Кыргыз саясий элитасынын интеллектуалдык лидерлеринин бири, профессор Бакыт Бешимов жаштар менен көп жолугушат. Алардын ойлору, проблемалары, максат-мүдөөлөрү менен жакындан тааныш. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Кыргыз жаштарынын проблемалары”) алкагында Бакыт Бешимов менен маекти сунуштамакчы.
Бакыт Бешимов: - Мен жаштар менен сүйлөшкөндө “муундар кагылышын” сезбейм. Тетирисинче, кээде өздөрү жаш туруп, чалдардай ойлонгондорду көргөндө, ушундай ыңгайсыз абалда калам. Анткени жаштык бул жөн эле курак эмес, бул – ылдам ойлоно билүү, дүйнөнү өтө кызыгуу менен кабыл ала билүү жана изденүү. Айрым улгайган адамдар дал ушул касиеттерге ээ. Өздөрү кары көрүнгөнү менен ички дүйнөсү жаш адамдарды мен жаш деп атамакмын.
Элеонора Бейшенбек кызы: - Улуу муун азыр жаштарга карата бир топ эле сындарды айтып келет: жалкоо, биздей эмес, көп окубайт дешет. Бул сындарда жүйөө барбы?
Бакыт Бешимов: - Ар бир эле улуу муун жаңы муунга карата ушундай сындарды айтып келген жана айта берет. Азыркы жаштарга байланыштуу менин өзүмдү да кабатыр кылган айрым ойлор бар. Мисалы, алар изденүү менен алдыга умтулбагандай сезилет. Буга чынында алар өздөрү деле күнөөлүү эмес. Анткени биздин тарбиялоо маданиятыбыз өзү чабал. Бизде өтө активдүү жаштарыбыз да бар. Мен алар менен жолуккан сайын, жаңы идеяларын угуп, өзүнчө жаңы энергия алам.
Төрөкул Дооров: - “Активдүү жаштар” демекчи, Кыргызстанда саясатта жаштар аз экени айтылып жүрөт. Жаштар үчүн саясатка жол өзү эмнеден башталат?
Бакыт Бешимов: - Саясатка жол алгач билимден жана аракеттен башталат. Анан эң башкысы – коркпош керек. Кыргыз саясий чөйрөсүндө жаштардын аз экени да алардын бул чөйрөгө кирүүдөн коркуп жатканына байланыштуу болуп жатат. Жакында мен бишкектик жаштар менен жолукканда бир кыз: “Биз оппозицияда да, бийликте да эски саясатчыларды көрүп тажадык”, - дейт. Анан мен ага: “Анда келип, бизди алмаштырбайсыңарбы? Силерди бирөө атайын машинеде, же лифтте саясатка алып келип отургузуп коймок беле? Саясатка аракет аркылуу, күрөш аркылуу келиш керек да”, - деп жооп бердим. Мисалы, “Ак жол” партиясына “жаш лидерлерди” алып келишти эле, бирок алар лидер болуп кеттиби? Саясатка лидерлерди жасалма түрдө алып келе албайсың. Лидер деген элдин ичинен чыккан, тубаса лидерлик касиеттери менен келген жол башчы болот.
Элеонора Бейшенбек кызы: - Кыргыз саясий элитасындагы жаштар чечим кабыл алууга канчалык таасир эте алышат?
Бакыт Бешимов: - Саясаттагы жаштардын таасири анчалык чоң эмес. Анткени алар дагы эле кайсыл бир күчтөрдүн куралы катары гана иштеп жатышканы байкалат. Алар өзүнчө күч болуп чыгып, бир кыймылга ээ болуша элек. Бир топ чет-мамлекеттерде студенттик жаштардын активдүүлүгүн билебиз. Алар жөнүндө сөз болгондо ал мамлекеттердин өкмөттөрү титирей калышат. Бизде андай жок.
Төрөкул Дооров: - Азыр сиз саясатка жол билимден башталат деп өтө бир маанилүү нерсени айтып кеттиңиз. Сиздин эки уулуңуз тең дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин бири – Гарвардда – билим алышканын билебиз. Сиз өзүңүз ата катары балдарыңызды кантип тарбиялайсыз?
Бакыт Бешимов: - Менин балдарым менен бирге, ал жерде миңден ашуун кыргыз жарандары билим алып жатат. Ал эми менин тарбиялоо системам тууралуу сөз кыла турган болсом, ал өтө татаал жана ага чыдаш кыйын. Мисалы, мен үчүн эң оболу тартип, дисциплина болушу керек. Анткени адам өзүн тартипке сала албаса, ал өзүнүн убактысын да башкара албайт, аны туура пайдалана албайт.
Экинчиден, адам башкалар менен сүйлөшүп, башкалар менен тыгыз мамиледе болуп, ошол эле учурда, өзүнүн жеке приоритеттерин, максаттарын алдыга кое билиши керек. Баланын приоритеттерин ата өзүнүн турмуш жолуна, тажрыйбасына жараша карап, туурабы-жокпу - өз пикирин билдириши – бул атанын парызы.
Үчүнчү нерсе, ар нерсеге чыдамкай болуш керек. Турмуш – бул өйдө-ылдый, ысык-суук, турмуш – бул күрөш. Адам өзүн-өзү жеңиши керек, өзүнүн жалкоолугун жеңиши керек. Менин кичине уулум эки жыл бою күн сайын 14 сааттан отуруп, өзүн Гарвардга даярдады. Айткылачы, буга ким чыдай алат? Эки уулум тең үч чет тилде сүйлөйт, спорт менен профессионалдуу деңгээлде машыгат, эки-үч музыкалык аспапта ойношот. Буга чыгармачылык да керек. Мен балдарыма: “Китеп окугула. Бирок аны жөн эле окубай, андагы негизги идея эмнеде, каармандарынын образдары, автордун максаты тууралуу пикир алмашалы”, - дечү элем. Чынын айтканда, начар жазылган китептер көп. Бизде жаштардын көбү ушундай “акыр-чикирди” окуп алып, ага ишенип алышат. Ошондуктан жаштарды окуй турган адабиятты да тандоо маданиятына үйрөтүшүбүз керек.
Анан башкы нерселердин бири – көп ата-энелер өздөрүнүн балдарынын эркин бууп салышат. Бала өз пикирин айтса, “Токто! Сен туура эмес ойлойсуң, жашоону билбейсиң. Мындай туура болот!”, - деп баланын шагын сындырып, эркин тебелеп салышат. Баланы эркин коюш керек, ошол эле учурда балага ата-эне туура багыт бериши зарыл. Мен өзүмдүн аталык парызымды жакшы эле аткарып жатам деп сыймыктана алам. Бирок мунун баары менин эле эмес, көбүрөөк, жубайымдын ийгилиги деп эсептейм.
Элеонора Бейшенбек кызы: - Кыргызстанда прогрессивдүү жаштардын негизги бөлүгү башка мамлекеттерге кетип калышканын айтып жүрөбүз. Сиздин оюңузча, мезгил өткөн сайын алар өздөрүнүн мекени менен байланышты үзүп алышпайбы?
Бакыт Бешимов: - Элеонора, элестетип көрөлү: 10 жылдан кийин дүйнөдөгү ири ишканалардын биринин башына кыргыз туруп калса, биз ал жаңылыкты кандай кабыл алмакпыз? Бул – барыбыз үчүн ийгиликтин бир мисалы, үлгүсү болмок да. Учурунда Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк деңгээлде “жарк” эте чыга келгенде, кыргыздар “Демек, биз да чыксак болот экен” деп ойлонуп калышты.
Биз саныбыз жагынан аз улуттардын катарына киребиз. Ошондуктан азыркыдай интернет заманында өзүбүздү глобалдуу деңгээлдеги процесстерге аралаштырбай, андан оолак болуп калсак, жок болуп кетишибиз ажеп эмес. Чет мамлекеттерге кетип жаткан кыргыздын мыкты жаштары мекени менен байланышын эч качан үзбөйт. Биз бул боюнча армяндардан эле мисал алсак болот. АКШны аласызбы, Франциябы, Индиябы, же Арап өлкөлөрүбү, айтор, баардык жерде армяндардын лоббиси күчтүү болгондуктан көп маселелерде утуп чыгышат. Азыр эми өз өлкөсү Арменияга аябай жардам берип жатышат. Ошондуктан баарыбыз эле Кыргызстанда болушубуз керек деген ойдун өзү туура эмес. Кыргыздын мыктылары дүйнөлүк аренага чыгышы керек.
Төрөкул Дооров: - Кыргыздын мыктылары, сиз айткандай, чет жактарга кетип жатканынанбы, азыр баардык тармактарда өсүү эмес, тетирисинче, деградация болуп жатканы айтылууда. Жаштардын татыктуу билим алууга, татыктуу жумушка ээ болууга, үй-бүлө куруп, жыргал жашоого мүмкүнчүлүгү дээрлик калбай калды. Сиз кыргыз жаштарынын проблемаларынын кайсыларын негизги, тез арада чечилиши керек деп бөлүп алаар элеңиз?
Бакыт Бешимов: - Мен жаштардын эмне үчүн сырт жактарга кетип жатышканын түшүнөм. Алдыңкы жаштар өздөрүнө эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкысы келип жатат, ачык дүйнөдө жашагысы келип жатат. Бир эле мисал, бизде 200 миңден ашуун студент бар. Бирок алардын ашып кетсе, 12% интернет колдонот (айыл жерлеринде жаштардын 100% интенетти колдонбойт десек болот). Глобалдашуу мезгилинде, жаңы технологиялардын заманында интернет зорго өнүгүп жаткан мамлекетте бийлик ага кошумча контролдоо механизмдерин күчөтүп жатат. Ар бирибиздин дарегибизди тактап, артыбыздан жүрүшү керек экен. Мына ушунун барын көрүп жаткан прогрессивдүү жаштар эмне кылышат бул мамлекетте калып?
Менин жүрөгүмдү өйүткөн маселе – мектепте билим берүү начарлагандан начарлап баратат. Биз жылдан жылга өтө начар даярдыктагы абитуриенттерди кабыл алып жатабыз. Мектептердеги окуучуларды карасаңыз, эң жөнөкөй түшүнүктөрдү чечмелеп, айтып бере алышпайт. Буга кошумча: жакында мага академик Василевский (инфекциялык оорулар боюнча адис) кайрылып: “Жолдош депутат, элдин ден-соолугу жөнүндө ойлонуш керек. Эгерде азыр мамлекет энелер жөнүндө, мектептеги жана ага чейинки курактагы балдардын ден-соолугу жөнүндө ойлонбосо, 10 жылдан кийин Кыргызстанда армияга аскер табылбай калат”, - деди. Силер азыркы учурда ушул жөнүндө ойлонгон өкмөттү көрдүңөрбү? Жок!
Төрөкул Дооров: - Мындай боло берсе, Кыргызстан качан өнүгөт деп ойлойсуз?
Бакыт Бешимов: - Кыргызстан биз бийликке келгенде өнүгөт.
Төрөкул Дооров: - Сиз бийликке келебиз деп ишенесизби?
Бакыт Бешимов: - Мен ага ишенем жана толук ишендирип кетем.
Элеонора Бейшенбек кызы: - Жакында Кыргызстанда жаштар саясаты боюнча мыйзамдын долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Ага ылайык, “жаш” деген аныктаманын өзүнө да кескин өзгөрүүлөр киргизилет экен. Мисалы, буга чейин бул катмарга 14 жаштан 35 жашка чейинкилерди кошуп келишкен болсо, эми 30 жашка чейинкилер гана “жаштар” деген катмарга киргизилээри айтылды. Андан сырткары, эгерде буга чейин жаштар социалдык катмар катары бөлүнүп, аларга кандайдыр бир жеңилдиктер берилип келген болсо, эми алар жок боло турганы айтылыптыр. Сиз бул өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?
Бакыт Бешимов: - Мен ушулардын демилгесине таң калбай эле калдым. Биздин башкы аянтыбызга кыргыздын душмандарынын айкелин коюп алышкандан кийин, эмне демек элем? Жаштардын проблемасын чечүүгө келгенде, өтө татаал нерселерди ойлоп чыгуунун, аркы-беркини кошуп-алуунун кереги жок. Жөн гана жаштарга тиешелүү акчаны бөлүш керек. Мектептерде абалды ондош керек, жогорку окуу жайларында бүткүл идеологияны кайрадан карап чыгыш керек. Университет коррупциянын очогу болбой, жаштардын талантын ачып, аны өнүктүрө ала турган жерге айланышы зарыл.
Биз өзүбүзгө-өзүбүз: “Биздин мамлекет жаш таланттардын багыбы же мүрзөсүбү?” деп суроо коюшубуз абзел. Тилекке каршы, бизде азыр жаштардын талантын ача албай калдык. Жаштардын маселесин алардан оолак болуп туруп чече албайбыз. Бул процесс жаштар менен биргеликте жасалышы керек. Ошондо алар кайсыл бир күчтөрдүн куралы болбой, өзүнчө күч болуп чыга алышат.
Төрөкул Дооров: - Бакыт мырза, азыр биз шайлоо алдында турабыз. Саясаттагы эле эмес, жалпы өлкөдөгү жаштардын саясий активдүүлүгүн кандай деп баалайсыз?
Бакыт Бешимов: - Айрым партиялардын жаштары арасында активдүүлүк бар. Бирок жалпы жумурияттагы жаштарды алсак, бир топ себептерден улам алар окуяларга кайдыгер, кош көңүл карашат. Менимче, алар азыр өзгөрүү болоорунан үмүтүн үзүп коюшту го дейм. Бирок аны кайра жандырыш керек. Ошондуктан азыр менин муунумдагы саясатчылардын максаты – жаштарга кенен жол ачып берүү. Стратегиялык максат катары жаштар чечүүчү деңгээлге келсе дейбиз. Мен жакын арада Кыргызстанда жаш, профессионалдуу мамлекеттик бийлик болсо деп каалар элем. Чынында, ушундай катмар келиши керек. Ошондо сөзсүз өзгөрүү болот.
Төрөкул Дооров: - Муну айтып жатканыбыздын себеби – азыр президенттикке талапкерлер үчүн жеке өзүнө жаштардын добушун көбүрөөк алып калуу эмес, жаштарды дегеле шайлоого катышууга кызыктыруунун өзү чоң маселе боло тургандай...
Бакыт Бешимов: - Жаштар шайлоого келбей коюшса, демек, өздөрүнүн келечегинен баш тартканы ошо. Шайлоого алар бирөө үчүн эмес, өздөрү үчүн келишет. Ушуну түшүнүш керек. Келбей коюшса, анда алардын келечеги ошого жараша болот. Эгер биз шайлоодо да уктап отура берсек, келечегибиз өтүп кетет – а биз уктап отура беребиз.