СДП депутаты К. Кадыровдон кол тийбестик алынышы – президенттин ысыккөлдүктөрдүн кайрылуусуна берген жообу катары кабылданууда.
Балыкчы окуясына байланыштуу суралып, соттолуп жаткандардын жана ЖК депутаты, социал-демократиялык партиянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго козголуп жаткан кылмыш ишин токтотуу талабын президентке койгон ысыккөлдүк коомдук-саясий ишмерлердин кайрылуусу 18-сентябрь күнү “Эл сөзү” гезитине басылган. Ошол эле күнү түштөн кийин парламент депутат К. Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратып, анын үстүнөн тергөө жүргүзүүгө уруксат берди.
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, мына ушул көрүнүштүн өзү президент К. Бакиевдин жалпы мамлекетке таанымал, элге кадыр-баркы сиңген коомдук-саясий ишмерлердин кайрылуусуна берген жообун аныктап турат:
-Ысыккөлдүк коомдук-саясий, илимий, маданий ишмерлердин кайрылуусу Кадыровдун депутаттык кол тийбестигин алып салуу боюнча маселенин парламентте каралышына чейин бир нече күн мурун жарыяланып, президентке берилген. Депутаттын кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу “Ак жол” фракциясынын чечимин президенттин жана “Ак жол” партиясынын кайрылуу ээлерине берген жообу катары түшүнүүгө болот.
Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Турдумаматов болсо өткөн жумада мамлекет башчынын атына эч кандай кайрылуу келип түшпөгөндүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Ысык-Көл облусунун коомдук жана саясий ишмерлери кайрылуусун президент Курманбек Бакиевден тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевге, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге да жолдошкон. Кайрылуу ээлери өлкө башчысы мамлекетти жаңылоону ниеттенип жатканда Балыкчыда президенттик шайлоого тоскоолдук кылган деп айыпталып камалган эркек, аялдарды бошотууну, депутат Кубанычбек Кадыровго байланыштуу кылмыш ишин токтотууну өтүнүшкөн.
Белгилүү болгондой, 23-июлда президенттик шайлоодо орун алган мыйзамсыздыктарга нааразылыгын билдирип, Балыкчы мамлекеттик администрациясына келген жерден 23 кишини милиция камакка алган. Алардын ичинен 19 кишиге президенттик шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш аламандык уюштурган деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле социал-демократчы депутат Кубанычбек Кадыровго да “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган”, “милиция кызматкерлерине кол көтөргөн” жана “баш-аламандык уюштурган” деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчү менен парламентке кайрылган.
Жогорку Кеңештин “Ак жол” жана Коммунисттер фракциялары Балыкчы окуясына байланыштуу маселе мыйзамдын чегинде чечилүүсү керек, деп белгилешет. Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керек, дейт:
- Биздин фракция К. Кадыровдон депутаттык кол тийбестикти алуу маселесин карап чыккан комиссиянын жыйынтыгын колдойбуз. Анткени мыйзам алдында бардык жарандар бирдей жооп берүүгө тийиш.
Коомдук-саясий ишмерлердин президентке жолдонгон кайрылуусунда “Азыркы бийликтин аракетин туура эмес деп эсептейбиз. Эл сизден адилеттүүлүктү жана калыстыкты күтүп жатат”, - деп жазылган.
Бирок Кубанычбек Кадыровго карата парламенттин чечиминен соң, эл президенттин адилеттигинен түңүлдү, дейт кайрылуу ээлеринин бири Мукар Чолпонбаев:
- Мына ушул кайрылууну жолдоп, бийликтен бир реакция болот, туура түшүнөт деп күткөн элек. Бирок тескерисинче болуп, бийлик бүт Көлдүн элин “эмне болсоңор ошо болгула” деп койду. Муну менен президенттен эч кандай адилеттик, калыстык күтүүнүн кереги жоктугу анык болуп отурат.
Оппозиция социал-демократчы депутат Кубанычбек Кадыровду жана дагы 19 кишини Балыкчы окуясына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу максатында ар кандай жолго барууга даяр экендигин билдирүүдө. Кыймылдын лидери Алмазбек Атамбаев мунун ичинде бийлик менен сүйлөшүү жолу да каралып жаткандыгын “Азаттыкка” маалымдаган.

"Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев: Балыкчы окуясы боюнча козголгон кылмыш иштери -бийликтин тапшырмасы