Масилет кеңеши көпүрө боло алабы?

Убактылуу өкмөт төрайымы Р. Отунбаева Масилет кеңешине өкмөттүн туура эмес иштерин айтып турууну сунуштады.

Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын катышуусунда өткөн Масилет кеңешинин алгачкы отурумунда кадр саясаты, мыйзамдын сакталышы, жумушсуздук маселеси көтөрүлдү.
Жыйындын катышуучулары өлкөдө экономикалык абал оор экендигин, ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо зарылдыгын айтышты.

Жарандык коомдордун, саясий партиялардын, бизнес чөйрөсүнүн жана жаштардын өкүлдөрүнөн куралган Масилет кеңеши коомчулук менен Убактылуу өкмөттүн оротосундагы көпүрө болуп, бийликке үнү жетпей жаткан карапайым адамдардын көйгөйүн тиешелүү органдарга жеткирип туруусун өтүнгөн Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева аталган кеңештин мүчөлөрүн дагы бийликке сын-пикирлерин айтып туруусун өтүндү.

-Убактылуу өкмөттүн туура эмес жактарын, көзү жетпей жаткан жактарын, укпай жатканын сиздер бизге айтып, эл менен бизди байланыштырып, жете албай жаткан пикирлерди, ойлорду айтсаңар бизге жардам берет эле. Силерге миң мертебе ырахмат айтат элек.

Роза Отунбаева белгилегендей маалымат каражаттарында, эл арасында өзгөчө кадр маселеси боюнча Убактылуу өкмөткө жүйөөлүү сын-пикирлер айтылууда.

- Бул жагынан элдин бары эле бизди айыптап жатышат. Портфель талашып жатышат, компетенттүү адамдарга кызмат бербей жатат, туугандарына берип жатат деп айтышууда. Бул абдан туура нерселер. Сөзсүз бизде атуулдук көзөмөл болушу керек. Буга чейин атуулдук көзөмөл болбогон бийлик эмне болгонун баарыбыз эле билебиз.

Бийликке атуулдук көзөмөл керектигин белгилеген Роза Отунбаева авторитардык бийликтен запкы көрүп, керт баштарын тобокелге салып коюп Элдик ыңкылапта алдыңкы катарда жүргөн активисттерге кызмат берилгенин, кызматтарга азыркы дайындоолор – революциялык дайындоолор десе туура болорун айтты.

Ал ошондой эле алдыда президенттик, парламенттик жана жергиликтүү бийликтерге шайлоолор болоорун, эл өздөрү тандаган адамдар убактылуу кызматта тургандардын ордун ээлерин баса белгиледи.

Масилет кеңешинин жыйынына катышкан Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев жалпы жонунан өлкөдө
Кыргызстан коммунисттери партиясынын лидери Искак Масалиев. Бишкек. 2010-жылдын 27-апрели.
мыйзамдуулукту сактоо зарылдыгын, кадр маселесиндеги калпыстыктар тууралуу пикирин билдирди:

-Убактылуу өкмөт каталарын мойнуна алып жатат. Бирок мен жалпы жонунан мыйзамдуулуктун сакталышы, кадр маселесине көңүл бөлүүсүн айттым.

Алгачкы талкууда эле Убактылуу өкмөттүн төрайымын коргоочулар жана сын айтуучулар болуп экиге бөлүнүп жатышы Масилет кеңеши натыйжалуу иштеп кетишинен күмөн туудурат дейт И.Масалиев.

- Мен ойлоп жатам, бул Консультативдик кеңештин мааниси жок окшойт. Себеби дегенде, Роза Отунбаевага сөз тийгизбей, аны коргоочулар чыга баштады. Бир тарап сын айтса, экинчи тарап мактай баштайт. «Убактылуу өкмөттү биз бийликке алып келгенбиз. Силер тийишпегиле», - деп чыгат. Анан пикир келишпестиктер чыгып, натыйжа деле бербейт го.

Базар, соода жана тейлөө тармактары Ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев өлкөдө экономикалык кырдаал оор экендигин, көпчүлүк жерде мыйзамсыздык өкүм сүрүп жатканына токтолуп, Убактылуу өкмөт ишкерлерди, инвесторлорду коргоо боюнча декрет кабыл алганы менен ал иш жүзүнө ашпай жатканын белгиледи.
Муктар Өмүракунов

«Замандаш» ассоциациясынын президенти Муктар Өмүракунов Масилет кеңеши бийликке коомдук көзөмөл кылууга, Убактылуу өкмөткө элдин көйгөйүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейт. Ал Убактылуу өкмөттүн уюштуруу иштеринде кемчиликтерге орун берилип жатканын, бирок аларды сындап четте карап отуруп албай, өлкөнүн коопсуздугу жана биримдиги үчүн ар бир атуул колдон келген жардамын бериши керек деген ойдо.

«Эркин шайлоо» партиясынын лидери Владислав Лисовский болсо Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда саясий-экономикалык эле байланыш эмес, аскерий кызматтыштыкты арттырууну сунуштады.

Масилет кеңеши ишкер чөйрөсүнүн, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен Убактылуу өкмөттү тыгыз байланыштырып, кеңеше турган орган катары эсептелет.

Масилет кеңешинин алгачкы отурумуна экс-премьер-министр Амангелди Муралиев, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, кинорежиссер Садык Шернияз, «Замандаш» партиясынын лидери Муктар Өмүракунов, укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Ракия Жусупова, Дмитрий Кабак жана башкалар катышты.

Жыйынга чакыртылган «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров отурумга келген жок.