Ташболот Балтабаев: Парламент ишин 2-декабрда баштайт

Ташболот Балтабаев "Азаттыктын" студиясында.

“Ата Мекен” КСДП жана "Республика" менен коалиция түзүүгө макул болду. “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташболот Балтабаев буга байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.
- Сиз бир катар эл аралык агенттиктерге коалиция келишимине кол коюлганын айткан экенсиз. Азыр үч партиянын тең лидерлери кол койдубу?

Ташболот Балтабаев: Ооба, кол коюлду. Азыр жумушчу топ түзүлүп, коалициялык келишимдин документтери такталып, макулдашылып, акыркы варианттары даярдалып жатат. Бүгүн-эртең бүтөбүз. Буйруса 2-декабрда, саат тогуз отузда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынын чакырып, ушул маселелерди бекитүүгө өтөбүз.

- Бүгүнкү чечимге Ош жана Бишкекте болгон жардыруулар таасир эттиби? Ушул жагдай маселенин тез чечилишине алып келди деп айтсак болобу?

Ташболот Балтабаев: Кандайдыр бир деңгээлде таасир этти десек болот. Мамлекеттин аймагында болуп жаткан жагдайларды, элдин талабын эске алып, ушуну тездетели деп чечтик.

- “Ата Мекен” партиясы макулдугун бүгүн берди. Эмне үчүн маселе ушул убакка чейин созулуп келди?

Ташболот Балтабаев: Биз буга чейин эле “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланыш керек деген маселени коюп келбедик беле. Ошол маселе чечилди да.

- Бүгүн ошол макулдашууга кантип жетишип калдыңар?

Ташболот Балтабаев: Негизги маселелердин бири болгон ошол төраганын орду болчу да. Ошол маселе кечинде эки партиянын чечими менен сунушталды. Биз аны кабыл алдык. Ошентип эле чечилип калды.

- Акыркы маалыматтар боюнча келишимдин КСДП жана “Республика” кол койгон вариантына айрым өзгөртүүлөр киргизилип жаткан экен.

Ташболот Балтабаев: Эми бул принципиалдуу өзгөртүүлөр эмес. Кээ бир “Ата Мекен” партиясынын программасындагы өзөктүү маселелер да камтылыш керек деп эсептейбиз.

- Кандай өзгөртүүлөр туурасында сөз болуп жатат?

Ташболот Балтабаев: Бул толук чечилип бүтө элек. Биз өзүбүздүн сунуштарыбызды берип, эки партия менен макулдашуулар жүрүп жатат. Канчасы кирет, канчасы кирбейт - аны айтыш кыйын. Бүгүн эртең ошол маселелер чечилет. Ошондой эле келишимге алты тиркеме тиркелет. Ошол тиркемелерде Жогорку Кеңеште канча комитет болуш керек, алардын жетекчилери ким болуш керек, өкмөттүн программасы боюнча алымча- кошумчалар болуп жатат. Бүгүн-эртең үч партия толук макулдашылган позиция чыгыш керек да. Ошон үчүн мен азыр атын атап кеткеним кичине эрте болуп жатат.

- Азыр коалиция түзүлдү деп бекем айта берсек болобу?

Ташболот Балтабаев: Айтсак болот.

- Мындан аркы коалициянын кадамы кандай болот? Парламент качан ишин баштайт?

Ташболот Балтабаев: Парламент 2-декабрда, саат тогуз отузда ишин баштайт. Адегенде парламенттин курамы бекитилет. Андан кийин өкмөттүн программасы, структурасы жана курамы бекитилет.

- Сиздер күткөндөй коалиция түзүлдүбү?

Ташболот Балтабаев: Бардык варианттардын ичинен эң оптималдуу, эң негизгиси эл күткөн коалиция түзүлдү деп ойлойм.

- Рахмат.