“Бакиев бийликке “Азаттык” аркылуу келгенин унутса да, Ак үй унутпашы керек эле”

ЖК депутаты, СДП фракциясынын өкүлү Роза Отунбаева 18-декабрдагы парламент жыйынында өлкөдөгү сөз эркиндигин абалы тууралуу билдирүү жасап, “Азаттыктын” тегерегиндеги соңку окуяларга токтолду.
Мурдагы күнү Прагадан келген делегация биздин фракциянын депутаттары менен жолугушту. Эшимканов менен жолугушканда ал «Азаттык» президентти катуу сындайт, ошол сынын токтотсо гана обого чыгат, дептир. Нур уулу Досбол менен Ак үйдөгү Эсеналиев Досалы – медиа билерманы, «Бул өлкөдө сөз эркиндигине эч тыюу жок, жасаса, аны УТРК жасап жатат», деп Ак үйдүн көз карашын билдиришиптир. Аны угуп, Мелис Эшимканов бул – президент Бакиевдин тапшырмасы, деп жарылды. Бакиев өзү бийликке 2005-жылы «Азаттык» аркылуу келгенин унутса дагы, 2005-жылы 24-мартта революция болду деп айткандан уялган Ак үй унутпашы керек эле!

55 жыл бою тынымсыз обого чыгып келаткан «Азаттык» акыркы жылдарда 2005-жылдын 24-мартынын алдында үнү буулган, эми ошол окуя дагы бир жолу кайталанып олтурат. Мурда эркин делген гезиттер азыр «кербен жүрө берет, ит үрө берет деген ат менен макала жазышып, жалпы оппозицияны итке, чөөгө теңеп, анын акысына тиражы 5 миңден ашпаган гезиттерин 50 миң нуска менен чыгартып, бекер таратып, Ак үйдөн оңбогондой калем акы алып жаткан кези!

Ал аз келгенсип, Интернет-гезиттер да коркконунан бүрүшүп, тизгиндерин тартып жатышат! Интернетти ооздуктамай аракеттери жүргүзүлүп жатканы бекер эмес, бул бийлик дүйнөгө өзү эле шылдың болбой, кыргыз элин уятка калтырмай болду!

Россияда «Азаттык» үналгысы 24 саат бою ободо! Батыш Медведев менен Путинди авторитардык өлкөгө айландыңар деп бекер эле жакалайт, «Эхо Москвы» деген оппозициялык маанайдагы радиону угуп көргүлө, ал бийлик 1 күндө 24 саат бою, 1 жылда 365 күн бою кандай гана сынга алынбайт! Ал радио жалаң гана Россиянын аймагында эмес, КМШ (СНГ) өлкөлөрүндө да уктурулат. Керек болсо аны «Газпром» каржылайт!

Ал эми бизде сөз эркиндиги бир үй-бүлөнүн курмандыгына айланып, жалпы элибиз ободо бир суткада 2 саат чындыкты айткан радиону укпай, чаңкап турган маалы.

2 күн мурда Би-Би-Си радиосун калыбына келтирген кыргыз бийлиги эми «Азаттыкты» калыбына келтиргенден тайсалдап турганынын кандай себеби бар?

Кыргыздын «бетеге кетсе бел калат, бектер кетсе эл калат» деген накыл сөзүн азыркы бийликтин эсине, бийликтин Мелис Эшимкановдой кулдарына дагы бир жолу эсине дагы бир жолу кайталап салып коёлу.

Анткени адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу түптүү асыл нарктар Ак үйдөгүлөрдүн эсинде Шералынын чокоюндай дайыма сакталып турууга тийиш!