Т. Орозалиев: Өкмөт башына тажрыйбалуу инсан келди

“Ак жол” партиясы премьер-министрликке эмне үчүн Данияр Үсөновду тандаганын партия төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Табылды Орозалиев айтып берди.
- Табылды мырза, айтсаңыз, “Ак жол” эмне себептен Данияр Үсөновдун талапкерлигине токтолду? Каралган талапкерлер арасында Чудинов да болгону айтылган. Президент мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун жаман иштебегендигин айткан эле.

- Биринчиден, Данияр Үсөновдун премьерлик кызматка келиши түздөн-түз мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого байланыштуу кадрдык маселе десек жаңылышпайбыз. Себеби бул абдан оор процесс да. Буга биринчи иретте тажрыйбалуу жетекчи керек эле биздин оюбуз боюнча. Мисалы, Данияр Үсөнов Кара-Балта шаарынын аткаруу комитетинен өкмөттүн биринчи вице-премьерине чейин иштеди. Андан кийин Бишкектин мэри болду, президенттин администрациясын жетектеди, Жогорку Кеңештин депутаты да болуп иштеди, бизнести, экономика маселесин жакшы билет. Экинчиден, ушуга байланыштуу жетекчилик сапаттары да бар.

Ал кандай сапаттар? Мисалы, реформага абдан керектүү компетенттүүлүк, чечкиндүүлүк десек туура эле болот болуш керек. Мен ойлом, бул реформаны жүргүзүүдө абдан чоң бут тосуулар болот чиновниктик класстан. Акырын тымызынан байкатпай, билгизбей, негиздүү шылтоолорду айткан чоң бут тосуулар болсо ошого да туруштук берүү керек, ошого байланыштуу Данияр Үсөнов премьерлик орунга келди деп ойлойм.

- Сиздин оюңузча, өкмөттүн жаңы түзүмүнүн башкы өзгөчөлүгү эмнеде?

- Мурун дагы ушундай эле реформалар жүрүп келбеди беле бизде. Бирок анда тармактык принцип болчу. Мисалы, айыл чарба, өндүрүш, анан бөлөк тармактарды айтып, анан ошого карата министрликтер, же конкреттүү кызматтар пайда болчу. Азыркы өзгөчөлүк - өзүнчө бир функциялык багытта кеткенинде. Мамлекет элге кызмат көрсөтөт деп атпайбызбы, кандай кызмат көрсөтөт, мамлекеттин функциясы эмнеде, ошого байланышкан функционалдык багыт менен кеткени жатат. Эң негизи маселе менин оюмча ушунда.

- Өкмөт мүчөлөрү азыр курала элек. Бирок куралып калса ошолордун ичинен азыр оппозицияда жүргөн адамдарды көрүүгө мүмкүн деп ойлойсузбу?

- Андай деле мүмкүндүк пайда болушу мүмкүн. Ал жаңылык эмес да, ал тепкичтен биз өтпөдүк беле. Мисалы Ө.Бабанов оппозицияда жүргөн, кийин ал биринчи вице-премьер болду, ошол эле оппозицияда жүргөн А. Атамбаев премьер болуп иштеди. Эгер көрүп калсак таңкалыштын деле кереги жок.

- Маегиңизге рахмат.