Парламентте оппозициянын кубаты болобу?

Жаңы парламентте 120 депутат болот.

Президенттин сөзүнө караганда, жаңы шайланган парламент ушул жума ичинде алгачкы жыйынына чогулууга тийиш.
Сессияга чогулууга чейин кандай иштер аткарылууга тийиш жана жаңы Жогорку Кеңеште оппозицияга кандай ыйгарым-укуктар берилет?

Кайсы партиялар оппозиция болушу ыктымал?

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, депутаттыкка өткөн талапкерлер депутаттык макамга туура келбеген иштерин токтороору тууралуу арызын 2-ноябрдан тарта жаза башташты. Документтерди даярдоого байланышкан бул жараян эки-үч күнгө созулушу мүмкүн.

Президент Роза Отунбаева шайлоо алдында 25 партиянын өкүлдөрү менен жолугушту, 7-сентябрь.
Президент Роза Отунбаеванын баамында, жума күнгө карай депутаттарга мандаттар тапшырылып, парламент алгачкы отурумуна чогулуп калат:

- Баары өз нугунда болсо, жума күнү БШК салтанаттуу түрдө документтерди тапшырса болот. Андан кийин депутаттар ант беришет. Андан соң алгачкы сессияга бардык депутаттар отурушат.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыктарын жарыялагандан кийин үч күн ичинде сотко берүүгө нааразы тараптарга мүмкүнчүлүк берилерин ачыктаган.

Белгилүү болгондой “Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКнын чечимдерин сотко берүүгө камданууда. Бирок партиянын өкүлү Екатерина Быцко сотко кайрылуу үчүн БШК тийиштүү токтом жана чечимдерин бербей жатканын 2-ноябрда ачыктады. БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова буга мындай жооп берди:

- Газетада баары бар. Бүгүн “Эркин-Тоого” кыргызча да, орусча да чыкпадыбы. Ошону ала беришсе болот.

Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы бул күндөрү келечектеги депутаттардын документтерин даярдоонун үстүндө иштеп жатат. Алгачкы сессияга чогулгандан кийин эле коалиция түзүү боюнча расмий сүйлөшүүлөр жана иштер башталат. Башкаруучу коалицияга кирбей калган фракциялар оппозиция болуп калат.

Азыркы мезгилде КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары коалиция түзүүгө жакын экени айтылууда. Эгерде ушул үч партия коалиция түзсө, анда “Ата-Журт” жана “Ар-Намыс” партиялары оппозиция болуп калат.

Быйылкы жылы 27-июнда кабыл алынган Конституцияда оппозициянын ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн.

Маселен, Конституциянын 76-беренесине ылайык оппозициялык фракцияларга Жогорку Кеңештеги бюджет жана тартип, укук багытындагы комитеттер берилет. Андан сырткары оппозиция Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Эсеп палатасынын курамынын үчтөн бирин шайлай алат.

Оппозиция укуктук жактан коргоого алынганбы?

Булардан сырткары оппозицияга айрым олуттуу эмес таасир этүү мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, Конституциянын 85-беренесинин 3чү бөлүгүнө ылайык депутаттардын үчтөн бири өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин парламенттин күн тартибине коё алат.

Мукар Чолпонбаев
Өлкөдөгү белгилүү юристтердин бири Мукар Чолпонбаев оппозициянын ыйгарым-укуктары мыйзамдык деңгээлде аныкталышын кубаттап, буларга токтолду:

- Мыйзамдык деңгээлде оппозициянын ролун аныкташ жакшы. Анткени оппозиция кичине болсо дагы укуктук тараптан коргоого алынгандай болуп көрүнөт. Ошол эле кезде оппозициянын кыла турган ишин регламенттештирип коюунун өзү оппозициянын колун байлагандай кылып коёт. Мына ошол жагынан оппозицияга бир топ зыян алып келиши мүмкүн.

Мукар Чолпонбаев парламентке кирбей калган оппозиция менен эч кимдин иши болбой жатышын негизги маселе катары кошумчалады.

Шайлоого катышып, парламентке өтпөй калган партиялар добуштарды кайра саноону талап кылышкан. Бирок ага негиз жок экенин БШК билдирип келатат.

Ал эми Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымбек уулунун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, алар 2-ноябрда Биринчи май райондук сотуна 10-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу арызын тапшырды. Алар Конституциянын 70-беренсине таянып, шайлоо мыйзамсыз өткөнүн билдирүүдө. Бул беренеде депутаттарды шайлоо жана босогону аныктоо тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат деп жазылган.

Өз кезегинде Конституциялык кенешменин мүчөлөрү Конституциянын 70-беренеси келечекке багытталганын билдирүүдө.