М. Кадыркулов: Ынтымак курултайы жасалма түрдө өтчүдөй

Ынтымак курултайынын эн белгиси

Ынтымак курултайына Нарын облусунан шайланган делегаттардын бири Мырзабек Кадыркулов анда алдын-ала даярдалган кишилерге сөз берилип, жасалма жыйын өтөөрү сезилип калды деген пикирде.
Ынтымак курултайынан Нарын облусунан жалпысынан 66 делегат шайланган. Алардын экөө убактылуу бош болсо, анын бири Нарын районунан шайланган Мырзабек Кадыркулов. Ал 2005-жылдан кийин Нарын районунун акиминин биринчи орун басары, Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп иштеп, 2008-жылы Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу чырдан кийин кызматтан алынган.

-Мырзабек, оболу айтсаңыз, делегаттарды шайлоо сиздерде кандай мүнөздө өттү?

-Шайлоо өтө курч мүнөздө өттү. Биздин Миң-Булак айыл округунан сегиз адам талапкер болуп коюлган. Алардын арасында республикага белгилүү коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, айылдагы менменсинген жигиттер, айымдар бар болчу. Ошолордун арасынан мен делегат болуп шайландым.

-Бирок Кемел Ашыралиев Президенттин атайын 150 орунунун арасында делегат болуп киргендиги жарыяланбадыбы?

-Ошо Кемел Ашыралиев өтпөй калгандан кийин Президенттин квотасында 20-болуп кирип жүрөт да. Мунун өзү да көп нерсени каңкуулап турат. Бийлик керек болсо ушундай бийликке тизе бүгүп кызмат кыла турган адамдар менен ушу жасалма курултайды өткөрөөрү алдын ала сезилип калды.

-Сиздин баамда курултай кандай өңүттө өтөт деп ойлойсуз?

- Бул жерде уюштуруу комитети тарабынан 4 багыт боюнча сунуш келип түшүптүр. Анда биринчи багытта ошол эле партиялык кызматта иштеп келген Кайып Калназаров, экинчисинде мурда Жумгалда аким, облус губернатордун биринчи орун басары болгон Эркинбек Аманалиев сүйлөйт деп атышат. Бул бийликтин алдын-ала даярдалган сценарийи боюнча кетип жаткандыгы бештен белгилүү болуп калды. Бүгүнкү күндө жанагы электр баасына карата болгон акциялар, ошол эле элдин бийликке болгон нааразычылыгы жөнүндө бир беткей маселелер айтылбай калат го деген ойдо болуп жатам. Мына элдин 3 жолу чоң толкуну болуп өттү Нарында электр тарифтерин ылдыйлатуу боюнча. Ошондой эле азыркы мамлекет башчысынын мамлекетти башкарууга кудуретсиз болуп калгандыгы, үй-бүлөлүк башкарууга карай өтүп бара жаткандыгы элди кыжырдантып, оор маселе боюнча калууда.

- Сиз курултайдын башкы максаты эмнеде деп эсептейсиз?

- Биз мамлекеттүүлүк үчүн, мамлекетти сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Биз үй-бүлөлүк башкарууну эмес, демократиялуу кыргыз мамлекетин түзө турган, кыргыз элинин улуулугун, ата-бабадан, Манастан келе жаткан биримдигибизди, улуттун ынтымагын сактап калган жакшы аракеттер үчүн бара жаттык эле. Бирок канчалык денгээлде ишке ашат, мен азыр ушул маселе боюнча да кызыктай абалда калып турам.

- Жогоруда сөз сүйлөөчүлөр алдын-ала тапталып жатыптыр дедиңиз. А сизге сөз берилет деп ойлойсузбу?

- Адам болгондон кийин сөз да тийип калышы ыктымал. Бирок сөзсүз тийет деп 100 пайыз ишенбеймин. Сөз берилерине ишенбей эле кетип баратам.

- А балким сөз берилип калса, эмне жөнүндө айтмакчысыз?

- Биринчиден эң чоң маселе ушул элдин нааразачылыгы, электрдин тарифин ылдыйлатуу.Экинчиси, Жетим-Тоо, Ак-Сай, Арпа тууралуу маселелер болмокчу. Мисалы Игорь Чудинов премьер-министр болуп турган кезде өкмөттүн 2008-жылы 16-августта чыккан № 450 токтому бар экен. Анда Жетим-Тоодогу кенди чалгындоого уруксаат берилиптир. Эмне үчүн эл менен эсептешпей туруп ушундай токтом чыгаргандыгы жөнүндө маселе коёт элем да. Кантсе дагы биз жогору жакка көз карандылыгыбызды билгизип жатабыз. Бирок Нарындын эли кайраттуу эл. Баштаган ишин аягына чыгарат деп ишенем.

- Рахмат маегиңизге