А.Бекназаров: Бийлик Элдик жыйынды үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрүүдө

Элдик революциялык кыймыл бүгүн Таласта Элдик жыйын өткөргөнү жатат. Анын алдында кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров "Азаттыктын" таңкы түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Азимбек мырза, бүгүн Таласта өтүүчү элдик жыйынды үзгүлтүккө учуратуу үчүн жергиликтүү бийлик ар кандай шылтоолор менен бут тосууларды уюштуруп жатат деген маалыматтар айтылууда. Жеке сиз кандайдыр бир тоскоолдуктарга кириптер болдуңузбу?

-Жок. Жеке мен тоскоолдука дуушар болгон жокмун. Мени эч ким көргөн да жок. Эч ким байкаган да жок. Ошондуктан мага жеке бут тосуулар болгон жок десем болот.

-Расмий бийлик өкүлдөрү сиз баш болгон революциялык кыймыл “бөйрөктөн шыйрак” чыгарып, мамлекеттин саясий туруктуулугуна доо кетирет деп кооптонууда. Алардын мындай кооптонуусунда канчалык негиз бар?

-Эч кандай негиз жок. Бирок биз элдин арасында Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунда болгонубузда бийлик тарабынан атайылап ойлоп чыгарылган үгүт иштери жүргүзүлгөндүгүн айтып беришти. “Мынакей оппозициянын айынан төө буурчак алуучулар кетип калышты. Келбей жатышат”,-деген сөздөрдү таратып, активисттерди куугунтукка алып, коркутуп-үркүтүүлөр болгонун, Элдик жыйынга барбайсыңар, элди чыгарбайсыңар деп, авто унаалардын айдоочуларын коркутуп жатканын өз кулагыбыз менен угуп, кишилер менен жолугуп көрдүк.

- Айрым булактар оппозицияны эл колдобойт, элдин ишениминен кетти деген сөздөрдү таратууда. Таластын карапайым калкынын оппозицияга болгон көз карашы кандай экен?

- Бүгүнкү күндө Таластагы элдин 80-90 пайызы бийликке нааразы болуп жатканын эшиттик. Биз той болуп жаткан жерге барганыбызда бардыгы чурулдап эле “биздин төө буурчагыбызды дагы Бакиевдин үй-бүлөсү, милиция кызматкерлери Түркиядан келген ишкерлерди киргизбей, баланча баадан ашырбайсың”, - деген дооматтарын карапайым калктын баары айтып жатышат. Бийлик ушуну кылып жатат, электр жарыгын 12 саат өчүрүү улантылууда дешүүдө. Мына түндө саат 12де өчкөн электр жарыгы азыр таңкы алтыда күйдү. Тескерисинче бийликке элдердин дээрлик бардыгы нааразы болушууда. Оппозицияга дагы нааразы. “Эмне үчүн оппозиция биригип, бийликке каршы күрөшпөйсүңөр? Эмне Бишкекте жатып алып чуру-чуу түшөсүңөр? Эмне үчүн элге келбейсиңер?”- деген нааразылыктарын бизге айтышты.

- Бүгүнкү Таластагы элдик жыйында каралуучу негизги маселелер кайсылар?

-Негизги маселе бийликке болгон элдин ишеними. Элде канчалык деңгээлде бийликке ишеним бар? Деги эле бийлик жөнүндө эл эмне деп ойлойт? Революциялык кыймылды эл колдойбу, колдобойбу? Мына ушул маселелерди элдик талкууга коебуз.

- Президент Курманбек Бакиевди дагы кызматынан мөөнтүнөн мурда кетирүү талабы коюлат деп мурда кабарлагандай болдуңуздар эле?

-Ооба ал маселе сөзсүз коюлат. Бул бийлик жакшылап иштеш керекби же кетиш керекби деген маселени дагы коюп жатабыз.

- Баягы май айындагы Түп районунда оппозицияга карама-каршы адамдарды уюштургандай окуя кайталанышы мүмкүнбү?

-Андай коркунуч бар. Жана кебимдин башында айтып кетпедимби, бийлик өкүлдөрү үймө-үй кыдырышып оппозицияны жаманатты көргөзүшүүдө. Андан сырткары биз Элдик жыйын өткөрө турган стадиондун жанында элүү метр жердеги ипподромдо саат он бирде акысыз оюн-зоок, чоң программадагы концерт уюштуруп жатышат. Андан беш жүз метр бери тарапта күрөш, эңиш сыяктуу улуттук оюндарды уюштуруп жатышат. Ошол жердеги айылдарда дагы оюндарды уюштуруп коюшуптур. Андан сырткары көчөмө-көчө ар жерде ИИМ кызматкерлеринин постторун коюп коюшуптур. Ары-бери өткөн унааларды каяка баратасың деп текшерүү болууда. Бийликтин негизги максаты Элдик жыйынды үзгүлтүккө учуратуу. Анан баягы адатынча “буларды эч ким колдогон жок”-дедиртип, дежурларды сүйлөтүп КТРдан көргөзүшөт да.