Шайлоого катышуу ниетин 57 партия билдирди

БШК төрагасы Акылбек Сариев.

БШК төрагасы Акылбек Сариев партиялардан шайлоого катышуу үчүн билдирүү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын, мындай билдирүү жолдогон партиялардын саны 57ге жеткенин "Азаттыктын" түз обосунда айтып берди.
- Парламенттик шайлоого катышуу ниетин канча партия билдирди?

- Шайлоого катышууга билдирүү кабыл алуу мөөнөтү кечээ аяктады. Биз түнкү саат 12ге чейин кабыл алууну жүргүздүк. Анын жыйынтыгында 57 партия шайлоого катышуу оюн билдиришти.

- Булар кайсы партиялар, айрымдарын айта кетсеңиз?

- Көпчүлүгү баарыбызга белгилүү лидерликте жүргөн партиялар. Арасында 7-апрелден кийин катталып, азыр активдүү болуп бараткан саясий партиялар да бар. Эми кандай болоорун убакыт көрсөтөт.

- Каттоо кандай ыкма менен жүрдү?

- Алар жазуу түрүндө өз ойлорун билдиришти. Өзүлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана каражат боюнча, шайлоо боюнча өкүлдөрү тууралуу маалыматтарын беришти.

- Эми шайлоого катышуучу байкоочулар тууралуу сөз кылсак. Буга чейин Орусиядан парламенттик шайлоого байкоочулар келбей турганы жөнүндө сөз болду эле. Азыр байкоочуларга чакыруулар жөнөтүлдүбү?

- Биринчиден, биз чакырууларды жибере элекпиз. Орусиялыктар өзүлөрү айтса ал өз иши. Бирок ага карабай биз Орусияга да чакыруу жиберебиз. Бүгүн-эртеңден чакыруу кагаздары Тышкы иштер министрлиги тарабынан жөнөтүлөт. Орусиялыктар келбесе ал мыйзамга каршы да келбейт, туура да келбейт, ал өз иши.

- Өткөн референдумда шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча жарандык коом менен кызматташуулар болду эле. Мында дагы ошондой аракеттер көрүлөбү жер-жерлерде?

- Биз азыр иш аракеттерди жүргүзүп атабыз. Жергиликтүү бийликтердин милдети шайлоочулардын тизмесин такташ. Биз дагы жардам беребиз, сунуштайбыз, аракет кылабыз.

- Буга чейин айрым партиялар маалымат берип туруучу шайлоо системасы боюнча сунуштарын билдирди эле. Мисалы, «Республика» партиясы шайлоо системасы саат сегизден кийин маалымат бербей калат, ошон үчүн саат 12ге чейин маалымат алып туру боюнча атайын аянт түзүү керек деген сунуш билдирди эле. Негизи эле шайлоо системасынын даярдыгы туурасында айтып берсеңиз?

- Даярдыктар көрүлүп жатат, оюбуздун баарын ишке ашырыш баарыбызга эле түшүнүктүү, кыйын кээде. Бул техникалык себептерге байланыштуу болот. Анын баарын жасайбыз, кыйратабыз дегенден алыспыз. Бирок колдон келишинче иш аракеттерди жасайбыз, мурунку кетирген мүчүлүштүктөрдүн баарын жокко чыгарганга аракет кылабыз. Бирок ошонун баарын биздин шайлоочулар туура түшүнүп, туура кабыл алыш керек, болбогон жерден чыр чыгарбай. Ошондой эле саясий партиялар ошол тартиптерди кабыл алса баары жакшы болот деп ойлойм.

- Шайлоо системасын калыбына келтирүү үчүн канча каражат керек?

- Калыбына келтирүүнүн түрлөрү ар кандай. Балким биздин шайлоо системасы башкалардыкынан жакшыдыр, калыбына келтиребиз деп болжолдоп айта бериштин эч кандай кажети жок. Биринчиден, башка жактагы шайлоо системалары менен салыштырып көрүш керек. Жөң эле эл сүйлөсө кошо сүйлөп, тигини-муну оңдош керек деп айтыштын деле зарылчылыгы жок. Анткени тигини-муну түшүнгөн кишинин ойлору тескерисинче башка болуп чыгышы мүмкүн.

- Бул жолку шайлоодо канча каражат жумашалат?

- Биздин отурум азырынча 138 миллион сомдун тегереги деп бекиттик. Бул жерден райондук, шаардык жана облустук комиссиялардын мүчөлөрүнүн айлыгын кичине карадык. Эгер Каржы министрлиги эске алса, мүчөлөрдүн иштеген акысын төлөп берсекпи деген ойго келдик. Анткени шайлоо өтө оор. Айлыгын төлөп бербесек шайлоо комиссиясынан көп кишилер жакшы иштебей атышат.

- Рахмат.