Бүгүн “Түндүк электр” ишканасын сатып алуу боюнча сынакка Орусиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматы энерго”, Кыргызстандан “Спецэнергострой” акционердик коому документтерин тапшырып, комиссия кабыл алганы белгилүү болду.
Эми алардын документтерин тийиштүү комиссия иликтеп чыккандан кийин жеңүүчү аныкталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров айтып берди.
- Сүйөркул мырза, “Түндүк электрдин” сатыкка коюлуп атышы тууралуу толугураак айтып берсеңиз?
- Октябрь айында өкмөттүн токтому менен “Түндүк электр” акционердик коомунун 81% акциясын сынакка чыгарып сатуу боюнча чечим кабыл алынган. Ошонун негизинде биздин министрликтин чечими менен тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан атайын комиссия түзүлгөн. Ушул комиссия өзүнүн шарттарын иштеп чыгып, басма сөзгө кулактандыруу бергенбиз. Ошол кулактандыруунун негизинде бүгүн саат 15те документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктамак. Мына саат 15 болду, биз сынакты ушул комиссиялардын керектүү кишилери катышкан компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачтык.
Азырынча бизге 3 компаниядан катышууга арыз келип түштү, бул компаниялар: Кыргызстандын “Спецэнергострой” акционердик коому, Казакстандын “Алматыэнерго” акционердик коому жана Орустардын “Якутспецстрой” деген 3 компаниялары. Өзү тендерди жүргүзүү эки этап менен жүрөт, биринчисинде ошолордун сунуштары, же болбосо бизнес долбоорлору каралып чыгат. Ошолордун ичинен мыкты деп табылгандары, биздин шартка жооп берет дегендер экинчи этапта жүргүзүлөт да, анда финансы сунуштары каралат. Кайсы компания көп берсе, ошону конкурста жеңүүчү деп табууга комиссиянын укугу бар.
-“Түндүк электрдин” баасы канча болуп жатат ошондо?
Өкмөттүн быйылкы жылдын 9-октябрдагы токтомунда “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети баасы белгиленбестен инвестициялык конкурска коюлсун делген. Ошондуктан азыр муну мынча баага сатылат деген чектөө жок. Эгерде берилген сунушу туура келе турган болсо конкурстук комиссия аларды жеңүүчү деп тапса болот. Туура келбесе, жакпай калса конкурстук комиссия эч кандай себебин түшүндүрбөй туруп, каалаган компанияны конкурстан четтетип коюуга укугу бар, эгерде алар биздин кызыкчылыкка, биздин талапка жооп бербейт десе.
- Ошол эле учурда жарандык коом өкүлдөрү, оппозициялык саясатчылар айтып атышат, жогорку бийликтин кысымы менен ушундай менчикке чыгарылып атат деп. Бул тажрыйбаны казак бийлиги да учурунда колдонуп, кийин кайра көптөгөн суммага сатып алган деген да сөздөр айтылууда.
- Бул токтом кабыл алынып атканда, же болбосо Жогорку Кеңеште кабыл алынганда кандайдыр бир күч жумшалып же болбосо бир кыйноолор жүргүзүлгөнүн биз байкаган жокпуз, булардын баарын депутаттар өздөрү карап, изилдеп чыккан. Мисалы, ушул 4-этапты акыркы 3-4 жыл депутаттар карап, кайра өкмөткө жөнөтүп, кайра иштеп чыгып отуруп кабыл алган. Анан өкмөт өзүнүн чечимин кабыл алды, ал жерде журналисттер да жүрүп атат.
Анан бул жөнүндө, өзүнүн позициясы жөнүндө биздин бир топ жетекчилер оюн айтып эле келе атат, анын жашыра турган эч нерсеси жок. Бүгүнкү күндө эми бул ишкананы менчиктештиришибиз керек, инвесторлорду табышыбыз керек дагы модернизация кылып, көп иштерди жасашыбыз керек. Мисалы үчүн жанагы конкурстун бирден бир талабы - 66 миллион доллардан кем эмес инвестицияны ушул “Түндүк электрге” алып келиш керек.
Тасмада: Жарандык уюмдун 6 өкүлү нааразылык билдирди
Жарандык уюмдардын 6 өкүлү Мамлекеттик мүлк министрлигинин жыйындар өтүүчү залына келишип, “Түндүкэлектр” ишканасына тендер өткөрүү боюнча комиссиядан аталган ишкананы сатпоого чакырып, элдин байлыгын сактап калууга үндөштү. MiT.

"Түндүк электрди" сатып алуу боюнча сынакка үч компаниядан арыз түштү.
Азырынча бизге 3 компаниядан катышууга арыз келип түштү, бул компаниялар: Кыргызстандын “Спецэнергострой” акционердик коому, Казакстандын “Алматыэнерго” акционердик коому жана Орустардын “Якутспецстрой” деген 3 компаниялары. Өзү тендерди жүргүзүү эки этап менен жүрөт, биринчисинде ошолордун сунуштары, же болбосо бизнес долбоорлору каралып чыгат. Ошолордун ичинен мыкты деп табылгандары, биздин шартка жооп берет дегендер экинчи этапта жүргүзүлөт да, анда финансы сунуштары каралат. Кайсы компания көп берсе, ошону конкурста жеңүүчү деп табууга комиссиянын укугу бар.
-“Түндүк электрдин” баасы канча болуп жатат ошондо?
Азыр "Түндүк электр" мынча баага сатылат деген чектөө жок.
Өкмөттүн быйылкы жылдын 9-октябрдагы токтомунда “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети баасы белгиленбестен инвестициялык конкурска коюлсун делген. Ошондуктан азыр муну мынча баага сатылат деген чектөө жок. Эгерде берилген сунушу туура келе турган болсо конкурстук комиссия аларды жеңүүчү деп тапса болот. Туура келбесе, жакпай калса конкурстук комиссия эч кандай себебин түшүндүрбөй туруп, каалаган компанияны конкурстан четтетип коюуга укугу бар, эгерде алар биздин кызыкчылыкка, биздин талапка жооп бербейт десе.
- Ошол эле учурда жарандык коом өкүлдөрү, оппозициялык саясатчылар айтып атышат, жогорку бийликтин кысымы менен ушундай менчикке чыгарылып атат деп. Бул тажрыйбаны казак бийлиги да учурунда колдонуп, кийин кайра көптөгөн суммага сатып алган деген да сөздөр айтылууда.
Конкурстун бирден-бир талабы - "Түндүк электрге" 66 млн. доллардан кем эмес инвестиция алып келиш керек.
- Бул токтом кабыл алынып атканда, же болбосо Жогорку Кеңеште кабыл алынганда кандайдыр бир күч жумшалып же болбосо бир кыйноолор жүргүзүлгөнүн биз байкаган жокпуз, булардын баарын депутаттар өздөрү карап, изилдеп чыккан. Мисалы, ушул 4-этапты акыркы 3-4 жыл депутаттар карап, кайра өкмөткө жөнөтүп, кайра иштеп чыгып отуруп кабыл алган. Анан өкмөт өзүнүн чечимин кабыл алды, ал жерде журналисттер да жүрүп атат.
Анан бул жөнүндө, өзүнүн позициясы жөнүндө биздин бир топ жетекчилер оюн айтып эле келе атат, анын жашыра турган эч нерсеси жок. Бүгүнкү күндө эми бул ишкананы менчиктештиришибиз керек, инвесторлорду табышыбыз керек дагы модернизация кылып, көп иштерди жасашыбыз керек. Мисалы үчүн жанагы конкурстун бирден бир талабы - 66 миллион доллардан кем эмес инвестицияны ушул “Түндүк электрге” алып келиш керек.
Тасмада: Жарандык уюмдун 6 өкүлү нааразылык билдирди
Жарандык уюмдардын 6 өкүлү Мамлекеттик мүлк министрлигинин жыйындар өтүүчү залына келишип, “Түндүкэлектр” ишканасына тендер өткөрүү боюнча комиссиядан аталган ишкананы сатпоого чакырып, элдин байлыгын сактап калууга үндөштү. MiT.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.