Элдик курултай президент талапкердигине Атамбаев менен Исаковду көрсөттү

Бишкектин өйдө тарабындагы Арашан айылында өткөн үчүнчү Элдик курултайдын делегаттары БЭКтин атынан Алмаз Атамбаев менен Исмаил Исаков президент болууга татыктуу деп, алардын талапкерлигин бир добуштан көрсөтүштү.
Алмаз Атамбаев элдин мындай ишенимин актап эл үчүн, мамлекет үчүн адал иштей тургандыгын билдирип элдин, ак мөнгүлүү тоолордун жана Кудайдын алдында ант берди. Андан тышкары мамлекет башчылыгына шайланып калса президенттин ыйгарым укук-милдеттерин кыскартууга убада берип, өзү Кудайдан башка эч кимден коркпостугун, мамлекетти сактап калуу күрөшүндө өмүрдү берүүдөн кайра тартпаш керектигин билдирип, оппозициянын башкы максаты бир президентти экинчисине алмаштырып коюу эмес, элге кызмат кыла турган президентти тандоо керектигин белгиледи.

Элдик курултайда сүйлөгөн жер-жерлерден келген өкүлдөр өлкөдө бийликти алмаштыруу зарылдыгын да белгилешти. Баткен облусунан келген делегат Мамуржан Шарипов өз сөзүндө азыркы президент ыңкылаптан кийин берген убадаларын аткарбаганын айтып, ошон үчүн жаңы президент шайлап, Кыргызстанды үй-бүлөлүк башкаруудан куткаруу керек деп билдирди. Анын айтымында, мындай милдетти БЭК аткарыш керек деп жер-жерлердеги эл талап кылып жатат.

Жалал-Абат облусунун делегаттарын баштап келген Топчубек Тургуналиев болсо авторитардык ыкка оогон азыркы бийликти кетирип, Кыргызстандын демократиялуу өлкө деген аброюн сактап калуу керектигин билдирди.

Ага чейин сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Эл Баатыры Сооронбай Жусуев мамлекеттин алдында турган мындай олуттуу милдетти президенттикке көрсөтүлүп жаткан Алмаз Атамбаев көтөрө алат деп билдирген.

Ош облусунун делегаттарын баштап келген Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов 23-июлдагы президенттик шайлоодо эл бүгүнкүдөй ынтымакта добуш берип, жеңишти майрамдаш керек жана эгер оппозициянын талапкери утулса элдин утулганы деп бааланарын айтты.


Ош облусунан келген делегаттардын арасында Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Замир Парманкуловдор да бар.

Кыргызстанды үй-бүлөлүк башкаруудан куткаруу милдетин БЭК аткарыш керек
Ошондой эле курултай делегаттары Кыргызстандын жалпы элин, түштүк деп бөлүнбөй, ынтымактуу жана биримдиктүү болууга чакырып жатышат. Алардын айтымында, эки жакка бөлүнүү мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетириши мүмкүн, бирок азыркы бийлик мындай кооптуу жагдайды эстен чыгарып, башкаруунун бардык тармактарында жердешчилик, жек-жааттык мамиленин өрчүшүнө шарт түзүп жатат. Ошондуктан делегаттар кадр саясатынан баштап мамлекеттик башкарууга чейин өң-тааныштыктык менен коррупцияны жоюп, кесипкөй, эл-жерди сүйгөн чыныгы патриотторду тартуу керек деген талаптарды коюп, президенттикке талапкер Алмаз Атамбаев жеңишке жетсе ушундай саясат жүргүзөт деп ишенишээрин айтышты.

Бириккен элдик кыймыл оппозициядан президенттикке бирдиктүү талапкер катары Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн 20-апрелдеги маалымат жыйынында жарыялаган.












Тасма: Элдик курултай Чүйдүн Аламүдүн районунун Арашан айылында өттү


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Элдик курултай Чүйдүн Арашан айылында өттү




Бишкектин жанындагы Арашан айылында өткөн III Элдик курултай Алмаз Атамбаев менен Исмаил Исаковдун президентикке талапкердигин Бириккен Элдик Кыймылдын атынан бир добуштан көрсөттү. 2009-ж., 25-апрел. MiT.