-машаяк"

Аскар Акаевди чет элдик байкоочулар алгачкы жылдары "Борбор Азиянын Жефферсону" атыктырышты, ал эми жергиликтүү жасакерлер жамааты аны кыйын-кыстоо кезеңде кыргызды куткарганы келген "акрасыл-машаяк" ("Слово Кыргызстана", 2000-жыл) кылып жарыялаганга аракет кылышты. Өкмөттүк басылмаларда ("Кыргыз Туусу") улуттун өз салтына ылайык ырасмий түрдө президентти - "кан", анын аялын – "канайым" деп атап, муну мыйзамдаштыруу сунуштары айтылды.

Акаевдин тушунда ар бир эки жылда бирден референдум өткөрүлдү, "плебисцитардык демократия" авторитаризмге айланып, бийликтин баары президенттин колуна топтолду, үй-бүлөнүн үстөмдүгү күч ала баштады. Өлкөдө "бюрократиялык капитализм" ("NYT", 2003) түптөлдү, андан президенттин жакындары, анын командасындагылар гана туйтунду, калктын 80 проценти (дүйнөлүк банктын 1998-жылдагы эсебинде) жакыр абалда калды. Өкмөттөгү кызматтар кадимкидей сатылып калганын учурунда ырасмий айрым адамдар (маркум премьер-министр Ж.Ибраимов) таң калып тастыкташкан. Коррупция өкмөт үйүнүн жогорку кабатына чейин жеткенин Акаев өзү да моюнга алган. Бир кызматка кечинде бирөөнү бекитип, эртеси кайра башка кишини дайындаган учурлар көнүмүш ишке айланды.

Президенттин кызы саясий партия ("Алга, Кыргызстан") түзүп, парламенттик шайлоодо көпчүлүк орундарды алды, уулу да депутат болду. Дал ошол шайлоо 2005-жылдын мартындагы окуяларга от жагып берди.

"Улуу азирети"

Экинчи президент жана анын бийлиги жөнүндө коомчулук арасында, эксперттер журтунда үстөмдүк кылган пикирлерди жалпылаганда төмөнкүдөй көрүнүш түзүлөт:

Курманбек Бакиев Кыргызстанда аз эле мезгил ичинде неофеодалдык режим түздү, өзгөчө орто кылымдардагы непотизмди – мамлекетти балдарынын жана инилеринин энчисине басып берүү ыкмасын – жайылтты, саясий бийлик үлкөн байлык топтоонун каражатына айланды. Бийлик менен кылмыш ашташып кетти, президенттин эки уулу менен алты бир тууганы коомдук пикирди да "менчиктеп" алганга умтулушту, бери эле дегенде бийликке ыкрар кылбаган журналисттер сабалып, көбү чет өлкөгө кеткенге аргасыз болушту, кээ биринин көзү тазаланды.

Бакиев азыркы замандагы саясий институттарды, айрыкча демократияны жана шайлоону улуттун жолой-жосунуна ылайык келбеген "батыштын шаблону" деп жарыялады, мунун ордуна корпоратократияны (corporatocracy) сунуш кылды. Саясий корпорациянын өкүлдөрү былтыркы президенттик шайлоодон кийин апыл-тапыл пайда боло калган финансылык башкы корпоратократтан – президенттин кенже уулунан дароо эле "дүйнөлүк деңгээлдеги менежерди" ("Ак жолдун" лидерлери) көрүштү, Бакиевдин өзүнө "улуу азирети" (мурдагы өкмөттүн биринчи вице-премьери) деп кайрыла башташты.

Бийликке келгенден көп өтпөй Бакиев бийлик структураларын аны президент кылгандардан тазалады, өзү "тарыхый мунаса" деп баалаган саясий тандемди бузду. Бошогон орундар, айрыкча коопсуздук, милиция, прокуратура жана сот мекемелери саясий, жалпы эле маданий деңгээли тайыз кадрлар менен толукталды. Айрым булактар Бишкектеги окуяларда да акыркы чечимди Өкмөт үйүн окбаанелеп алган ошол ойон кеңешчилер кабыл алды дешет. Алар, сыйкы, Анжиандагы калаймандын ыкмасына салып, аламан топту аткылап койсо эле баары алдаалап качып берет деген кыязда болгон окшойт. Бирок улуттук жолойду – жаны карайып калганда кыргыз октон-оттон да кайра тартпай каларын – таптакыр капарга алышкан эмес.

Айтор, "улуу азиретинин" бийлигин анын өз туугандары, ишенген кеңешчилери ойронун чыгарып, анын ысымына жууса кеткис кандуу так салып беришти.

Кандидаттар

Байкоочулар Борбор Азияда, жалпы эле постсоветтик аймакта тарыхта качкын аталган президенттердин катарын толуктаганга реалдуу кандидаттар бар деп эсептешет. Алардын тагдыры кандай бүтөрүнө олуялык кылганга болбойт, ошол эле учурда Кыргызстанда эки ирет болуп өткөн элдик козголоңдон, өзгөчө акыркы окуядан олуттуу сабак алышпаса, мындай өнөгө кайталанбай турганына эч кандай кепилдик да жок дешет.