Апта окуясы: Президент болчулар тилчилердин сынында

Президенттикке талапкерлердин бири Жеңишбек Назаралиев талапкерлердин кыргыз тилди билишин эмес, акыл көрөңгөсүн текшерүү шарт экендигин айтып чыкты.

Талапкер болом дегендердин бири тил сынак башталаар алдында так талаштан баш тартты, дагы бири, кыргыз тилин сындады. Аптадагы бул окуяга удаа Тил мыйзамына өзгөртүү демилгеси козголуп жатканы кабарланды.
Мамлекеттик тил комиссиясынын карамагындагы окумуштуулар тобу талапкердикке арыз бергендерди сыноону мурда белгиленгенден бир күн кийин баштады. Буга Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун так талаштан баш тартышы себеп болду.

Мурдагы министр өз чечимин мамлекеттик тил сынагы эмес, оппозициянын кызыкчылыгы менен байланыштырды:

- Мен өз талапкердигимди алып коюуну чечтим, Бириккен элдик кыймылдын кызыкчылыгы үчүн. Себеби биз бир талапкерди алып чыгабыз деп чечкенбиз.

Исаковдон кийинки кезектеги дарыгер Жеңишбек Назаралиев сыркоолоп калгандыгын негиздеп, дагы кийинки талапкерге жол бошотту. Ушул эле аралыкта дарыгер БШКга ачык кат жолдоп, анда президенттикке талапкердин кыргыз тилди билишин эмес, акыл көрөңгөсүн текшерүү шарт экендигин айтып чыкты. Автор коом алдыга кеткен бүгүнкү шартта өтүп жаткан тил сынагынан көргөзмөлүүлүктү, талапкерди басмырлоону көрдү, тил сынагын талапкерлерди жарыштан чыгаруунун ыкмасы, мурдагы президент Аскар Акаевдин инстурменттерин колдонуу деп эсептеди.

Мындай дооматтар биринчи кезекте тилчи-окумуштуулар жактырышкан жок, шылтоо таап, сынакка катышуудан жүрөксүү катары баалашты. Мамлекеттик тилди урматтабай, текебер мамиледе туруп, мамлекетти башкаруу мүмкүн эмес деди “Азаттыкка” берген интервьюсунда филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева:

- Мамлекетти сүйүү - мамлекеттик тилди, улутту сүйүүдөн, урматоодон башталат. Анан өзүнүн тилинен сынак берүүгө текеберчилик мамиле жасап жатышы бул адамдын ахлактык-этикалык деңгээлин көрсөтүп турат деп ойлойм.

Анткен менен мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда түптөлгөн мамлекеттик тил комиссиясынын башкы максатын теңата, өзүнө ыңгайсыз талапкерлерди так талашка жолотпоо болгондугу төгүн эмес.

Мындай көз карашты кармангандардын бири, саясат таануучу Табылды Акеров азыркы саясий шартты мурдагы учурдан айырмалуу деп эсептейт:

- Көпчүлүк интеллигенция ушинтип ойлогон. Чын эле бирөөнү кулатыш үчүн, маселен, Феликс Куловду кулатыш үчүн ушундай эреже кабыл алынган деп. Бирок ал кезде миграция ушундай болуп кетерин, кыргыз жарандары чет мамлекеттерге кетип, орус тилинде сүйлөөгө мажбур болуп каларын эч ким билген эмес анда. Бүгүнкү күндө бул эреже толук кандуу өзүнө жооп берип жатат. Анткени чет мамлекетте кыргыздар орусча сүйлөп калып атат. Кыргыздар үйүндө да орусча сүйлөп калуу коркунучу бар...

Өнөктүк кызып турган маалда президент болом дегендердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүүнү турукташтыруу демилгеси пайда болду. Учурда Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев баштаган депутаттык топ мыйзам долбоорун даярдоо менен алектенип жатышат. Коммунист депутат аны мындайча негиздейт:

- Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин атайын түзүлгөн мамлекеттик тил комиссия туруктуу текшериши керек. Ар бир жаран программасы менен каалаган учурунда таанышып, тапшырып, керектүү, мыйзам чегинде сертификат алса, ошондо билинет. Шайлоого байланыштырбай сыноодон өтүшү керек. Кийин шайлоо болуп калса, ошол сертификатты тапшыруу оң деген оюм бар.

Мындай демилгени кубаттабаган тарап тил сынагын азыркы турушунда калтыруудан өтөрү жок, мыйзамды татаалдаштырууга муктаждык жок деп жатат. Муну чоң саясатка айландырып жиберүү саясий жараянды татаалдаштырып жиберет, тигил же бул кызыкчытыктарды коргоонун аргасын издегендер да, тапкандар да көп болот дешет азыркы эрежени жактагандар.

Азыркы турушунда тил сынагы Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык үч тепкич менен өтүп жатат. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун тил сынагынын алгачкы күнү маалымдаганы боюнча:

- Шайлоо Кодексинин 61-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти болгон адам милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде сүйлөй билиши керек, жаза билиши керек жана эл алдында өзүнүн оюн айта билиши керек.

Ушундай талаптын негизинде буга чейинки тил сынактарында талапкер болууну каалагандардын арасынан комиссиянын купулуна толбой калгандар чыга элек. Бул аралыкта 9 тилчи-окумуштуудан куралган сынак комиссиясы эч кандай саясий оюндарга аралашпастыгына, тигил же бул талапкердин кызыкчылыгын көздөбөй тургандыгына коомчулукту ишендирүүгө аракеттенишүүдө.

Талдоочу Табылды Акеров болсо мамлекеттик тил комиссиясы өзүн актоого аракет кылганы менен, саясий жараяндын бир бөлүгү саналган сынак комиссиясынын тигил же бул чечими сөзсүз түрдө коомчулукта саясий чечим катары кабылданары турган иш деген ойдо. Муну президенттикке талапкер болууну каалаган дарыгердин алдыдагы сынакка катышуу жараяны менен деле байланыштырууга негиз бар дейт талдоочу.

Ошентип сынак комиссиясы бул аптада 16 талапкердин үчөөнү сынактан өткөрүүгө жетишти. Сынакты күтүп жаткандардын катарында коомчулукка белгилүү саясатчылар менен катар саясатка буга чейин аралашпаган, таанымал эмес инсандар да арбын болууда.

Белгисиз адамдардын мамлекетти башкаруу дымагы мамлекеттик институттун кадырын кетирүү катары дагы, саясий технологиянын жемиши катары да каралууда. Ушул аптада буга байланыштуу парламентте Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков билдирүү жасады:

- Айтып атат, кээ бир талапкерлер чыгып алып:”Мен улуу саясатчымын, 500 жылда бир кыргыз төрөлөт мага окшош” депчи. Ошолорду көрүп туруп бүт кыргыз элине баа берип жатышат. Эми уят маселе болуп жатат. Мен айтар элем, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин ден соолугун, кээ бирин Чым-Коргонго дарылаш керекпи, же болбосо кайсы жердин жараны экенин да текшериш керек болуп жатат. Болбосо кыргызда: “Алыңа карап иш кыл, жылкыңа карап ышкыр!” деген макал бар. Мамлекетибизди, эл-журтубузду уят кылышпаса жакшы болор эле ушу талапкерлер.

Исабековдун демилгесин ишке ашыруу өтө оор маселе дейт коммунист депутат Искак Масалиев:

- 90-жылдары президенттик институт киргизилгенде ушул маселе каралган болчу. Айрыкча психикалык-дене боюнун сапаттарын көрүш керек деп. Бирок кантип текшересиң. Бул жерде татаал маселе кайсы догдур, кантип текшерет деген. Бирок бул жерде негиз бар. Шайлоодо маскарапозчулук кылбаш керек.

Президенттикке талапкер болом дегендердин деңгээли коомдогу моралдык баалуулуктардан, саясий маданияттан көз каранды болуп турат. Саясий элита негизинен ушундай көз карашты карманып турат:

- Исабеков айткан маселени коомдо түзүлгөн моралдык нерсе чечет. Чынында эле кээ бир талапкерлердин сөздөрүн карап туруп мен айран калып атам. Мындай нерсени адамдар ойлоп сүйлөсө жакшы болот эле. Калгандарын айтпай эле коеюн. Мени кыжалат кылган бир нерсе турат: кыргыздын куттуу төрүн көрүнгөндөр тебелегиси келип жатат. Эгер коомубуз моралдык пейил-ниет жагынан оңолсо саясат да жогору деңгээлде болот эле. Анан саясий маданият да жогору болот эле. Азыр ага шарт жок, - дейт социал-демократ Бакыт Бешимов.

Талдоочулар болсо каражатсыз, беймаалым, мамлекетти башкарууга даярдыгы жок адамдардын талапкер болуу аракеттеринин артында чоң саясат бар деп жатышат. Мындайда алардын саламаттыгы дагы, атын чыгаруу аракеттери дагы өзгөчө мааниге ээ эмес. Анткени, алар саясий технологиянын туундусу дейт талдоочу Марс Сариев. Анын оюнда саясий технологиянын түрдүү ыкмаларын батыл пайдаланууга расмий бийликте гана кудурет күчтүү:

- Бул оппозицияны иритүү максатын көздөп, саясий технологдордун атайын жасап аткан иши. Нур Омаров айткан (саясат таануучу) клоун саясатчылар келет деп. Алардын баары ак үй үчүн жакшы жумуш. Азыр жараяндардын бардыгы моделдешкен. Мурдагыдай эстетикалык саясий жараян жок, толугу менен моделдешкен.

Талдоочу Марс Сариевдин мындай пикирин кубаттаган Табылды Акеров:

- Куурчак талапкерлер ошондой ыкма үчүн даярдалат. Мисалы бир негизги киши момундай маалыматтар бар экен кол топтоо боюнча деген маалыматты берет. Ошонун негизинде тигилер сотко берет дагы, тигинин тизмеси кандайдыр бир мыйзамдарга туура келбей калат. Мисалы аймактар боюнча кол тамгалар мыйзамдагыга жетпей калат же саны аз болуп калат. Анын негизинде берки талапкерди да оюндан алып чыгып койсо болот. Ошондуктан, кол топтоо дагы туура эмес, - дейт.

Учурда талапкер болууну каалап, арыз берген жарандар мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан тышкары кол тамгаларды жыйноо менен алектенүүдө. Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн 50 миң кол тамга керек болсо, алардын 3% ар бир аймакка тиешелүү болушу шарт. Бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган кадырэсе талаптардын бири катары саналып келатат. Кол тамгаларды мыйзамга төп чогултуп, тил комиссиясынын сынагынан өтө алгандар гана талапкер катары катталуу укугуна ээ болмокчу. Мындай мүмкүнчүлүк канча талапкер үчүн түзүлөөрү келерки апталарда аныкталмакчы.