Президент Жалал-Абат облусунда иш сапары менен болду

  • Ырысбай Абдыраимов

Президент Жалал-Абат облустук телерадиокомпаниясынын жаңы имаратын ачты.20-май, 2009-жыл.

Президент бул иш сапарынын учурунда бир нече өнөр-жай ишканаларын ачып, өлкөдө саясий стабилдүүлүктүн натыйжасында айлык акы, пенсияларды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи. Айрым байкоочулар президент менен болгон жолугушууларга атайын даярдалган гана кишилер чакырылганын айтышууда.
Бүгүн президент Курманбек Бакиев облуста жаңыдан курулуп бүткөн бир нече өнөр жай ишканаларынын тасмасын кесип, Жалал-Абат облустук телеканалынын имаратын пайдаланууга берди. Каражаттын тартыштыгынан 1996-жылы башталган бул курулуш ушу маалга дейре бүтпөй келаткан.

- Айрыкча ушул эки жылда Кыргызстанда саясий стабилдүүлук орноп иш жакшы баратат. Ушул күнгө чейин эгерде мугалимдердин айлыгы, врачтардын айлыгы, укук коргоо тармактарындагылардын иши кылып бюджеттен каржылангандардын баардыгын айлыктарын көтөрдүк.

Өлкө башчысы таш майдалоочу заводдун ачылышына катышып, бул ишканага топтолгон жумушчулар менен казыналык мекемелердин өкүлдөрүнүн, Жалал-Абат шаардык кеңешинин депутаттарынын алдында өлкөнүн социалдык- социалдык жана тышкы саясаты тууралу кеп козгоду:

- Айрыкча ушул эки жылда Кыргызстанда саясий стабилдүүлук орноп, иш жакшы баратат. Ушул күнгө чейин мугалимдердин, врачтардын, укук коргоо тармагындагылардын, иши кылып бюджеттен каржылангандардын баардыгынын айлыктарын көтөрдүк.

Өлкө башчысы соңку эки жылда саясий жаңжалдар тынчыгандан кийин экономиканы өркүндөтүүгө шарт түзүлгөндүктөн чоң курулуштар жүргөнүн жана жолго бөлүнгөн каражат мурдагыдан сегиз жарым эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

1-июлдан тарта элүү пайызга көбөйө турган пенсия, ошого чейин төлөнүүчү дарыгерлер менен мугалимдердин көп жылдык кошумча акылары россиялык кредиттердин эсебинен эмес, өз күчү менен өлкө тапкан акчалардын (соц.фонд топтогон каражаттардын) эсебинен берилерин айтты. Президент мамлекеттик бюджет төрт жылда үч эсе көбөйгөнүн мисалга тартып, тынчтык менен саясий стабилдүүлүк болгон жерге чет элдик инвестиция келээрин эске салды.

Коомчулукта сөз болуп жактан саясий куугунтук маселесин четке кагып, мамлекеттик кызматкерлер кылган кемчиликтери үчүн жооп берүүгө тийиш экендиктерин билдирип, мурда кызматтан кеткенден кийин төрт жолу текшерүү болсо да, таза иштегендиктен өзүнүн жоопко тартылбагандыгын мисалга тартты.

-Кылгылыкты кылып алышып, анан кызматтан кеткенден кийин эле оппозицияга кеттим дешет. Анан иш козголсо эле, мени куугунтуктап алды деген бул туура эмес да.

Мамлекеттик күзөт мекемесинин кызматкерлери президенттин облустагы иш сапарын чагылдырууга барган журналисттерге кыйла тоскоолдук кылышты. Өлкө башчысы Жалал-Абатка келгенге дейре ар бир калемгердин күбөлүк, үн жазгыч, фотоаппараттарын эки ирет текшерип чыгышты. Мындай мамилеге “Акыйкат” гезитинин кызматкери Санжар Эралиев макул болгон жок.

Анын айтымында, президентти жакын жерден сүрөткө тарта албай, анын сөзүн тунук жаздырууга мүмкүнчүлүк берилбеди.

- Чектөөлөр коюлуп жатты. Мен толук кандуу маалымат алган жокмун. Маалымат алуу түгүл сүрөт тартканга деле эч кандай уруксат бербей атты. Анан өздөрү сүйлөп чыгышат “толук кандуу маалыматты жеткирбейт” деп журналистерди күнөөлөп. Президенттин баардык айткан сөздөрүн эстеп, сактап кала албайбыз да. Үн аябай сапатсыз жазылып калды.

Ошол эле учурда аты-жөнүн атагысы келбеген айрым байкоочулар президент барган жерлердеги жолугушууларга мурдатан атайын даярдалган кишилер чакырылганын, анда сүйлөгөн облустун кээ бир тургундарынын сөздөрү да алдын-ала даярдалгандай таасир калтырганын айтышууда.

Өлкө башчысы иш сапарынын соңунда жалалабаттык аксакалдар менен бейрасмий түрдө жолугушту.